Бекназаровго кылмыш иши козголду

Азимбек Бекназаров президенттикке расмий катталган жети талапкердин бири Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Азимбек Бекназаров президенттикке расмий катталган жети талапкердин бири

Президенттикке талапкер Азимбек Бекназаровдун "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда сүйлөгөнү тууралуу айткандары монтаж эмес экени аныкталып, кылмыш иш козголду.

Бул тууралуу УКМК маалымат таратты.

Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматкери Рахат Сулаймановдун Би-Би-Сиге билдиришинче Бекназаровго байланыштуу видео жана аудио тасмалар Алматыдагы көз карандысыз фоноскопиялык экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы кылмыш ишин козгоого негиз болду.

"Бардык сөздөр жана сүйлөшүүлөр Бекназаровго тиешелүү. Бул жерде монтаждын белгилери жок жана өзгөрүүлөр байкалбайт. Бул чогулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө башталды",- деди Сулайманов.

Бекназаровго Кылмыш кодексинин кайсы беренелери боюнча кылмыш иши козголгону азырынча ачыктала элек.

Августта интернетте Текебаевдин сотунда күбө катары берилген көрсөтмө боюнча Бекназаров менен “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү делген аудио тасма тараган эле. Интернет аркылуу жайылган аудио жазууда Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиев делген эки киши камактагы ''Ата-Мекен'' лидери боюнча сотто берген көрсөтмөсү тууралуу талкуулайт. Бекназаров делген адамдын сөзүндө, ал сотто каратып туруп Текебаевдин пайдасына калп айтып, кудайдан кечирим сураганы айтылат.

Көп өтпөй comment.kg порталынын журналист, алып баруучулары Раушан Айткулова менен Александр Никсдорф интернетке видео тасма чыгарышкан. Видеокамера жазып жатканын элес албаган Азимбек Бекназаров биринчи тараган чуулгандуу аудиодогу сөздөрдү кайра айтып: "Сотто жыгылып аткан кишиге, Кудай өзүң кечир деп, калпты айтып чыктым деп мобу балдарга дароо айттым” - дейт.

15-августта Башкы прокуратура бул окуяны териштирүү керек деп УКМКга кайрылган.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бекматов: Катталган талапкеркер катары Бекназаровдун белгилүү деңгээлде иммунитети бар

Ушундай эле мазмунда арыз Раушан Рыкуновадан да келип түшкөнү маалым болду.

"Айткулова арызында Бекназаровдун жалган көрсөтмө бергендиги боюнча видео жазууну да алып келип берди. Ал жерде Бекназаров Текебаев жана "Ата Мекен" партиясынын башка талапкерлери 2010-жылы ал кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болуп туруп, "Мегаком" компаниясынын ишмердүүлүгүнө киришип, ага көзөмөлдү күчөтүү аракетин көргөндөрү айтылган",- дешти УКМКдан.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров 19-июлда "Мегаком" маселесинде айыпталып жаткан Текебаев-Чотонов сотунда көрсөтмө берген эле. Ал жети жыл мурун 13-майда бир нече жыйын өткөнүн, анда өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн 2 млн сом бөлүү боюнча талкуу болгонун эскерген.

Саясатчы Азимбек Бекназаров азырынча ага карат кылмыш ишин козгоо боюнча комментарий бере элек.

Бирок ал 24-августта интернетке тарап кеткен талаштуу аудио, видео жазууларга карата маалымат жыйынны уюштуруп, түшүндурмө менен чыккан.

Бекназаров Камчыбек Ташиев экөөнүн сүйлөшүүсү делген аудиону монтаж деп жокко чыгарып, ага удаа comment.kg порталы жарыялаган видеодо айтылгандар чындык экенин тастыктаган эле.

Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Бекназаров ал тууралуу аудио жана видео боюнча 24-августта түшүндүрмө берген

Экс-Баш прокурор сотту алдадым деп "Мегакомдун" 51 пайызы россиялык Penwell компаниясына эмне үчүн өтпөй калганы тууралуу маалыматты айтканын билдирген:

"2010-жылы биз тергөө иштерин жүргүзүп, Максим менен Алексей Елисеев "Мегакомду" орусиялык Penwell компаниясынан рейдерлик менен тартып алганын тастыктаганбыз. Азыр да "Мегакомдун" 51 пайызын Penwell'ге бериш керек деп айтам. Рейдерлик менен тартып алган Бакиевди жана Елисеевди жоопко тартышы керек. Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда мамлекеттин кызыкчылыгы деп Елисеевден мамлекетке алып койгон. Башкы прокуратура жеке менчикти коргош керек болчу",- деген эле Бекназаров.

Азимбек Бекназаров бүгүнкү күнгө БШК тарабынан президенттикке расмий катталган жети талапкердин бири. Мыйзамдар боюнча ал шайлоо өткөнгө чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбоо макамы бар.

"Президенттикке Боршайком тарабынан расмий катталган талапкерлер кылмышты жасап жаткан жеринен кармалган учурдан башка жагдайларда камалууга жана башка кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес. Себеби, катталган талапкердин белгилүү деңгээлде иммунитети болот", -деди Бобордук шайлоо комиссиясынын жетекчи орун басары Абдыжапар Бекматов.

Тектеш темалар