Курбанбай Искандаров: кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо чоң жылыш болду

Курбанбай Искандаров Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыргыз өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдин Бишкекке сапары учурунда кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырымын бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлду. Кыргыз расмийлери чек аранын дээрлик 85 пайызы чечилип калганын билдирүүдө.

Жакында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке расмий иш сапары күтүлүп жатат. Ошол сапары учурунда бул келишимге президенттер кол коюшу мүмкүн. Кыргызстан менен Өзбекстан 1378 чакырым чектешет. Буга чейин чек аранын 320 чакырым талаштуу деп саналып келген.

Кыргыз өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровго кайрылып, өткөөл келишим тууралуу сурадык.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өткөөл келишим

Курбанбай Искандаров: Муну эми ар ким ар кандай берип жатат, өткөөл келишим деп атап жатышат. Бул эми биринчи этап менен 1170 чакырымды тараптар макулдашып, келишим менен бекитип коелу деген сөз. Биринчи жолу өкмөт башчылардын деңгээлинде каралып, бекитилди. Өткөн жылы президентибиз Алмазбек Атамбаев Ташкентке барганда Өзбекстандын президенти менен чек ара маселелерин тезирээк чечүү тууралуу сүйлөшкөн. Ошол тапшырма менен жумушчу топтун деңгээлинде делегациялар бир жыл иш алып бардык. Мунун жыйынтыгы ушул 1170 чакырым болду. Кечээ күнү биздин комиссиянын жумушу абдан татаал, оор болду. 7-8 саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин гана ушул протоколго кол коюлуп, эми келишимдин долбоорун даярдоо боюнча иш алып барабыз. Буюруса президентибиздин Өзбекстанга расмий иш сапары болгону турат. Ошого чейин биз даярдап, иш сапар учурунда кол коюлуп калса жакшы болот эле.

Айбек Абдылдаев: Өткөөл келишим деп жатабыз, кийинки баскычтары кандай болот? Жол-жоболору боюнча кыскача түшүндүрө кетсеңиз?

Курбанбай Искандаров: Картографиялык материалдар, жазуу жүзүндөгү материалдар бүт келишимдин долбооруна тиркелет. Ошондуктан эки тарап тең бирдей даярдашыбыз керек. Биз өзбек тарапты чакырып, 21-августка нота жөнөтүп жатабыз. Андан кийин эки тарап тең мамлекеттик ички процедуралардан өткөрүп чыгат. Ошолордун баары дал келиши керек. Ошондон кийин гана өкмөттө бекитилет, андан соң Жогорку Кеңеш карайт. Бардык деңгээлде каралып бүткөндөн кийин гана келишимге кол коюлуп, Жогорку Кеңеште ратификация болгон соң күчүнө кирет. Ал эми калган тилкелер боюнча жумуш уланат. 209 чакырым такталбаган тилке калды, мүмкүн болушунча кыска аралыкта тактоо аракеттери болот.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдин Бишкекке сапары учурунда кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырымын бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлду.

Айбек Абдылдаев: Ушул тактала элек тилкелер башынан эки тарап тең катуу туруп, өз позициясын бербей келе жаткан оор тилкелер эмеспи? Ала-Букада ушундай жерлер бар эле, Кемпир-Абад суу сактагычы, Сох анкалавынын тегерегинде ушундай маселе болуп жатпадыбы беле?

Курбанбай Искандаров: Сохтун тегерегиндеги жерлер такталып, 1170 чакырымдын ичине кирди. Сох анклавынын айланасында дагы төрт-беш участок бар. Шахимардан, Таш-Дөбө, Чоң-Гара деген анклавы бар да, ушул маселелерди карайбыз. Анан биздин Барак эксклавы каралат. Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы жерлер боюнча дагы карайбыз. Буюруса булар боюнча алдынала сүйлөшүүлөр бар. Чечкенге жолдор бар, кийинки жолугушууларда ушуга токтолобуз. Албетте, бул маселе абдан оор. Чек ара маселеси дүйнөлүк практикада татаал маселе. Кээ бир өлкөлөрдүн бир чиркөөнү 100 жылдан бери талашып чече албай жаткан мисалдарын тапсак болот. Биз болсо эки мамлекеттин ортосундагы 1379 чакырым чек араны карап, 85 пайызын такташып бүттүк. Калган 15 пайызы 209 чакырымды түзөт.

Айбек Абдылдаев: Буга чейин Өзбекстан чек ара маселесинде абдан катаал позицияны карманып келген эмеспи. Эми алар бир аз жумшардыбы? Себеби президенттер дагы, өкмөт башчылар дагы мамилелердин жаңы барагы ачылды деп баа берүүдө.

Курбанбай Искандаров: Эки мамлекеттин президенттеринин жолугушуусунда "мамилелердин жаңы барагы ачылды" деп айтылбадыбы. Бир топ өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Буюруса, чек арадагы мурда көп жери жабылып калган өткөрмө бекеттер боюнча, темир жол боюнча дагы караганы жатабыз.

Тектеш темалар