Өз алдынчалыкка 26 жыл: Кыргызстандын багыты

Кыргызстан өз алдынчалыгынын 26-жылын белгилеп жатат Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстан өз алдынчалыгынын 26-жылын белгилеп жатат

Кыргызстан өз алдынчалыгынын 26-жылын белгилеп жатат. Өлкө президенти экономика илгерилеп, элдин жашоосу алда канча жакшырды жана туура жолдобуз деди. Ошол эле маалда мамлекеттин турмушуна активдүү катышкан айрым замандаштар Кыргызстан көз карандысыз, толук жетилген мамлекет боло албай жатат деген ойдо.

Global Finance басылмасынын акыркы эсеби боюнча Кыргызстан жарандарынын жашоо-турмушу боюнча 185 өлкөдөн 148-орунда турат. Анткени ички дүң продукту киши башына 3,5 миң доллардын тегерегинде. Ошол эле Казакстанда киши башына бөлүнгөн ИДП 25 миң доллардан ашык. Кыргызстан тизменин арты жагынан, эң кедей 50 өлкөнүн тизмесине кирсе, Казакстан эң алдыңкы 50 өлкөнүн тобуна жакындаган.

Ал эми Колумбия университети жарыялаган Бактылуулук рейтингинде Кыргызстан 155 өлкөдөн 98-орунда.

Transparency International кыймылынын коррупция боюнча рейтингинде 176 өлкөдөн 136-орунда. Саптын башында турган мамлекеттерде коррупция аз эсептелет.

Кыргызстан: Сөз эркиндигин коргоо чакырыгы

А. Эркебаев: Интеллигенция көртиргиликтен улам башын төмөн кармап жүрөт

Ал эми ичинде жашап, мамлекеттин өнүгүшүнө, багытына көз салган ишмерлердин байкоосу кандай?

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, тарых илимдеринин доктору Зайнидин Курманов өнүккөн өлкөлөрдүн багыты демократия экенин эске алганда, Кыргызстан эгемендиктин алгачкы жылдары тандаган жолунан тайбаш керек эле дейт. Ал азыркы Кыргызстандын айрым өлкөлөргө салыштырмалуу эркин болушу көз карандысыздыктын алгачкы беш жылындагы аракеттин деми деген пикирде:

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Зайнидин Курманов Кыргызстан улуттук баалуулуктарын сактоо менен демократиялык жол менен гана кетиш керек дейт

“Кыргызстан кризистен чыга элек. Отуз жылдан бери бир кризистен экинчи кризиске кирип баратат. Азыр Кыргызстан авторитардык мамлекет болуп баратат, болуп калды десе болот. Мурунку жолго кайтып келебиз десек бизде эч качан жылыш болбойт. Бизде бир гана жол бар, демократия. Көп нерсеге ошол аркылуу гана жетебиз”.

Курманов чөлкөмдөгү мамлекеттер авторитардык делген менен элинин турмушун оңдоп, ички өндүрүмүн көтөрүүгө жетишкенин, Кыргызстан же экономикадан же демократиядан жок калганын кошумчалады.

Ар бир жарандын өнүгүүсү да жалпы өлкөнүн илгерилешине салым кошот.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев эгемендүүлүк менен адам эркиндигинин байланышы тыгыз экенин белгилеп, кыргызстандыктардын бир топ жеке эркиндиктери пайда болуп келатканына көңүл бурду:

Image caption Арйым эл аралык уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым болгонун белгилешкен

“Ушу тапта чет жерге эркин чыга алабаз, эркин соода кылуу укугубуз бар, каалаган жерден билим алууга жетишип келатабыз. Менчикке ээ болуп, укуктарыбызды коргоого аракет кылып калдык. Бүгүнкү күнү эгемендүүлүк менен эркиндигибизди өнүктүрүүгө күрөшүп жатабыз. Толук жетиштик деген даража эч качан болбойт. Ал салыштырмалуу болгондуктан, башка мамлекеттерге атаандашып, рейтингдерге ылайык алдыга жылууга аракет кылып турушубуз керек”.

Кыргызстан демократия көрсөткүчү, сөз эркиндиги боюнча эл аралык уюмдардын оозуна алынчу. Бирок экономикалык же ИДП өсүшү боюнча башка мамлекеттер арасында эч качан секирик жасаган эмес.

Мугалим, филология илимдеринин доктору Лайли Укубаева 1990-жылдарга салыштырмалуу элдин курсагы ток болуп, тамакты тандап жеп калганына кубанат. Ал акырындан өнүгүү жолуна түшүүдөбүз деп ишенет:

“Баары борбордон чечилгендиктен өз алдынча ой жүгүртүп, чечим кабыл алуу тажрыйбабыз жок эле. Ошондуктан дароо жолго түшүп кетүү мүмкүн эмес болчу. Көп кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Эми бир өнүгүү концепциясын таптык деп ойлойм. Эң негизгиси, биз демократиялык мамлекет боло алдык”.

Анткен менен демократияга умтулган өлкө катары таанылган Кыргызстанга эл аралык уюмдар тарабынан акыркы жылы медиатопторго басым болууда, бийликке сын айткандарга иш козголууда, азчылыктардын укугу сакталган жери жок (Human Rights Watch) деген өңдүү сындар айтылды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption СССР ыдырап, Кыргызстан эгемендүүлүк алганда демократиялык багытты тандаган

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев тарыхтын эсебинде кыска, технологиянын бат заманында узун саналган 26 жылда Кыргызстандын алдыга жылган багыттары бар дейт. Бирок ал ошол эле учурда олуттуу мүчүлүштүктөр бар деп эсептейт:

“Президенттик, президенттик-парламенттик болдук. Эми парламенттикке бет алып жатабыз. 26 жыл башкаруунун формасын аныктоого кетиптир. Демек башында ошону аныктап алыш керек болчу. Коомдун өзүнүн өнүгүү этаптары болот. Кайсы башкаруу формасы ылайык дегендердин баары электен өтүп отуруп, бирөөнөн экинчисине өткөн. Ал эми биз феодализмден социализмге өтүп, андан эми каяка барабыз деп, капитализмге өттүк. Ошол сыяктуу азыр дагы кайра парламентаризм бизге туура келбейт экен деп, бир аз чаржайыт болуп турабыз”.

Молдалиев Кыргызстан бир тандаган соң парламентаризм менен илгерилей бериш керек деген пикирде.

Ал бийлик бутактарынан сот системасы көз карандысыз болгондо көп жылыштар байкалат деп ишенет. Анткени кайсы тармактагы маселе болбосун сотко келип такалат. Адамдар ачкачылыкка чыдайт, бирок адилетсиздикке чыдабайт деди Молдалиев.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар