Кыргызстан Казакстандын үстүнөн ЕАЭБ комиссиясына кайрылды

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр
Image caption Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр

Кыргызстандын Экономика министрлиги казак тарап ЕАЭБ укуктарынын нормаларын сактабай жатканын билдирип, Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын атына кат жөнөттү.

«Казакстандын чек арадагы өткөрмө бекеттерде кошумча көзөмөл киргизиши ЕАЭБ тууралуу келишимдин максаттарына жана негизги принциптерине каршы келип, Евразиялык экономикалык интеграцияга жетишүү максаттарына коркунуч туудурат. Казакстан товар ташуу эркиндигин чектеп, бирдиктүү ЕАЭБ базарынын негизги иштөө принциптерин бузууда», — деп айтылат министрлик жолдогон билдирүүдө.

Катта Казакстанга 2014-жылы 29-майда кол коюлган ЕАЭБ тууралуу келишимдин жоболорун сактоо зарылдыгы эскертилиши керектиги жана бул маселе Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын жакынкы жыйынында каралышы шарт экендиги да жазылган.

«Билдирүү (уведомление) катын жөнөттүк. Уюмга кирген мамлекеттердин маалымат алуусу үчүн жана өнөктөш өлкөлөр, анын ичинде Казакстан дагы түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча көмөк көрсөтүүсү боюнча кайрылуу жасалды», - деди Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев Би-Би-Сиге.

Атамбаев ЕАЭБ жыйынын чакырууну талап кылат

Президент Атамбаев 15-октябрда шайлоолорго байланыштуу билдирүү жасап, анда чек арадагы кырдаалга да токтолгон. Казакстан чек-арадагы абалды шайлоолорго шылтап жаткандыгын айткан өлкө башчысы, шайлоо бүткөндөн кийин коңшу өлкөнүн кадамдарына жараша чечим болорун эскерткен.

«Биз шайлоону өткөргөн эки-үч күндөн кийин деле кырдаал мурунку тейден калса, мен Кыргызстандын президенти катары ЕАЭБ өлкө жетекчилеринин кезексиз жыйынын чакырууну талап кылам. Евразиялык экономикалык биримдиктин уставы боюнча менин андай укугум бар. ЕАЭБ бар уюмбу же жокпу биз тактап алышыбыз керек», - деген эле Атамбаев.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаев ЕАЭБ жыйынын чакырууну талап кыларын эскерткен

17-октябрда президент Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевди кабыл алып, кыргыз-казак чек арасындагы абалды жеңилдетүүнү тапшырды.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, казак тарап кошумча текшерүү чараларын киргизгенге чейин «Акжол-Автодорожный» жана «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстандан орто эсеп менен күнүнө 8 миң 176 жөө адам жана 662 транспорт каражаты өтүп келген.

Ал эми 16-октябрга карата аталган өткөрмө бекеттер аркылуу өткөн жөө адамдардын саны болгону 3 миң 446ны, транспорт каражаттарыныкы 357ни түзүп жатат.

Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматына тез бузулуучу азыктар жүктөлгөн жүк ташуучу чоң автомашиналарды Казакстандын өткөрүүчү пункттарына биринчи кезекте багыттоого көмөктөшүү жана ошол иштерди уюштуруу милдетин тапшырды.

Шайлоо кыргыз-казак мамилесин суутту

Кыргыз-казак мамилеси президенттик шайлоо алдында талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановду Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алгандан тарта чыңала баштаганы маалым.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption 19-сентябрда Назарбаев Ѳмүрбек Бабановду кабыл алып, аны кыргыз калкы колдосо, казак калкы да колдойт деген каалоо-тилегин билдирген

Расмий Бишкек бул окуядан кийин «эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишүү болуп жатат» деп казак элчисин чакыртып, каршылык нотасына колуна тапшырган.

Бирок Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү болуп жатканы жөнүндө Бишкектин дооматын четке каккан болчу.

Президент Алмазбек Атамбаевдин 7-октябрдагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө шайлоо темасына басым жасап, айрым талапкерлерди жана казак бийлигин катуу сындап өттү.

Бул абалдын андан да чыңалуусун шарттады.

ЕАЭБ элдешүү эмес, күрөшүү куралы болууда

«Мастерская евразийских идей» фондусунун эксперти, юридикалык илимдеринин кандидаты Армен Айрапетян «Деловая Евразия» порталына евразиялык интеграцияга түздөн түз таасири бар кыргыз-казак келишпестиктери тууралуу талдоо берип, абалды жөнгө салуу механимдерин санактап берди.

Эксперттин айтымында ал механизмдердин бирин - кырдаалды Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйында талкулоо мүмкүнчүлүгүн расмий Бишкек өзү колдонбоду.

«Кеп Алмазбек Атамбаев өзүнүн ордуна жаш премьер-министрин жөнөткөнүндө деле эмес. Кеп анын расмий Бишкек атынан ЕАЭБдин бул жогорку органында жетиштүү ыйгарым укуктарынын жоктугунда болду», - деген Армен Айрапетян.

Эксперт Атамбаевдин өзү айтып жаткандай анын ЕАЭБ кезексиз жыйынын чакыруу укугу бар экенин белгилеп, бирок анын жыйынтыгы канчалык натыйжалуу болот суроосун коюда.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр

Пикиринде чек арага байланыштуу кыргыз-казак маселесин ЕАЭБ сотуна да кайрылып чечүү мүмкүнчүлүгү бар.

Айрапетян Кыргызстан-Казакстан учурдагы келишпестигинде ЕАЭБ элдешүү эмес, күрөшүү куралы болуп жатканын белгилеп, бул союзга бедел алып келбестигин, анын кадыр-баркына шек келтирирерин айтты. Бул өз кезегинде евразиялык интеграция тагдыры КМШныкын кайталайт деген сөздөрдү далилдемекчи деди.

Ал арада кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, Казакстан Тариф жана соода боюнча уюм алкагындагы Башкы келишимдин жоболорун бузуп жатканын арызданды.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар