Ѳмүрбек Бабанов: Мамлекеттик ММК менен укук коргоо органдары мага каршы иштеди

Ɵмүрбек Бабанов шайлоодо жеңилип калганында өзүнүн стратегиялык каталары дагы болгондугун жокко чыгарбайт.
Image caption Ɵмүрбек Бабанов шайлоодо жеңилип калганында өзүнүн стратегиялык каталары дагы болгондугун жокко чыгарбайт.

Президенттик жарышта экинчи болуп калган «Республика» партиясынын лидери Ѳмүрбек Бабанов өзүнүн жеңилгенинин себептери катары административдик ресурстун колдонулганын, мамлекеттик телеканалдардын каралоосун жана укук коргоо органдарынын каршы иштешинен болду деп билдирди.

«Күнү-түнү мамлекеттик телеканалдар, КТРК каралаган үчүн, административдик ресурс колдонулган үчүн жана укук коргоо органдары баары бизге каршы иштеген үчүн биз шайлоодо ушундай добуш алып калдык. Туура, балким биздин стратегияда да каталар болгондур, балким бир нерсени өзгөртүш керектир»,-деди Ѳмүрбек Бабанов.

Оппозициялык партиянын лидери шайлоо жеңген талапкер Сооронбай Жээнбековго кайрылып, эми шайлоо өткөндөн кийин бийликке атаандаш талапкерлерге иштегендерди куугунтукка албоого чакырды. Шайлоодо болгон мыйзам бузуулар жөнундө маалыматтарды топтоп, БШКга расмий түрдө кайрыла турганын билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Бул шайлоо өлкө тарыхындагы эң курч атаандаштык менен өткөн саясий өнөктүк катары каралууда.

Басма сөз жыйынында талапкерге анын президент Атамбаев менен кийинки мамилеси кандай болору жөнүндө да суроо беришти.

Жекшембиде добуш берүү болуп жаткан күнү президент Алмазбек Атамбаев добуш бергенден кийин сүйлөгөн сөзүндө Ѳмүрбек Бабановду колдоп көп жакшылык кылганын, ошого карабай анын президентти жамандай баштаганын, чет элдик олигархтар бул талапкерди колдогун деп 20 млн доллар сунуш кылганын ачык айтты.

Ѳмүрбек Бабанов «бул билдирүүлөрдүн баарын анын абийирине калтырдым. Бул анын чечими, билдирүүсү. Баарын убакыт көрсөтөт»,-деп жооп кайтарды.

«Республика» партиясынын лидери президенттик шайлоодо үгүт өнөктүгүнө эң көп каражат сарптаган талапкер болду. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына караганда ал 34% добуш алып, бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековдон ат чабым артта калды. (KC)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар