ГЭС келишими жокко чыгарылат

Өкмөт жыйынында чех инвесторлору күрө катары төлөгөн 1 млн 147 миң долларды Кыргызстанда кала турганы айтылды
Image caption Өкмөт жыйынында чех инвесторлору күрө катары төлөгөн 1 млн 147 миң долларды Кыргызстанда кала турганы айтылды

Өкмөт башчы Сапар Исаков чехиялык "Лиглас" компаниясы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууга тапшырма берди. Ага негизги себеп аталган компания белгиленген мөөнөттө 37 млн долларды төлөп бере албагандыгы болду. Кыргыз өкмөтү бул акча каражатын буга чейин ГЭС куруунун баштап бирок аягына чыгара албаган орусиялык "Руссгидро" компаниясына төлөп бермек.

Өкмөт жыйынында чех инвесторлору күрө катары төлөгөн 1 млн 147 миң долларды Кыргызстанда кала турганы айтылды. Өкмөт башчы бул боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Буга чейин чехиялык журналисттер да бул келишим кандайча түзүлдү, кантип ишке ашат деп иликтөөлөрүн башташкан. Мындай күмөн саноолор Кыргызстандын өзүндө да талаш-талкууларга жем таштаган. Айрымдар бул келечеги жок иш экенин айтып, келишимди дароо токтотууну талап кылышкан.

Бишкекте өткөн маалымат жыйынында "Лиглас" компаниясынын ээси Михаэл Смелик ар кандай каралоо жүрүп, ишине тоскоолдук жаратканын айтып, муну капилеттен чыккан иш (форс мажор) болду деп атады.

Ошол эле учурда компания өкүлдөрү Кыргызстанда Эдил Байсалов баштаган бир нече адам жана чехиялык үч-төрт журналист аларды жөнү жок каралап жаткандыгын билдиришти.

"Такталбаган маалыматтардан улам Лондондогу банк бизди каржылоодон баш тартты. Европадагы Unicredit банкындагы кырктай эсебибиз текшерүүгө алынып, эч кандай операция кыла албай жатабыз",- деди Михаэл Смелик.

Ага удаа маалымат жыйынын өткөргөн Эдил Байсалов компаниянын ээси тарабынан ага айтылган дооматтарды кескин сындап, четке какты.

"Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон ишти биз көчөдөн эле келип калган кайдагы бир шылуундарга карматып койбошубуз керек. Алар келип алып мени менен соттошобуз деп коркуткулары келип жатат. Дегеле кудай жалгасын, мен алар менен кайсы өлкөдө гана болбосун соттошууга даярмын. А биз тараптан болсо болду, болбосо болбой калды деп эле таштап койгонго жол бербейбиз. Бул ишке аралашкандарды сөзсүз жоопко тартышыбыз керек",- деди Эдил Байсалов.

Быйыл июлда "LiglassTradingCZ, SRO" Кыргызстандагы он-чакты чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алып, андан кийин кыргыз өкмөтү менен "Жогорку Нарын" ГЭС каскадын куруу жөнүндө келишимге жетишкен.

Мындан кийин чехиялык сайттардын бири "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, өкмөттүн ушундай фирмага ишеним артканы кызуу талкууга жем ташатаган.

Кыргызстанда кээ бир саясатчылар жана активисттер да чехиялык компаниянын кризисте турганын айтып, өкмөттү күмөндүү келишимден оолак болууга чакырышкан эле.

"Жогорку Нарын" ГЭС каскадын куруу боюнча 2012-жылы Орусиялык "Русгидро" компаниясы иш баштаган. Кийин компаниянын каражаты жок, курулуш токтоп, парламент келишимди жокко чыгарган эле.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар