Атамбаевдин Сочиге сапары орус басылмаларында

Атамбаев менен Путин эки өлкө өз ара кызматташтыгын талкуулады Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаев менен Путин эки өлкө өз ара кызматташтыгын талкуулады

Президенттик мөөнөтү бүтүп бара жаткан Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдында Россияга болгон расмий сапарын орус ММКлары да чагылдырды. Басылмалар Атамбаев КСДП талапкери Сооронбай Жээнбеков боюнча Кремлдин алдынан дагы бир жолу өтүп, "макулдугун" алып, көндүрүү аракетин жасады дешүүдө.

Жээнбеков эмнеси менен Россия жакпашы мүмкүн? Андан башка кайсы талапкерге жүзүн бура алат?

Талапкерлердин баары орусиячыл саясатчылар

"Независимая" гезити Атамбаев Россияга мураскери Сооронбай Жээнбековдун келечек тагдырын талкуулаганы келгенин жазып чыкты. Басылма бул маселеде эки өлкө башчысы июнда эле Атамбаевдин буга чейинки Россияга болгон сапарында пикир алышканын эскертип, Атамбаев анда Жээнбеков боюнча колдоо сөз уга алган эмес көрүнөт дейт.

Басылма 13 талапкер ичинен реалдуу деп төрт кишини ысымын атап, аларга: бийлик талапкери Сооронбай Жээнбеков, "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, мурунку өкмөт башчы Темир Сариев жана "Өнүгүү-Прогресс" лидери Бакыт Төрөбаевдердин ысымдары аталды.

Саясат талдоочу Даниэль Кадырбеков расмий Москва үчүн талапкерлерден кимиси утуп чыгат, анчалык маанилүү эмес дейт:

"Азыр биздин саясий талаада Россиядан башка альтернативалык же андан башка жол көрсөтүп, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын издей турган саясатчылар деле жок. Бардыгы пророссиялык саясатчылар болууда. Ошон үчүн Россия үчүн деле айырмасы жок, кимиси болсо, ошонусу болсун деген саясат", - деди Кадырбеков.

Ал Атамбаевге өз саясатын улантуу үчүн мураскерине Россия тараптан колдоо алышы маанилүү болуп турат деген пикирде.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Жээнбековду КСДП 15-июлда президенттикке талапкерликке жылдырган

Орус ММКларында Жээнбековдун дарегине карата мындай нерселер биринчи эле жолу жазылып жаткан жери жок, бирок анын шайлоо штабы айтылгандар боюнча реакция жасаган учуру белгилүү эмес.

Сапар Исаков тууралуу да макалада орун берилип, ал гүлөнчү таризинде мүнөздөлүп, 2009 - жылы ал Кыргызстандагы америкалык аскер базасынын чыгарылышына каршы чыкканы эскертилип, батышчыл саясатчы катары сыпатталган.

"Коммерсанть" басылмасы Сооронбай Жээнбеков шайлоодо жеңилип калса, Атамбаев үчүн Өмүрбек Бабановдун утушу деле ыңгайлуу болот, себеби ал компромисстүү фигура деп атады. Атамбаев өзү деле буга чейин августта президент катары соңку маалымат жыйын уюштуруп, анда "Жээнбеков болбосо, мен Бабановду колдомокмун" деген.

Бабанов ал үчүн ыраазычылыгын көп өтпөй эле билдирип, парламенттеги анын "Республика" фракциясы Атамбаев сүрөгөн Сапар Исаковдун премьер-министрликке талапкерлигин колдоп бергени жазылат.

Россияга күнкарама кыргыз саясаты

Кыргызстан өзүн эгемен өлкө катары жарыялагандан бери 25 жылдан ашса да, сырткы саясатта Орусияга артыкчылык берип, ага таянып, маанилүү чечимдер кабыл алаарда анын алдынан өтүүнү адат кылган.

Бул жолку президенттик шайлоо алдында да кийинки президент болчу талапкерлер Россия ''кароосунан'' өтүп жатат шекилдүү.

Айрым талдоочулар Россия Кыргызстандагы шайлоолорго түз болбосо да, кыйырынан таасир эте аларын танышпайт.

Эгемендиги бар, бирок олуттуу маселелерде Россияга кылчактап саясат жүргүзүүнүн себептери эмнеде?

Кыргызстан толук Орусия таасиринен чыгуу үчүн, ачык айтылбаган, бирок тобокелчиликтер бар дейт саясат талдоочулар.

''Орусиянын агрессивдүү тышкы саясаты бар. Жакында эле болгон окуяларды карасак, Грузия өз алдынча иш кыла баштаганда Орусия коркутуп 2008-жылы согуш кылды. Андан кийин Украина өз кызыкчылыгында саясат кыла баштады эле, жыйынтыгы Донецк-Луганск конфликтиси башталды. Ушинтип саботаж кылып, Россия күч менен таасирин кармап калганга аракет кылып атат'',- деди Япониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү, саясий илимдеринин магистри Даниэль Кадырбеков.

Image caption Кадырбеков: Россия күч менен таасирин кармап калганга аракет кылып атат

Кыргызстанда шайлоо 15-октябрда өтөт, ага 13 талапкер ат салышууда.

Шайлоодо Кремль бир гана талапкерге эле камчы чаппайт дейт саясат талдоочу Сейтек Качкынбай:

"Мамлекеттик институттары күчтүү өлкөлөрдө "тышкы күчтөр ички саясатка таасир этеби?" деген суроонун берилиши күлкүлүү нерсе. Бирок, тилекке каршы, кыргыз реалдуулугунда, биз биз-пост колониалдык мамлекетпиз. Кыргыз Республикасынын мурунку кожоюну болуп жүргөн колониянын ээси деле түздөн түз таасир этпейт. Алар деле бүгүн прагаматик болуп калган, бир кишиге ставка коюшпайт. Алар сөзсүз мындай диверсификация кылып, ички факторду толук көзөмөлдөй албаган үчүн, мындайча айтканда, ар бирине торттун үлүшүн бөлүп бериши мүмкүн",- дейт саясат талдоочу.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар