Мьянмадагы окуяга чөлкөмдөгү реакциялар

Грозныйдагы митингдин уюштуруучулары миллиондон ашык адам чогулганын айтууда Сүрөттүн автордук укугу GROZNY TV
Image caption Грозныйдагы митингдин уюштуруучулары миллиондон ашык адам чогулганын айтууда

Мьянмадагы окуяларга байланыштуу Чеченстандын борбору Грозныйда массалык митинг өттү. Анда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров сөз сүйлөдү. 3-сентябрда Москвада Мьянма элчилиги алдында акция өттү. Кыргызстанда болсо Мьянма менен футбол матчы болбой калды.

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаковдун чечими менен 5-сентябрда өтчү Кыргызстан-Мьянма футбол матчы токтотулду.

Эки өлкө 2019-жылдагы Азия оюндарынын тандоо турунда беттешмек. Мындай кабардын алдында эле коноктор менен матч тууралуу маалымат жыйыны уюштурулган. Мьянмалык спортчулар Бишкекке келишкен.

Өкмөт башчынын мындай чечиминин себебин аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Торалиева түшүндүрдү.

“Премьер-министр Сапар Исаковдун чечими Мьянмадагы татаал кырдаалга жана бул маселе боюнча эл аралык чоң резонанска, ошондой эле террордук коркунучка байланыштуу коопсуздукту сактоо максатында кабыл алынды. Муну менен бирге диний кастыктан улам массалык башаламандыктарды алдын алыш үчүн матчты токтотуу чечими кабыл алынды”, - деди Торолиева Би-Би-Сиге.

Image caption Москвадагы Мьянма элчилигинин алдына 3-сентябрда жүздөгөн мусулман чогулду

Ал тапта жергиликтүү маалымат каражаттары матч террордук коркунучтан улам болбой калганын жазышты. Бирок Гүлнура Тороалиева кырдаал көзөмөлдө экенин, тынчсызданууга негиз жоктугун кошумчалады.

“Премьер-министрге тартип коргоо органдарынан маалымат келип, матчты өткөрбөө ылайык экени айтылган”, - дейт Торалиева.

Мьянмадагы кырдаал боюнча Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахматов тынсыздануусун билдирди. Казак басылмалары жазгандай, “Мьянмадагы мусулман коомчулугу боюнча биз олуттуу тынчсыздануубузду билдиребиз” деп билдирген министр. Ал ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары Казакстан 30-августтагы жабык кеңешүүгө активдүү катышканын, Мьянмадагы кырдаалды жөнгө салуучу эл аралык аракеттерди колдоп жатышканын айткан.

Мьянмадагы окуя боюнча Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров оюн кечээ интернетке жарыяласа, бүгүн митинге сөз сүйлөдү. Интернетке тараган видеодогу кайрылуусунда ал Москванын позициясына каршы болуп калышы мүмкүн экенин айтты. Ал ошондой эле бул окуяга үн катпаган көз карандысыз орус ЖМКларын айыптады.

“Дүйнөлүк державалардын лидерлеринен бул кан төгүүнү биротоло токотууну талап кылабыз. Адамзатка каршы кылмышты иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылабыз. Чек араларын жаап, качкындарга жардам берүүдөн баш тарткан өлкөлөрдү жоопко чакырууну талап кылабыз”, - деди Рамзан Кадыров 4-сентябрда Чеченстандын баш калаасы Грозныйда өткөн митингде.

Грозныйдын борборунда бүгүн миңдеген киши митингге чогулду.

Ушундай эле митинг 3-сентябрда Москванын борборунда болуп, жүздөгөн мусулмандар Мьянма элчилигинин алдына келди.

Москвада тартип коргоочулар жолдорду тосуп, кырдаалды көзөмөлдөп турушту. Митингдер намаз окуп, сыйынуу менен аяктады.

Ал эми Кыргызстанда бул окуяга байланыштуу токтогон матч качан өтөрүү белгисиз. Ал футбол эсебинин натыйжасына таасир тийгизиши мүмкүн дешти расмийлер.