Бийликтин талапкерине каршы биригүүлөр

Бакыт Төрөбаев 17-сентябрда Жалал-Абаддагы эл менен жолугушуу учурунда Өмүрбек Бабанов менен бириккенин расмий жарыялады. Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Бакыт Төрөбаев 27-сентябрда Жалал-Абаддагы эл менен жолугушуу учурунда Өмүрбек Бабанов менен бириккенин расмий жарыялады.

Президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин биригип тандем түзүшү президенттик өнөктүктүн эң орчундуу окуясы катары талкууга алынууда. Серепчилер бул биригүү бийликтин талапкерин жеңүү үчүн болуп жатканын белгилешүүдө. Айрым жоромолдорго карасак, өлкөдөгү саясий күчтөрдүн эки негизги талапкердин айланасына биригүү процесси дагы уланат.

Негизги талапкерге каршы кимдер биригет?

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев 27-сентябрда Жалал-Абаддагы эл менен жолугушуу учурунда Өмүрбек Бабанов менен бириккенин расмий жарыялады.

"Бүгүн мен Өмүрбек Бабанов менен бириккенибизди расмий түрдө жар салам. Биз жакын таанышпыз, чогуу иштеп келгенбиз, иштеп жатабыз. Биздин саясий программабыз окшош, Конституциялык реформа, референдум өткөрүү жана ЖК депутаттарынын санын кыскартуу сыяктуу өзгөртүүлөрдү каалайбыз. Ошондой эле кадр, сот системаларын өзгөртүүнү, чоң реформаларды жасоону тилейбиз", - деди Төрөбаев.

Бабанов менен Төрөбаевдин биригүүсү биринчи жолу болуп жаткан жери жок. 2010-жылкы парламенттик шайлоо алдында биригип, депутат болгондон кийин эки башка жолго түшүшкөн. Экөө тең белдүү саясатчы катары таанымал болгонунан сырткары, буга чейин негизги талапкер катары аталып, президенттин оозуна илинишкен. Эми алар бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековго негизги атаандаш күч катары жарыяланып, жеңип калышса Бабанов президент, Төрөбаев премьер-министр болот деген саясий келишимди бекитишти.

Буга чейин Өмүрбек Бабанов "Республика-Ата-Журттун" астында Камчыбек Ташиев менен биригип парламентке келген соң ажырашкан. Ал эми Төрөбаев бир учурда Мелис Мырзакматов менен биригип, ал ийгиликсиз аяктаган. Кечээ жакында болсо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, "Ата-Журт" партияларынын тең төрагалары Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев менен төртилтикке бириккенин айтып чыгышкан. Ал түгүл алар жетектеген үч партия биригип, жаңы "Кайра Жаралуу" партиясы түптөлгөнүн да жар салышкан эле. Арадан бир ай өтпөй ыдыраган бул партияда ич ара келишпестик жаралганын Төрөбаев жакында эле маалымат каражаттарына кабарлаган.

Image caption Бир өтпөй ыдыраган "Кайра Жаралуу" партиясынун мүчөлөрү.

Төртилтикке бириккен дагы бир саясатчы Адахан Мадумаров дагы Бабановго кошулуусу боюнча кептер тараганы менен өзү бул маалыматты ырастай элек. Бирок ал апта аягында Бабановдун Өзгөн эли менен жолугушуусунда сөз сүйлөп, бир алаканга биригүү керек экенин баса белгилеп айтты:

"Келгиле, биргелешип иш жасайлы, биргелешип баралы. Биздин максаттарды ким жасайт мага кызыгы жок, бирок бирге баралычы, айланайындар. Тууну Бабановдун колунан келсе ага бергиле, Төрөбаевдин колунан келсе ага, Сариевдин колунан келсе ага жана Мадумаровдун колунан келсе ага бергиле. Бирок тууну берүү ушунчалык кыйын болуп жатса мен биринчи болуп карматам. Мен атын атаган төрт азаматтын колун бириктирип, кайрадан ушул жерге келип, төртөөбүз бир инсанга токтодук деп келген күндөргө Алла өзү жеткирген болсун".

Саясий биригүү дагы уланат

Серепчилер президенттик жарышка түшкөн талапкерлердин биригүү процесси негизги эки же үч талапкердин айланасында болорун болжоп жатышат. Саясий прогноздорго ылайык, алдыдагы күндөрү Мадумаров, Сариев, Ташиев сыяктуу саясатчылар дагы эки негизги талапкер деп аталып жаткан Жээнбеков же Бабановдун айласына биригери айтылууда.

Саясий серепчи Алмаз Акматалиевдин айтымында, колунда бийлиги бар талапкерди жеңүү үчүн мындай биригүүлөр алдыда дагы болушу ыктымал.

"Бийлик ачыктан-ачык бир талапкерди колдогондон кийин башкалары дыккат эсептөө жүргүзүп жатышат. Финансылык ресурс, адам ресурстары, региондук мүмкүнчүлүктөр дегендерди карашат. Баары биригип бир талапкерге токтолбосо бийликтин өкүлүн жеңе албай калышы анык болуп калды. Ошон үчүн мындай биригүүлөр болуп жатат. Башкача айтканда, бир күчтүү талапкерди чыгарып, калгандары уютку болуп тегерегине топтолот. Буларга Мадумаров дагы кошулса жеңүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Андыктан азыр бийлик ойлонушу керек".

Түзүлбөй жатып тараган "Кайра жаралуунун" дагы бир мүчөсү Акматбек Келдибеков азырынча үн ката элек. Бирок анын партиялашы, "Ата-Журттун" төрагасы Камчыбек Ташиев президенттик шайлоодо бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоору айтылууда. Серепчилердин айтымында төртилтиктин бир ымалага келбей калышынын негизги себеби дагы ушул.

Image caption Серепчи Марс Сариев

"Квартеттегилер Төрөбаевди колдошу керек болчу, себеби анын ресурсу бар болчу. КСДП алардын айрымдарын өздөрүнө тартуу үчүн жакшы эле аракет кылды. Ташиевди тартып алгандан кийин булардын мамиле бузулду. Бул чачыроонун Төрөбаевге залалы тийди. Ал Жээнбековду колдосо перспективасы анча болбой калат, Бабановго кошулса перспектива жогору деп барды. Логика жагынан туура эле кылышты", - деди саясий серепчи Марс Сариев.

Бийликтеги партиянын талапкери Сооронбай Жээнбековго буга чейин төртилтик бирикменин ичинен Камчыбек Ташиевдин кошулганын коомчулук жакшы билет. Бийликтин күчүнө ишенген башка талапкерлер да бул жолго өтүшү мүмкүн дешет.

Тектеш темалар