Муфтият: Баланы эмдетүү динге каршы келбейт

Кыргызстанда балдарын эмдетпегендердин саны кыскарууда дешет адистер.
Image caption Кыргызстанда балдарын эмдетпегендердин саны кыскарууда дешет адистер.

Нарында динаятчыларга “Кургак учук - ага каршы дары менен гана айыгат” деген темада семинар өткөрүлдү. Облуста соңку кездери диний ишенимден улам кургак учукка каршы эмдөөдөн баш тарткандар көп болуп жатканы айтылып жатат. Бул жагдай өлкөгө экономикалык жоготууларды гана алып келбестен, калктын саламаттыгына да олуттуу коркунуч жаратууда дейт дарыгерлер.

Кургак учук сыяктуу жугуштуу илдеттерге каршы балдарга берилген вакциналардан баш тарткан ата-энелердин бири Бишкектик Уркуя. Ал Түркияда төрөлгөн биринчи баласын мыйзам милдеттендиргендиктен эмдеткен. Экинчисин болсо Кыргызстанда эмдөөдөн өткөргөн жок. Ага диний ишеним менен бирге медицинага ишенбестик түрткү болду дейт:

“Айрымдар балага эмдөөнү алсак эле ал такыр оорубайт деп ойлошот. Жок, андай эмес. Эмдөө тескерисинче баланын табигый иммунитетин алсыздандырат, аны алган организм өз алдынча ооруга каршы күрөшө албай калат. Анын үстүнө бул диний жактан дагы арам эсептелет”.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө аймагында балдарын эмдетүүдөн баш тарткандар саны мурдагыга салыштырмалуу кыскарганы менен, дале болсо жыл сайын жүздөгөн адамдын эмдөөдөн баш тартышы өлкөнүн олуттуу көйгөйү боюнча калууда деп эскертүүдө. Бул жагдай өлкөгө экономикалык жоготууларды гана алып келбестен, калктын саламаттыгына да олуттуу коркунуч жаратууда дешет алар.

Image caption Дилшат Хаитов: Баланы эмдетүү арам деген мифтерди жоготуу керек.

Андыктан аталган министрлик менен “Кургак учукту жеңебиз” долбоору биргеликте жыл башынан бери өлкө аймагында динаятчылар үчүн түшүндүрүү семинарын өткөрүп келатат.

“Төртүнчү семинар Нарында өткөн апта соңунда өттү. Айрым жарандар диний ишенимине таянып кургак учукка каршы дары-дармектерди ичпей коюп жатышат. Биздин максат имамдарга баланы эмдөөнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүп, алар аркылуу башкаларга жеткирүү. Мындай семинарлар алдыда дагы болот”, - дейт долбоордун адиси Дилшат Хаитов.

Ал арада өлкөнүн муфтияты дагы жарандарды эмдөөгө катышууга чакырып, бул динге каршы келбесин эскертүүдө. Муфтияттын окуу билим башчысы Аким Эргешов баланы эмдетүү боюнча жарандарга туура маалымат жеткирүүдө динаятчылар чоң роль ойноп жатканын белгилейт:

“Жаңы оорулардын алдын-алууга келгенде дин сөзсүз салмактап көрөт. Эгерде анын зыяны коомго көбүрөөк тийе турган болсо, ага каршы аракетке келет. Бизге эмдетүү туурабы же жокпу деген негизде кайрылгандар бар. Аларга “балаңарды эмдеткиле” деп жооп беребиз. Туура маалымат жеткирүүдө диний өкүлдөрдүн эмгеги көп экенин айта кетүү керек”.

Кыргызстанда план боюнча эмдөө тогуз оор илдеттин алдын алат. Вакцина болбосо миңдеген адамды өлүмгө же майыптыкка алып келиши мүмкүн болгон ооруларды иммунологдор байма-бай тизмектеп келет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, эмдөө бул инфекциялык оорулардан жылына экиден үч миллионго чейин адам өмүрүн сактап калат.