Таза шайлоого тоскоолдуктар

“Адилет шайлоо үчүн” кыймылынын 19-сентябрдагы жыйыны.
Image caption “Адилет шайлоо үчүн” кыймылынын 19-сентябрдагы жыйыны.

Эксперттер шайлоонун таза өтөрүнө эки чоң тоскоолдук болот деп белгилешүүдө. Алардын бири административдик ресурс, экинчиси акча таратуу. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын форумунда айтылды.

Буга чейин таза шайлоо өткөрүүгө тоскоолдуктар шайлоо участкаларынын ичинде болуп келсе, бул ирет мыйзам бузуулар негизинен шайлоо бекеттеринен сыртта өтөт деп жатышат.

Серепчи Эмилбек Каптагаевдин пикиринде, акча таратуу маселеси бул шайлоонун дагы баш оорусу болот:

"Талапкерлер добуш алуу үчүн ар кандай жолдорго барышы ыктымал. Шайлоонун таза өтүүсүнө биринчи кезекте талапкерлер кызыкдар болушу керек. Жакындарына, жактоочуларына "мени уят кылбагыла, мыйзам бузууга барбагыла" деп айтышы керек. Акча берүү, арак берүү сыяктуу буга чейин боло келген окуялар дагы катталышы мүмкүн".

Демейде Кыргызстанда анчалык одоно болбосо да, кайсыл бир деңгээлде жергиликтүү бийлик, мамлекеттик кызматчылар кыйыр түрдө административдик ресурсту колдонуу менен бийликтеги партияга же талапкерге жан тартпай койбойт дейт талдоочулар. Дагы башка талапкерлер жер-жерлерде тойлорду өткөрүп, элге бекер тамак-аш, акча тараткан учурлар орун алып келет. Тажрыйба көрсөткөндөй электоратты акчага сатып алуу аракети өлкөдө өзгөчө шайлоо күнү күчөйт.

"Адилет шайлоо үчүн" кыймылынын мүчөсү Равшан Жээнбековдун айтымында, мурдагыдай "карусель" катталбаса дагы, таза шайлоого бут тоскон башка факторлор көп:

"Шайлоо күнү мыйзамды бузуу бир топ кыйыныраак. Бирок барибир БШКнын, жергиликтүү шайлоо комиссияларынын көпчүлүгү укук коргоо органдарына же жергиликтүү бийликке баш ийгендиктен ал жерде сөзсүз тобокелчиликтер бар. Тилекке каршы көпчүлүгү бийликтин контролунда. Андыктан көп учурда адилеттүү чечимдерди жактабастан, бийлик айткан гана чечимдерди жактаган учурлар көп болуп жатат".

Ошол эле учурда президент жана өкмөт баштаган бийлик бутактары шайлоо таза жана калыс өтөөрүнө ишендирүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы бир эмес, бир нече жолку жыйынында быйылкы президенттик шайлооо акыйкат өтөрүнө кепилдик берип келатат. Алар негизги эсептөө системалары ачык, онлайн түрдө элдин көзүнө көрүнүп турат дешет. Ал турсун таза шайлоо өтүшү үчүн ар бир аймакка кураторлор бекип, алар мыйзам бузууларды, арыздарды түз кабыл алат дейт БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев.

Image caption Добуш алуу үчүн акча таратуу көрүнүшү таза шайлоого негизги тоскоолдук дешет эксперттер.

"Кыргызстанда акыйкат шайлоо өтүшүнө биз деле кызыкдарбыз. Шайлоо күнү же ага чейинки мыйзам бузууларды каттоо, карап чыгуу, тиешелүү чара көрүү үчүн биз атайын 12 мүчөдөн турган комиссия түздүк. Мисалы, буга чейин баннерлердин айрылышы тууралуу арыз келди. Аны карап чыгып, дароо прокуратурага өткөрүп бердик. Кайсы учурда мыйзам бузуу болбосун жарандар бизге түз байланыша алышат", - деди Кайрат Осмоналиев.

Мындан он күн мурда Бишкекте президенттикке айрым талапкерлер чогулуп, шайлоодо добуш сатып алуу сыяктуу таза эмес технологияларды колдонбоо жана ага каршы күрөшүү үчүн "жигиттик" келишимге келишип, меморандумга кол коюшкан. Ага Сооронбай Жээнбеков, Таалатбек Масадыков, Токтайым Үметалиева, Арстанбек Абдылдаев жана Арсланбек Малиев катышкан.

Кыргызстанда буга чейинки шайлоолордун көпчүлүгү нааразылыктар, каршылык акциялары менен коштолуп келгени бар. Алардын көбү добуш сатып алуу же шайлоо жыйынтыгын бурмалоого байланыштуу чыккан. Андыктан шайлоого чейин дагы, андан кийин дагы али бул маселе дагы далай талкууга түшчүдөй.