Эльмара Турсуналиева: Жыйырма ырчы жалдап, жыйырма киши топтой албаган талапкерге да иштегенбиз

Э. Турсуналиева: Эми биздин саясий ишмерлерибиздин жеке аброю качан бийиктейт билбейм. Качан алар ырчы-чоорчулардын кызматына муктаж болбой калат деген ой мени дагы түйшөлтөт. Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Э. Турсуналиева: Эми биздин саясий ишмерлерибиздин жеке аброю качан бийиктейт билбейм. Качан алар ырчы-чоорчулардын кызматына муктаж болбой калат деген ой мени дагы түйшөлтөт.

Бул жолку президенттик шайлоодогү күрөө акы эле эмес башка чыгымдар да алда канча көбөйгөнү айтылууда. Ошентсе да шайлоо чыгымдарын бухгалтердик эсепке салуу кыйын. Себеби көрүнө да, көмүскө да көп каражат жумшалаары көп талкууланган эле.

Шайлоодо негизги чыгымдардан сырткары ырчы-чоорчуларга да оңбогондой чоң акча кетээри айтылып жатат. Айрым аткаруучулар шайлоодо бир айлык үгүт ишине отуз миң доллар аларын жазып чыгышты

Кабарчыбыз Абдыбек Казиев бир нече жолку шайлоолордо алып баруучулук кызматты өтөгөн Эльмара Турсуналиеваны чакырып, аңегмелешти.

Э. Турсуналиева: Талапкерлер өзүлөрүнүн атын чыгарыш үчүн эл топтоого кылган далалаты. Эми саясатта негизи "күйөрман" деле жок да. Ал түгүл өзүнүн жактоочулары дагы анын жеке аброю учун келбестигин канча жылдан берки үгүт иштери далилдеп жатат. Мындан жыйырма жыл мурун дагы ырчы-чоорчусуз чогулуштарга эл басып келчү эмес. Бул көрүнүш азыр да өзгөруп кеткен жок. Ошондуктан, саясатчылар биздин аткаруучуларыбызга оозунан чыккан очойгон гонорарды берип, алардын аркасынан элди топтоого аргасыз. Эл чогулгандан соң кадимкидей эле элди милиция менен курчап алып, эч кимди чыгарбай, ошол келген элди сүрөт, видеого тарта салып, "мен үчүн чогулган эл" деп атап атышкандарын мен толук ишеним менен айта алам.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Буга чейинки шайлоодо да ырчы-чоорчулар топ-тобу менен иштешкен

Би-Би-Си: Муну сиз менен кызматташып жүргөн ырчылардын баары эле билишсе керек. Ырчылар бул тууралуу өздөрү кандай ойдо?

Э. Турсуналиева: Албетте! Биз бул тууралуу кадимкидей эле талкуу кылабыз. "Мен баланча жакка барганда баланча эл чогулуп келди. Партиянын лидеринен эмес, менден келип кол тамга алышты. Ал мага келатканда тигиге эч ким барбай койду" -деген сөздөрдү биз өз-ара сырдакана сөз кылып талкуулайбыз. Ар кандай айла-амалдар колдонулат. Концерттик программа аяктап, лидер келип, эл менен жолугат. Ал жолугуп атканда ырчыларды стадиондон чыгарбайт. Себеби, ырчылардын кетип баратканын кбайкап калса эле эл алардын артынан жөнөйт. Аларга ырчынын кол тамгасы же чогуу сүрөткө түшкөнү кызык. Ошондуктан, лидерлер кеткенден кийин биз алардын аркасынан чыгабыз.

Би-Би-Си: Үгүт маалындагы кызыктуу окуялардан эмнелерди айтаар элеңиз?

Э. Турсуналиева: Биздин топ мурунку президенттик шайлоодо бир талапкер менен иштедик. Аты-жөнүн атабайм. Анын үгүтчүлөрү аябай жаман иштешкен. Ал киши аябай колунда бар экен. Президент болгусу келди. Болооруна көзү жетпесе дагы акчасын аябай чачты. Бизде өтө кымбат турган эн сонун жарык, шумдук сахна бар эле. Ал атайын камаз менен ташылып жүрчү. Саханын өзүн эле кеминде он киши даярдачу. Эң мыкты ырчылар жүрүштү. Бирок, агитаторлору өтө начар иштеп, биз барган жерлерге ырчылардан да аз адамдар чогулуп калып атышты. Жыйырма ырчы жалдап, жыйырма киши топтой албаган учурлар болду.

Андайда же лидер чыгып сүйлөй албайт, же биз концерт коё албайбыз. Ошентип барган 5-6 жерибиз сайда-саны жок калган. Президентке талапкер дагы өзүн аябай жаман сезген. Биз андан бетер. Бирок, келишим түзүлгөндөн кийин акчабызды толук алдын ала алып алганбыз. Ошондуктан, "уят" деп аргасыз баардык жакка чыгып аттык. Тал-терекке ырдап жаткандай эле болгонбуз. Бул президент болом деген киши эмес, жаңы чыгып келаткан жаш талантка да уят нерсе.

Image caption Эльмара Турсуналиева: Бирок эмнеге бул нерсеге кызыгып ырчылар кетишет? Гастролго чыкканда канча билет сатылды, каякка жарык коюлду, барган жерим жумшакпы, жылуубу деп тоодой чыгым тартышат.

Би-Би-Си: Шайлоону бир гана үгүтчүлөр менен талапкерлер гана эмес, шоу-бизнес өкүлдөрү да абдан эңсеп, акча таап калууну көздөп калгандай. Бул жолу кандай болуп жатат?

Э. Турсуналиева: Бул жолу мага сунуш түштү. Бирок, мамлекеттик теле-радиодо иштегендер үчүн жетекчилик чечим чыгарды. Эч ким талапкерлер менен иштебейсинер деп талап койду. Эрежеге баш ийип, иштей алган жокмун. Биздин кандидаттардын көбү дагы обун таппаган кишилер. Бирөөсү мал базарга концерт кой десе, бирөөсү автовокзалга концерт кой дейт. Ал тургай бирөөнүн ашы-тою болуп атса ошол жакка концерт койгула деп мажбурлашат. Ошентип, жүдөп-какагандан көрө Бишкекте эле тойлорго иштеп акча тапса болот.

Image caption Э. Турсуналиева: Жакында эле "Эмгек синирген артист" наамын алгандарга эл келеби-келбейби билбейм. Бирок, баары бир кол ийрисине тартат болуп аларга дагы өтө эле чон суммадагны гонорарга төлөнөөрүн угуп таң калдым.

Бирок эмнеге бул нерсеге кызыгып ырчылар кетишет? Себеби, бул нерсенин дагы психологиялык жагдайы бар. Шайлоого иштеген абдан ыңгайлуу. Гастролго чыкканда канча билет сатылды, каякка жарык коюлду, барган жерим жумшакпы, жылуубу деп тоодой чыгым тартышат. А шайлоодо иштегенде гастролдун түйшүгүн тартпастан, жыргап ойноп жүрүп келишет.

Би-Би-Си: Эгер сыр болбосо быйыл эң төмөнкү жана эң жогорку гонорар канча болуп жатыптыр?

Э. Турсуналиева: Мисалы, Гулнур Сатылганова, Мирбек Атабеков эн жакшы гонорарга кетиптир. 30-40 мин доллардын тегерегинде болду. Жакында эле "Эмгек синирген артист" наамын алгандарга эл келеби-келбейби билбейм. Бирок, баары бир кол ийрисине тартат болуп аларга дагы өтө эле чон суммадагны гонорарга төлөнөөрүн угуп таң калдым. Мисалы, Самара Каримова, Гулжигит Сатыбековдор дагы абдан чоң гонорарга кетишиптир. Себеби, бул жерде деле тааныш-билиш.

Би-Би-Си: Дегеле, бул жерде төлөөнүн тартиби кандай? Сиздерге накталай береби, сиздер кайра квитанция бересиздерби?

Э. Турсуналиева: Бул жерде ар кимдин документтешкени ар кандай. Мисалы, кимдир бирөөнүн таякеси, кимдир бирөө кудасчы болот. Ал эми кимдир бирөө менен кадимкидей жеке келишим түзүлөт. Ошонун негизинде паспорттун копиясы берилип, кол коюп алышат. Мен бир-эки жолу иштегенимде ошентип кол коюп, кадимкидей кассадан барып алгам. Баарыныкы бири-бирине окшош эмес.

Би-Би-Си: Эл да саясатчылар да бул этаптан качан өтөт деп ойлойсуз?

Э. Турсуналиева: Эми биздин саясий ишмерлерибиздин жеке аброю качан бийиктейт билбейм. Качан алар ырчы-чоорчулардын кызматына муктаж болбой калат деген ой мени дагы түйшөлтөт. Анткени, мындан жыйырма жыл мурун биз ак көйнөк, көк көйнөк көтөрүп алып "кокуй, баланчадан мыкты киши жок" деп жүрсөк, азыр деле ошол кейипте. Саясатчыларыбыздын аброю көтөрүлгөн жок. Баягыдай эле саясатчылардын аброюн жабуу үчүн жер кыдырып, эл топтоп, биз жүрөбүз.

Тема боюнча башка макалалар