Кыргыз өкмөтү "Лигласс" компаниясы менен келишимди токтотушу мүмкүн
- Абдыбек Казиев
- Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Чехиялык "LiglassTradingCZ, SRO" компаниясы Кыргызстанга убада кылган 37 млн долларды качан төлөй турганын так айткан жок.
Чехиялык LiglassTrading компаниясы Кыргызстанга убада кылган 37 млн долларды төлөй албай турганын билдирип, кошумча убакыт сурады. Кыргыз өкмөтү аталган компания менен болгон келишимден чыгышы мүмкүн экени айтылууда.
Кыргызстандын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев чех инвесторлору 37 миллион долларды төлөбөй турганына көзү жетип калганын жана ал үчүн өзү жоопкерчилик да тартууга даяр экендигин айтууда.
Бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында "Лиглас" компаниясынын ээси Михаэл Смелик ар кандай каралоо жүрүп, ишине тоскоолдук жаратканын айтып, муну капилеттен чыккан иш (форс мажор) болду деп атады. Ал бул долбоор үчүн бүгүнкү күнгө чейин беш миллион доллар коротуп жибергенин да кошумчалады
Ошол эле учурда компания өкүлдөрү Кыргызстанда Эдил Байсалов баштаган бир нече адам жана чехиялык үч-төрт журналист аларды жөнү жок каралап жаткандыгын билдиришти.
"Такталбаган маалыматтардан улам Лондондогу банк бизди каржылоодон баш тартты. Европадагы Unicredit банкындагы кырктай эсебибиз текшерүүгө алынып, эч кандай операция кыла албай жатабыз",- деди Михаэл Смелик.
Ага удаа маалымат жыйынын өткөргөн Эдил Байсалов компаниянын ээси тарабынан ага айтылган дооматтарды кескин сындап, четке какты.
"Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон ишти биз көчөдөн эле келип калган кайдагы бир шылуундарга карматып койбошубуз керек. Алар келип алып мени менен соттошобуз деп коркуткулары келип жатат. Дегеле кудай жалгасын, мен алар менен кайсы өлкөдө гана болбосун соттошууга даярмын. А биз тараптан болсо болду, болбосо болбой калды деп эле таштап койгонго жол бербейбиз. Бул ишке аралашкандарды сөзсүз жоопко тартышыбыз керек",- деди Эдил Байсалов.
Сүрөттүн булагы, Inpho
25-августта Сапар Исаков Жогорку Кеңештин депутаттарына аталган компаниянын жылдык көрсөткүчтөрүн так билбей турганын айтып, мөөнөт аяктаганча күтүүгө чакырган.
25-августта Сапар Исаков Жогорку Кеңештин депутаттарына жооп берип жатып, аталган компаниянын жылдык көрсөткүчтөрүн так билбей турганын айтып, мөөнөт аяктаганча күтүүгө чакырган. Ал ошондой эле бул келишим ишке ашпай калган күндө да Кыргызстан материалдык жаткан эч кандай зыян тартпай турганын билдирген. Бирок анын мындай пикири айрым депуттатрадын кескин сынына кабылып, алар бул иште кылмыш ишинин изи бар деп баа беришкен эле.
Быйыл июлда "LiglassTradingCZ, SRO" Кыргызстандагы он-чакты чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алфп, андан кийин кыргыз өкмөтү менен "Жогорку Нарын" ГЭС каскадын куруу жөнүндө келишимге жетишкен.
Мындан кийин чехиялык сайттардын бири "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, өкмөттүн ушундай фирмага ишеним артканы кызуу талкууга жем ташатаган.
Кыргызстанда кээ бир саясатчылар жана активисттер да чехиялык компаниянын кризисте турганын айтып, өкмөттү күмөндүү келишимден оолак болууга чакырышкан эле.
"Жогорку Нарын" ГЭС каскадын куруу боюнча 2012-жылы Орусиялык "Русгидро" компаниясы иш баштаган. Кийин компаниянын каражаты жок, курулуш токтоп, парламент келишимди жокко чыгарган эле.