"Сентябрь" телеканалы эмнеге экстремизмге айыпталды?

Биринчи май райондук соту "Сентябрь" телеканалык Кыргызстан боюнча көрсөтүүгө жана анын интернетке тароосуна тыюу салды Сүрөттүн автордук укугу Screenshot
Image caption Биринчи май райондук соту "Сентябрь" телеканалык Кыргызстан боюнча көрсөтүүгө жана анын интернетке тароосуна тыюу салды

Башкы прокуратура Бишкектеги жана Жалал-Абаддагы "Сентябрь" телеканалы бир деди. Телеканал өкүлдөрү кийинки инстанцияга кайрыларын айтууда. Экстремизмге байланыштуу кылмыш боюнча сот өкүмү дароо күчүнө кирет.

“Сентябрь” телеканалынын өкүлдөрү прокуратура адашып, башка “Сентябрь” каналын сотко берип алды деп коомду адаштырууда. Мындай билдирүүнү 23-августта Башкы прокуратура таратты. Ал Жалал-Абад жана Бишкек шаарындагы “Сентябрь” телеканалдары бир экенин сотко кайрылаардан мурда Байланыш боюнча комитеттен жана Юстиция министрлигинен тастыктаганын билдирди.

"Заноза" сайты боюнча соттук иштер уланды

Сөз эркиндиги, камоолор, тирешүүлөр же кыргыз жазы

Турат Акимов: "Сөз эркиндиги алгач депутатка керек"

“Ошону менен бирге Жалал-Абад шаарындагы “Сентябрь” каналы аналогдук алып берүүсүн токтотконго чейин санариптик “Сентябрь” телеканалы иштеп жаткан лицензияга ылайык иш алып барган”, - деди Башкы прокуратуранын өкүлү Бакыт Арабеков.

Бишкектеги санариптик “Сентябрь” телеканалынын өкүлү Кайыргүл Урумканова Жалал-Абаддагы “Сентябрь” каналынын мазмунуна бир да тиешеси жок экенин айтты. Эки жактын жетекчилиги да башка болгондуктан, соттун Бишкектеги “Сентябрь” телеканалын жабууну өкүм кылганы туура эмес дейт. Ал ошондой эле кайсы интервью экстремисттик деп табылганын да билбей жатканын, арызданган прокуратура көрсөтпөгөнүн кошумчалады.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption "Медиа полиси институтунун" директору Бегаим Усенова бир эле материал үчүн ММКнын ишин токтотуу мыйзамда жок дейт

Кайыргүл Урумканованын айтымында, 22-августтагы сот жыйынына алар тараптан эч ким катышкан жок. Адвокат барганга үлгүргөн эмес, ал эми башкы редактор ден соолугуна байланыштуу сот залынан чыгып кеткен. Соттун чечимин ал жерге барган журналисттер аркылуу билди.

“Сотто “Сентябрь” былтыры Абдылда Капаровдун Сооронбай жана Асилбек Жээнбековдор Ош окуясын жөнгө салууга бөлүнгөн 3 миллион долларды алган деген интервьюсун жарыялады деп айтылыптыр. Бул экстремисттик материалга жатабы? Бизди ошол боюнча чакырыптыр. Бизге ошону айып катары коюп жатат”, - деди Урумканова.

Ал тапта “Сентябрь” телеканалы кийинки инстанцияга кайрылмакчы. Бирок Биринчи май райондук соту чечим дароо күчүнө кирерин айткан. Ал эми Жалал-Абаддагы “Сентябрь” каналында чыкты делген интервьюдагы Абдылда Капаров ушул жылы июнда жогоруда айткан сөздөрү үчүн жатак абакка кесилген.

“Медиа полиси институтунун” директору Бегаим Усенова соттун чечимин көрбөгөндөн кийин юридикалык баа берүү кыйын экенин белгилеп, ошол эле маалда тараган маалыматка ылайык, телеканалды жабуу боюнча бир катар мыйзам бузууларга байкалганын айтты:

“Азыр суроолор пайда болууда. Соттун чечими кайсы нормаларга ылайык, эмненин негизинде чыкты? Анткени экстремизмге каршы мыйзамга ылайык, материал экстремисттик экенин прокурор дагы, редактор дагы эмес, сот гана аныктайт. Ал жарыяланган учурда экстремисттик материал деп табылган эмес. Материал экстремисттик деген шек жаратып жатса, прокурор адегенде конкреттүү негиздерди көрсөтүп эскертүү берет. ЖМКнын ишин токтотуу боюнча прокурор мыйзам бузуу кайталанып, эскертүү эске алынбаганда сотко кайрылат”.

Бегаим Усенова мыйзамда бир материал үчүн ЖМКнын ишин токтотуу жок экенин кошумчалады. Ал ошондой эле соттун чечими дароо күчүнө кирет деген норма да каршы келгенин, экинчи тараптын даттанууга укугу болуш керектигин белгиледи. Бирок экстремизмге байланыштуу кылмыш боюнча соттун чечими дароо күчүнө кирет.

Социалдык тармактарда “Сентябрь” телеканалы боюнча сот чечимин талкууга алып, ага пикир билдиришүүдө. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков “Сентябрь” акыркы жылы, Өмүрбек Текебаев камалгандан бери активдешкенин айтууда.

“Бүгүнкү күнү коом экиге бөлүнүп калды. Биринчиси бийликти колдогон коомчулук, экинчиси ага каршы турган оппозициялык маанайдагы коомчулук. “Сентябрь” телеканалына экинчи тараптагылар колдоо көрсөтүп жатат. Чынында ал оппозициянын көз карашын чагылдыргандан кийин бийлик тарабынан жабылышын туура эмес деп эсептешибиз керек. Анткени бул сөз эркиндигине, эгемендүү ММКга басым болуп эсептелет”, - деди Би-Би-Сиге Жээнбеков.

“Сентябрь” телеканалы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдики деп таанылган. Бирок ал өзү каналдын түзүүчүсү эмес экенин айткан.

22-августта чечим чыгарган сот “Сентябрдын” ишин токтотууну Байланыш боюнча мамлекеттик агенттикке жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырды.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар