У. Мусаев: “Көкпар” деп чыккандын артында көп нерсе жаткандай

Улак тартыш
Image caption Улак тартыш

Казакстанда башталган көк бөрү боюнча дүйнөлүк биринчиликте кыргызстандык оюнчуларга коюлган жаңы талаптар катуу талкууга жем таштады. Казак тарап бул оюн эрежеси экенин жүйө келтирсе, кыргыз тарап бул эреже буга чейин айтылбаганын жана андан башка дагы эреже бузууларды байкап жатышканын билдирип чыкты.

Ушундан улам Кыргызстан курама командасы оюндан баш тартып, кийин кайра сүйлөшүүлөрдөн кийин оюнга чыга турганы белгилүү болду.

Астананын "Казанат" ат майданында жүргөн “Көк бөрү” федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов Би-Би-Сиге билдиргендей, кыргызстандык көк бөрүчүлөр кайрадан башынан баштап оюнга чыгат.

Image caption Улакчы

“Азыр улакчылардын маанайы жакшы. Талаш маселе чыкканда Кыргызстандан келгендер эле эмес, бул жактага мигранттар да караан болуп турушту. Бир нече жолу сүйлөшүп талкуулагандан кийин, таканы чечпестен оюндарга чыга турган болдук”,- дейт “Көк бөрү” федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов.

Бүгүн түшкө жуук Кыргызстандык улакчылар “таканын айынан оюндан чыгыптыр” деген кеп желдей тарап, буга Кыргызстандагы реакциялар дагы катуу болду.

Ага удаа эле оюндун алып баруучуларынын бири калыстардын чечимине таянып, “Кыргыз командасы 7-0 эсебинде Монголияга утулду” деп да ат майдандагыларга жарыялап жиберген экен. Муну дароо эле кыргызстандык интернет колдонуучулар арасында “адилетсиз чечим болду” катары баалап, сынга алып чыгышты. Алар ага улай мурунку жылдардагы оюндарда да казактар тарабынан көп кемчиликтер болгонун тизмектеп жиберишкен.

Би-Би-Си Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген кайраткер Жангали Жүзбай Элимхан уулуна байланышып, оюн алдында чыккан кайчы пикирге эл кандай көз карашта болуп жатат деп сурады.

“Кыргыз командасынын оюнга катышар-катышпасын эл уга элекпиз. Бирок менин жеке пикиримде Кыргызстанда “Көчмөндөр оюну” өткөндө да көк бөрү болуп, кыргыз-казак федерацияларынын ортосунда эрежеге байланышкан айырмачылыктар чыкканын өзүм уккан элем. Азыркы болуп жаткан маселе чечилүүгө тийиш. Себеби казак-кыргыздын оюунунун ортосунда айырма болбошу керек. Мына Айтматовдун эле “Гүлсарысын” окуйлучу. Казак-кыргыз көк бөрү тартып, таң-тамашага түшкөнү жазылып атпайбы. Бул жөн жерден эмес”,-дейт Казакстандын маданиятына эмгек сиңеирген кайраткер Жүзбай Элимхан уулу.

Image caption Акыркы жылдары көк бөрү абдан популярдуу болуп келе жаткан ат оюну

Казак тарап оюндун эрежесин кандай өзгөртпөсүн көк бөрүчүлөр андан кыйналбай турганын айткандар да бар. Алар Казакстан бул ат оюунуна башка максатта аракет көрүп, улакты өздөрүнө ыйгаруу аракетин көрүп жатат деп эсептешет.

“Бир нече жолу казактар менен оюнга чыктым. Астанада урдуруп-бердирип ойношуп, катуу жаракат да алгам. Ошол эле оюнда бир оюнчубузга да жөн жерден айып таккан эле. Азыр тайказаны жок ойнойбуз дегени бизге маселе эмес. ага деле эч кандай кыйналбай ойной беребиз. “Көчмөндөр оюну” бүт дүйнөгө таанылгандан кийин алар улакты “Көкпар” кылып өздөрүнө оодаргысы келип жаткандай. Өздөрү бир командага алтыга чейин гана казак оюнчулары кирет дешкен экен. Бизге жеткен маалымат боюнча Монголиянын командасы деп коюп баары эле казактар экен деп жатышат”,- дейт көк бөрүчү Урмат Мусаев.

Көпчүлүк көк бөрүнү тобокели чоң оюн катары билишет. Буга бир топ мисалдарды да саноого болот. Казакстандагы “Дүйнөлүк чемпионаттан” бир жыл мурун көчмөндөр оюндарында кыргызстандык улакчы Манас Ниязов казак тааандашын ат менен катуу урдурган деген жүйөө менен бул жолу оюндан четтетилген. Ал боюнча талкууларга дагы деле чекит коюла элек. 2-3 жыл мурун Астанада өткөн оюнда кыргыз-казак командалары беттешип, ошол учурдагы федерация президенти Канатбек Исаевдин кийлигишүүсүнө карабай кыргыз командасына адилетсиз чечим кылган деген көз караш азыр да айтылып келе жатат.

20 жылдан бери республикалык көк бөрү оюнадарынын алып баруучусу Асылбек Өзүбеков кыргыз жигиттерин бул жолу да чыдамкай болууга чакырып, мындан бир топ жыл мурун өткөн окуяны Би-Би-Сиге айтып берди.

“Мындан бир топ жыл мурун “Волга” эң алдыңкы машиналардын бири болуп турганда Казакстан мелдеш уюштуруп калды. Көрүүчү катары баргам. Бир убакта эле камчылашып киришти. Оюн талаасына чуркап чыктым. Кийимдери камчыдан дал-дал болуп кеткен улакчылыр келип, ойнобой эле колу дешти. Эй, уккулачы! Камчы жебей жүрдүңөр беле? кантип артка кетебиз. Бир саат чыдап койгулачы дедим. Тиштенип туруп, атты буруп оюнга кирп кетишти. Тытышып эле калышты. Көгөрүп атып баш байгени жеңп алышкан”,- дейт Асылбек Өзүбеков.

Оюн учурунда өйдө-төмөн боло келегин айткан айрым интернет колдонуучулар оюндан от чыгат болбой, эки элдин ынтымагы, оюндун келечеги тууралуу ойлонууга чакырык таштап жатышат."ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында түрк элинин салттык спортуна кирген (көк бөрү) оюну боюнча дүйнө чемпионаты 20-28-август күндөрү Астанада өтөт. Казакстан аталган иш-чара жогорку деңгээлде өтөөрүн “The Guardian” басылмасына чейин жарыялаган эле.

Тектеш темалар