Памирлик кыргыздар Нарынга жайгаштырылды

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Теңир-тоолуктар памирлик кыргыздарды жылуу тосуп алышты

Ооганстандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын балдарын жана алты үй-бүлөнү Нарында шаң салтанат менен тосуп алышты.

Памирлик кыргыздарды өкмөт өкүлдөрү коштоп келди. Түн кирип кеткенине карабастан Нарын шаарындагы борбордук аянтка боордошторду тосуп алуу үчүн эл көп жыйылды.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Беш күн жол жүрүп Нарынга жеткен памирликтер

"Бул жакта элим бар деп, чоң үмүт менен арып-ачып келатышат. Боорлорубузду чын жүрөгүбүздөн тосуп алалы деп бирөөдөн угуп эле келип калдым. Мурда телевизордон көргөнбүз да аларды. Жашоосу кыйын, татаал аймакта күн кечиришиет экен. Эми элим бар деп, тууган санап, илгери үмүт менен келе жатса, биз колгон келген жакшылыгыбызды көрсөтүшүбүз керек",-деди аянтка келгендердин бири жашы 80ге таяп калган Буудайкан Мамбеталиева.

Кыргыз экспедициясын Ооганстанга баштап барып келген вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова:

Image caption Кыргыз экспедициясын Ооганстанга баштап барып келген вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

"Бул миссиябыз чоң кыйынчылык менен коштолду. Барсак эле берип койгонго болгон жок. Биз балдарды окууга дароо эле алып келели деп барганбыз. Бул жөнүндө Кыргыз өкмөтүнүн токтому бар. Андан сырткары эки тараптын ортосунда түзүлгөн меморандум бар. Бирок биз баргандан кийин губернатордун ага укугу жок болчу, биз бере албайбыз деп Ишкашим чек ара бекетинде көпкө чейин - беш күндөй туруп калдык. Акыры чоң кыйынчылыктар менен алып чыктык. Биздин команданын балдарды алып кетебиз деген духунун аркасы менен максатыбызга жеттик. Буга чейин кыргыз өкмөтү буга чейин көп эле иш-аракет жасаган экен, бирок ишке ашпай келген. Ошондуктан бул Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп жаткан кадам",-деп айтып берди.

Узак жолдон чарчап келген ооган кыргыздары Нарында кучак жайып тосуп алган элдин алдында апкаарып, толкунданып, тартынып турганы байкалды.

Image caption Узак жолдон чарчап келген ооган кыргыздары Нарында кучак жайып тосуп алган элдин алдында апкаарып, толкунданып, тартынып турганы байкалды.

"Менин атым Дарвиш. Беш күн жол жүрүп келдик. Толкунданып турабыз, силерге рахмат, тууган экенсиңер, каныбыз бир экен. Ушунтип тосуп алганына төбөбүз көккө жетти. Памирде азыр суук, бизде машине жок. Балдарды окутабыз деп келип калдык",-деди толкунданган ооган кыргыздарынын бири.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын айтымында, алар Памирдеги кыргыздар отрукташкан аймактардын баарында болуп келишкенин айтып, болжолу 800 дөй кыргыздар бар деди.

"Калгандарынын паспорту жок. Чек арадан чыга алышпайт, ошол жердин тегерегине да чыкканга жолу жок»,-деди Султанбекова.

Кыргызстанга памирлик кыргыздардын отуз үчү келди, бир келин кош бойлуу. Жашы он жетиге толо электеринин саны он алты деди расмийлер.

"Памирлик боордошторубуз Нарында он күндөй медициналык кароодон болот. Андан соң Нарындын Куланак айылындагы кесиптик лицейдин имаратына жайгаштырабыз. Бардык муктаждыктарын өкмөт камсыздайт. Жардам беребиз, колдоо көрсөтөбүз деген жарандар көп болуп жатат",-деди өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов.

«Министрлик тарабынан жеңилдетилген окутуу программасы даярдалып жатат. Жатак мектепте атайын бөлмөлөрдү даярдап койдук. Биз менен жуурулушуп жакшы жашап кетишине, билим алышына келген жардамды беребиз»,-деди Нарын облустук мектеп интернатынын директору Айнура Апсалиева.

Ооганстандагы кыргыздар деңиз деңгээлинен төрт-беш миң метр бийиктеги Улуу жана Кичи Памирди байырлашат. Алардын турмушу оор, тамак-ашы начар, медициналык тейлөө жок, ошол себептүү өлүм-житим көбөйүп, саны азайып кетип баратат. Көпчүлүгү боз үйлөрдө күн кечирет. Эгерде 2008-жылы алардын саны эки миңдин айланасында болсо, азыркы учурда 800дүн айланасында экени айтылууда. Аларды көчүрүп алуу маселеси көп жылдан бери эле көтөрулүп келген. Биринчи жолу Кыргызстан ооган өкмөтүнөн уруксат алып, балдарды окутуу тууралуу келишим менен памирликтердин бир тобун өлкөгө алып келди. (AbA)