Кош жарандуулук убадасы кайрадан талкууда

Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 500 миңден ашат.
Image caption Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 500 миңден ашат.

Президенттикке талапкерлердин айрымдары Кыргызстанда кош жарандуулукту мыйзамдаштаруу сунушун айтып жатышат. Бул маселе буга чейинки парламенттик шайлоо алдында дагы көтөрүлүп, ишке ашкан эмес. Мигранттар үчүн кош жарандыкты камсыздоо убадасы канчалык реалдуу?

Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 500 миңден ашат. Эки өлкө кош жарандуулукту тааныбаганы менен иш жүзүндө эки тараптын тең паспортун көтөрүп жүргөн кыргызстандыктар миңдеп саналат. Бул маселени жеңилдетүү, кош жарандуулукту таануу демилгеси буга чейинки парламенттик шайлоо алдында көтөрүлсө, бул ирет да президенттик шайлоо алдында талапкерлер тарабынан убада кылынууда.

"Республика-Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов үгүт иштерин жүргүзүп жаткан учурда кыргыз мигранттары үчүн кош жарандуулук маселесин чечип берем деди:

"Кудай буюрса президент болуп шайланып калсам сөзсүз түрдө Кыргызстандын кош жарандыгын беребиз. Алар парламентке шайланууга, жергиликтүү бийликке шайланууга мыйзамдуу түрдө жол ачылат".

Мигранттар үчүн кош жарандыкты камсыздоо убадасы алгачкы жолу айтылып жаткан жок. Андыктан алардын айрымдары муну жөн гана шайлоо алдындагы добуш топтоо далалаты деп баалоодо. Ошого карабастан бул убада мигранттарды мекендеги саясий процесске активдүү аралаштырабы же кайра алыстатабы? Бул суроо менен "Замандаш Ассоциациясынын" өкүлү Азамат Айтбаевге кайрылдык:

"Бул шайлоо алдында эле саясий күчтөрдүн программасында камтылган нерсе. Тилекке каршы, шайлоодон кийин биздин мекендештерди ойлогон эч ким жок. Биз алардын жиберген акчаларынын гана көрсөткүчүн билебиз, карайбыз. А чынында мигранттарга камкордук кылуу, мекенге кайтып келгенде инвестициялык шарттарды түзүп берүү маселесин эске албайбыз. Куру убадаларга ким ишенет, ким ишенбейт аны ар ким өзү билет".

Image caption Кош жарандуулуктун мыйзамсыз жана мыйзамдуу жактары тууралуу талкуулар көп жылдар бою айтылып келаткан маселелердин бири.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, кош жарандуулукка жол ачылган. Бирок анын юридикалык жана эл аралык механизмдери иштелип чыккан эмес дешет адистер. Маселен, 2010-жылкы Конституцияда Кыргызстан катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдер жана мыйзамдар боюнча өз жарандары башка өлкөнүн жараны болушун тааныйт. Бирок кыргыз тарап ушул күнгө чейин бир дагы өлкө менен кош жарандуулук тууралуу келишимге кол коё элек.

"Баш мыйзамдын 50-беренесинде кош жарандуулук тууралуу жоболор бар. Учурда көпчүлүк жарандар Орусиянын жарандыгын алган. Экөөнүн тең жараны болуп, кенен жүрүү, өлкөнүн бүт окуяларына активдүү катышуу үчүн кыргыз тарап Орусия менен жогорку мамлекеттик деңгээлде келишим түзүшү керек. Кош жарандык алган кишинин дагы мамлекеттин астындагы милдеттери бар. Мисалы, салык төлөө, армияга баруу, мамлекеттик кызматка кирүү боюнча маселелер", - деди Юридикалык илимдердин доктору, серепчи Бекболсун Бөрүбашев.

Кош жарандуулуктун мыйзамсыз жана мыйзамдуу жактары тууралуу талкуулар көп жылдар бою айтылып келаткан маселелердин бири. Ошентсе да учурда дүйнөнүн он бештей өлкөсү кош жарандык мыйзамын тааныйт.