Эльмара Турсуналиева: Жыйырма ырчы жалдап, жыйырма киши топтой албаган талапкерге да иштегенбиз
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Эльмара Турсуналиева: 20 ырчы жалдап, жыйырма киши топтой албаган талапкерге да иштегенбиз

Бул жолку президенттик шайлоодогу күрөө акы эле эмес, ага карата талапкерлер чыгымдары да алда канча көбөйгөнү айтылууда.

Айрым байкоочулар шайлоо кампаниясына реалдуу талапкерлердин капчыктары бери дегенде 3 миллион, ашыгы менен дегенде 10 миллион долларга чейин кагыларын болжоп жатышат. Ошентсе да шайлоо чыгымдарын бухгалтердик эсепке салуу кыйын.

Кабарчыбыз Абдыбек Казиев бир нече жолку шайлоолордо алып баруучулук кызматты өтөгөн Эльмара Турсуналиеваны чакырып, аңегмелешти.