ГЭС келишимин кимдер “көк бөрү” тартышы мүмкүн?

Буга чейин эле келишимдин келечеги жок экенин айтып, кескин сынга алган бир топ саясатчылар болгон
Image caption Буга чейин эле келишимдин келечеги жок экенин айтып, кескин сынга алган бир топ саясатчылар болгон

Чехиялык инвесторлор менен түзүлгөн ГЭС келишими так ушул үгүт өнөктүгү өтө кызып турган убакта жокко чыгышы, бийликтин талапкерине бир топ эле сокку болору айтылууда.

Айрым серепчилер бул маселе боюнча кээ бир талапкерлер буга чейин да катуу сындап келгенин мисал кылып, ишке ашпай калган келишим бийликтин бетине мындан ары да чүргө болот деп жатышат.

Бийлик өз кезегинде бул ишке ашпай калган күндө да зыяны тийбей турган келишим экенидигин айтып келген эле.

Өкмөттүн кезексиз өткөргөн жыйынында чехиялык “Лиглас” копманиясы менен онго жакын чакан ГЭСтерди жана Нарын ГЭС каскадын куруу келишиминен бир тараптуу чыгуу маселеси каралган соң, талкуунун жаңы өңүтү чыккандай болду. Анда бул ишке ким жооп бериши керек деген суроону койгон иинтернет колдонуучулары буга тиешелүү маалыматтарды бөлүшүп жатышат.

“Союлдун башы Сооронбайга тийгени калды окшойт. Себеби ошол киши өкмөттү башкарып турган учурдагы келишим эми минтип жаңы өкмөттүн шаштылысын алып жатат. Менимче, бийликтеги топтор эми биринин артын бири чукуйт. Логика ошого такалат. Айтты, койду дээрсиңер. Андан тышкары бул келишимдин жокко чыгышын айрым талапкерлер бийликке каршы курал кылып өз пайдасына колдоноору турган иш”,- дейт жазуучу Олжобай Шакир.

Буга чейин эле келишимдин келечеги жок экенин айтып, кескин сынга алган бир топ саясатчылар болгон.

“Укук коргоо органдары Liglassга жана ага тиешеси бар адамдарга көңүл буруулары керек. Кыргызстанга келген инвесторлор, мамлекеттин мыйзамдарына ылайык иш алып барып, алган милдеттерин так аткарышсын. Көрүнүктүү болгондой Liglass Trading макулдашылган убакта өзүнүн убадасын аткара албайт. Укук коргоо органдарына бул маселени кылдаттык менен изилдеп чыгуулары керек экенин айтып өтөт элем. Эгерде инвестор алган милдетин аткара албаса, мыйзамга ылайык жоопко тартылсын!”,- деп жазган эле мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев.

Бирок азыркы өкмөт башчы Сапар Исаков парламентте сүйлөп жатып, бул келишим ишке ашпаган күндө да эч кандай зыяны жок экенидигин айткан. Бул пикирди азыркы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев да кубаттап, Кыргызстан бир тыйын да зыян көрбөй тургандыгына ишендирип, керт башы менен жооп берүүгө даяр экенин айткан.

Бирок өкмөттүн мындай жообуна депутат Өмүрбек Бабанов катуу каршылыгын билдирген. Ал эл аралык масштабда Кыргызстандын аброюна шек келгенин айтып, бул иште кылмыштын да иизи бар деп чыккан.

Саясат таануучу Табылды Акеров, бул сыяктуу билдирүүлөрүн жумшартып же күчөтө турган себеп өкмөттүн келишим боюнча мындан аркы чечимдерине байланыштуу дейт. Эгер анда күнөлүүлөргө чара көрүлө турган болсо сын-дооматтар кыйла жеңилдейт дейт.

Тектеш макаланын толук аудио вариантын бул жерден угуңуз

Сөз болуп жаткан келишимге кол коюлуп, тараптар милдеттенме алгандан кийин Чех инвесторлору көрсөтүлгөн шарттарды өз убагында аткара албай кошумча убакыт сурап кайрылган. Өкмөт мүчөлөрү бир ооздон бул келишимди токтотуу чечимин кабыл алды. Премьер минристр Сапар Исаков аталган компания өз кезегинде күрө катары берген 1 млн 147 миң долларды Кыргызстанда калтыруунун мыйзам ченемдерин тактап чыгуу тапшырмасын дагы берди.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар