Афганистандагы этникалык кыргыздардын балдары Кыргызстанга келди

Афганистандагы кыргыздардын турмушу оор, тамак-ашы начар, медициналык тейлөө жок, ошол себептүү өлүм-житим көбөйүп, саны азайып кетип баратат. Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Афганистандагы кыргыздардын турмушу оор, тамак-ашы начар, медициналык тейлөө жок, ошол себептүү өлүм-житим көбөйүп, саны азайып кетип баратат.

Ѳкмөттүн басма сөз кызматы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын 17 баласы Кыргызстанга окутуу үчүн алып келингенин билдирди. Балдарды ата-энелери жана жакындары коштоп келди.

Жалпысынан 33 адам келди, анын ичинде алты үй-бүлө, кош бойлуу бир келин жана бир жарым жаштагы кичинекей бала бар. Алар дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө болуп жатат.

Этникалык кыргыздардын балдарын алып келүү Кыргызстан менен Афганистандын ортосунда болгон келишимдердин негизинде ишке ашып жатат.

Би-Би-Си ишенимдүү булактан алган маалыматка караганда, этникалык кыргыздардын балдарын алып чыгуу бир топ кыйынчылык менен коштолду. Афганистандын өкмөтүнө баш ийбеген жергиликтүү күчтөр балдарды алып кетүүгө тоскоолдук кылышты.

Сүрөттүн автордук укугу rasul avazbekov
Image caption Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздар.

Кыргыз өкмөтүнүн экспедициясы Афганистандагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткизүү жана алардын балдарын Кыргызстанда окутууга алып келүү үчүн Улуу жана Кичи Памирге 2-октябрда барган. Улуу Памирге кыргыз өкмөтүнүн экспедициясын вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова баштап барып келди.

Жалпы наркы 7 млн сом болгон 60 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Анын ичинде дары-дармектер, тамак-аш азыктары, жылуу кийим-кече бар.

Сүрөттүн автордук укугу rasul avazbekov
Image caption Афганистандагы кыргыздар деңиз деңгээлинен төрт беш миң метр бийиктеги Памир тоолорунда жашашат.

Афганистандан келген этникалык кыргыздар баары Нарын областына барып жайгашат. Бир жума аралыгында дарыгерлердин кароосунда болушат.

Андан кийин этникалык кыргыз балдарды окутуу жана социалдык колдоо боюнча тийиштүү иштер уюштурулат. Билим берүү министрлиги аларды жеңилдетип окутуу планын даярдап бүтүп калды.

Афганистандагы кыргыздар деңиз деңгээлинен төрт беш миң метр бийиктеги Памир тоолорунда жашашат. Алардын турмушу оор, тамак-ашы начар, медициналык тейлөө жок, ошол себептүү өлүм-житим көбөйүп, саны азайып кетип баратат.

Эгерде 2008-жылы алардын саны эки миңдин айланасында болсо, азыркы учурда 700-800 болуп калганы айтылууда. Бул жөнүндө “Манас-Ата” этникалык кыргыздарды колдоо фондусу, “Кыргыз бутагы” уюму жана башкалар парламентке жана өкмөткө маселе коюп келатышат. Алар Памирдеги кыргыздардын жашоо деңгээли эки кылым артта калган деп сүрөттөйт.

Негизги унаалары өгүз менен эле төө. Ат деле көп жок. Автомобиль жолдору курулган эмес. Кирпичтен же таштан салынган үйлөр жок. Көпчүлүгү боз үйдө жашайт. Колунда бары меш жагат, колунда жогу коломто менен отурат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар