Добуш соодалоо - кылмыш

Шайлоого карата добуш сатып алуу фактысы боюнча Боршайкомго бүгүнкү күнгө бир да арыз келип түшө элек Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Шайлоого карата добуш сатып алуу фактысы боюнча БШКга бир да арыз келип түшө элек

Шайлоого карата добуш сатып алуу фактысы боюнча Боршайкомго бүгүнкү күнгө бир да арыз келип түшө элек. Бирок байкоочулар бул жолку шайлоодо деле добуштарды сатып алуу фактылары орун алат деп кооптонуп атышат. Тажрыйба көрсөткөндөй электоратты акчага сатып алуу аракети өлкөдө өзгөчө шайлоо күнү күчөйт.

Бул себептүү "Таза шайлоо" ассоциациясы Боршайком мененен бирдикте добуштарды сатып алууга каршы маалыматтык кампания баштады.

"Добуштарды сатып алуу боюнча көп эле фактылар аныкталат. Бирок мыйзамдардагы мүчүштүктөрдөн улам бир да иш сотко жеткен эмес. Мыйзамдарга ылайык добуш сатып алууга карата 300 миңден 500 миңге сомго чейин айып пул салса болот",- деди "Таза шайлоо" ассоциациясынын төрагасы Тагир Осмоналиев.

Кылмыш жана жаза кодексине ылайык добуш соодалоо фактысы аныкталса, айыптууларды беш жылга чейин эркинен ажыратуу да каралган.

Кыргызстанда шайлоо астында талапкерлер жер-жерлерде тойлор өткөрүп, анда элге бекер-тамак аш-таратып, белек-бечкегин кошо берип, көңүл алышат.

Каржыга байланган шайлоолор

Буга чейинки шайлоолордо элге бекер тамак-аш: ун, туз, суу май таратуу көрүнүштөрү болгон. Добуш берүү кышка жакын өтсө, отун-суу, көмүр түшүрүп бергендери да болгон. Ал тургай өтүк таратып, анын бир кончун азыр берип, экинчисин шайлоодон кийинкиге калтырган талапкерлер болгону да айтылып жүрөт.

Заман өзгөрүп, электорат добушун сатып алуунун жолдору да өзгөрүүдө. Эми айрым талапкерлер мобилдик жүктөмөлөр аркылуу элге чыгып, анын пайдасына үгүт билдирүүлөрүн тааныштарына тараткан адамга бирдик жүктөп берүүнү убадалап жатышат.

Бирок эскиче ыкмага салып, элдин добушун сатып алуу аракети быйыл да орун алып жаткан өңдүү.

9-сентябрьда YouTube видехостинге Т.Турдубеков аттуу колдонуучу видео жүктөп, ал жерде аты-жөнү, жашаган жери көрсөтүлбөгөн карыяга талапкерлердин бирөөсүнүн тарапкерлери 234 адамдын добушу үчүн 250 миң убадалаганы айтылат. Акчанын жарымы алдын ала берилип, калганы шайлоодон кийин убадаланган.

"Калганын шайлоо өткөндөн кийин добуштарыңарды эсептеп туруп, 100 миң беребиз дейт. Мен силер андан кийин бербейсиңер дедим", - дейт видеодогу киши.

Мыйзам неге иштебейт?

Электоратты акчага сатып алууга каршы мыйзам мурдатан эле бар, бирок аны ишке ашыруу механизми, рычагы жок болуп жаткандыктан аны ооздуктоо мүмкүн болбой жатат дейт БШК өкүлү:

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бекматов: Добуш сатып алууга каршы мыйзамды ишке ашыруу механизми жок болууда

"Былтыр Кылмыш жана Административдик кодекстерге добуштарды сатып алууга каршы чаралар каралган өзгөртүүлөр сунуш болгон, бирок ал парламентте экинчи окууда өтпөй калды. Азыр болсо мындай чаралар башка бир мыйзамдын алкагында каралып жатат. Эгер ал кабыл алынып калса добуш сатып алуу жана дмин ресурсту колдонууга так механизм болот эле",- деди Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчи орун басары Абдыжапар Бекматов.

Ал үгүт маалында добуш сатып алуу болобу, же жергиликтүу бийлик тарабынан басып көрсөтүү аракеттериби, кандай гана мыйзам бузуу фактылары болбосун байкаган жарандарды тартип коргоо органдарына арыз менен кайрылуусун суранды.

9-сентябрда Бишкекте президенттикке айрым талапкерлер чогулуп, шайлоодо добуш сатып алуу сыяктуу таза эмес технологияларды колдонбоо жана ага каршы күрөшүү үчүн "жигиттик" келишимге келишип, меморандумга беш киши: Сооронбай Жээнбеков, Таалатбек Масадыков, Токтайым Үметалиева, Арстанбек Абдылдаев жана Арсланбек Малиев кол койгон.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар