Акматбек Келдибеков БШК үстүнөн сотко кайрылат

Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков Боршайком үстүнөн сотко кайрылууда
Image caption Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков Боршайком үстүнөн сотко кайрылууда

Президенттикке талапкерлиги катталбай калган экс-спикер Акматбек Келдибеков Боршайком үстүнөн сотко кайрылууда. БШК анын мурда соттолуп, анысы жоюла электигине негиздеп Келдибековду каттоодон баш тарткан.

Бүгүн өткөн маалымат жыйынында Келдибеков бириккен оппозиция – төртилтик тууралуу да токтолуп, анын ичиндеги ажырым тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

“Эгерде мени талапкер катары каттабашыңар башынан эле белгилүү болсо, неге мага мыйзамды ошондо эле тебелеп биринчи күнү эле уруксаат бербей койбодуңар деп сурадым. Эчтеке деп жооп берген жок. “Биз баардыгын сыйладык, андай-мындай”дешип көчөдөгү сөздөрдү айтып атышпайбы”,- деди Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибековду талапкер катары каттабоо чечими 4-сентябрдагы БШК жыйынында кабыл алынган.

Ал буга чейин Баш мыйзамда талапкерлерге коюлчу бардык талаптарды аткарганын айтууда. Мамлекеттик тилди билүү боюнча сынактан өтүп,1 миллион сом эсебинде күрөө акыны төгүп, 54 миң тарапкеринин кол тамгаларын өткөргөн.

Келдибек президенттик шайлоого барарын быйыл 26-майда Алайда жарыялаган.

Бирок парламенттин экс-депутаты, Акматбек Келдибеков Социалдык фонддун мурдагы башчысы болуп турганда коррупциялык иштерге барган деп айыпталып, соттолуп, мамлекетке айып пул да төлөгөн.

13-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирүү таратып, анда Келдибековдун буга чейинки соттолгону эскертилген болчу.

''Бишкек шаардык сотунун чечими менен Келдибековго 10 миллион сом өлчөмүндө айып салынган. Бул өкүм Жогорку соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы чечими менен күчүндө калтырылган. Ал эми айып пул 2016-жылдын 8-ноябрында толугу менен төлөнүп бүттү. КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 76-берененин 3-бөлүмүндөгү 2-пункттун негизинде Келдибековдун соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарылат'', - делет Жогорку Соттун бул тууралуу билдирүүсүндө.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Келдибек президенттик шайлоого барарын быйыл 26-майда Алайда жарыялаган

Мыйзамдарга ылайык, Кыргызстанда соттолгон жаран толук акталмайынча, шайлоого катыша албайт. Келдибеков болсо абакка кесилбегенин, өтө оор айыптар боюнча соттолбогонун жүйөө кармоодо.

Экс-спикер расмий түрдө президенттикке быйыл 18-июлда “Ата Журттан” жылдырылган. Партиянын XI курултайында Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков жана парламенттин экс-депутаты Камчыбек Ташиев президенттикке кош талапкер катары көрсөтүлүшкөн.

“Келечекке карай кадам таштаганда бардык болжолдуу сценарийлерди эске алышыбыз керек. Бул ирээт каршыгып турган күчтөрдүн эмес, өзүбүздүн сценарий менен күрөшүүнү чечтик”,- деген болчу анда Ташиев.

Ал өзү БШК тарабынан бүгүнкү күнгө президенттикке расмий катталган 13 адамдын катарына кирди.

Ошону менен буга чейин "төртилтик" атыккан биримдикке киргендердин Келдибековдон башкасы расмий талапкер болуп катталышты.

7-августта Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, "Өнүгүү-прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев жана "Ата Журт" партияларынын тең төрагалары Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев шайлоо алдында бириккенин жар салышкан.

Төртөөнүн кимиси президенттикке бирдиктүү талапкер болот, үгүт жараянына чукул калса да, али белгисиз.

Буга чейин айрым ММКлар төртил тик ичине жарака кеткенин айтышып, түптөлбөй жатып, ич ара бөлүнүүдө деп жазышкан. Бирок Келдибеков андай сөздөрдү маалымат жыйынында четке какты.

"Төртилтик мүчөлөрү бирдиктүү талапкер алып чыгуу боюнча күн алыс жолугуп, сүйлөшүүлөр өткөрүп жатабыз. Бүгүн да жолугабыз. Ар шайлоонун тактика-стратегиясы бар, ал күндө болуп жаткан шайлоо процессиндеги кырдаалга жараша өзгөрүп турат. Жеңишке жетишүү үчүн ар кандай тактиканы колдонгонго милдеттүүбүз",- деди Келдибеков.

Төртилтик лидерлери түзгөн жаңы "Кайра жаралуу" саясый партиясы 11-сентябрда өзүнүн курултайын өткөрөт.

Тектеш темалар