Окумуштуулар: Мумияны музейге кайтарып бергиле

мумия Сүрөттүн автордук укугу Google

Кыргызстанда археолог-окумуштуулар президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, орто кылымдарга таандык аялдын мумиясын музейге кайтарып келүү ишин чечүүгө жардам сурашты жана музейдик экспонатты жерге көмүп салуу чечимин кабыл алгандарды жоопкерчилигин кароого чакырышууда. Бул жөнүндө алар бүгүн Бишкекте басма сөз жыйынында билдиришти.

Маданият министрлиги түзгөн комиссиянын чечими менен Улуттук тарых музейдеги мумиянын жерге көмүлүп салышы илимий коомчулуктун кескин каршылыгын жаратты. Би-Би-Си көрүнүктүү археолог, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз тарых коомунун вице-президенти, Манас университетинин профессору Кубатбек Таабалдыевге кайрылып, өлкөдөгү жалпы эле археологиялык экспонаттарды сактоо ишиндеги жоопкерчилик тууралуу сурады.

К. Таабалдыев: Мен археолог катары экспонаттын жерге кѳмүлүшүнө каршымын. Эл аралык тажрыйбага кайрылсак, дүйнөнүн көп жеринде, Египетте, Түркияда мына ушул сыяктуу мумиялар музейлерде кадимкидей сакталып турат. Европанын, Япониянын, Кытайдын музейлеринде сакталып турганын өз көзүм менен көргөмүн. Туркияда 18-19- кылымдагы мумиялар сакталып турат.

Ал эми бизде бир же эки кишинин көз карашына баш ийип, мамлекеттик маанидеги экспонаттын кайра жерге көмүлүшү абдан туура эмес. Ушул мумия эле эмес, Кыргызстандын байыркы маданиятына зор зыян алып келип жаткан башка маселелер да көмүскөдө калып жатат.

Кыргызстандын көп жеринде археологиялык көп эстеликтер бузулууга дуушар болуп жатат. Мисалы, Алай районундагы Гүлчө айылына жакын Элек айылында орто кылымга таандык эки чептин топурагы талкаланып, үй курулушуна жумшалды. Килейген цивилизациянын элементтери жок болуп жатканына эмне үчүн көңүл бурулбай жатат.

Кыргызстанда атайын уюшкан топтор археологиялык эстеликтерди талап-тоноп, чет өлкөгө сатып жатышат. Азыр Кыргызстанда жүздөгөн археологиялык эстеликтер жыл сайын түздөлүп жатат. Мисалы, Бишкек шаарындагы Кузнечный Крепосттун алдындагы орто кылымга таандык шаар өзүнүн бүтүндөй маанисин жоготуп жатат. Азыркы Красноречканын жанындагы Орто Азиядагы эң чоң Невакент шаарынын калдыктары талкаланып, андагы бир килейген усадьба бир жыл бою трактир менен түздөлдү.

Би-Би-Си: Ошол талкаланып жок болуп жаткан археологиялык эстеликтердин жоопкерчилиги кимде? Ким жооп бериши керек бул вандализм фактыларына?

К. Таабалдыев: Дүйнөдө ар бир мамлекетте тарыхый-археологиялык эстеликтерди коргоо боюнча уюмдар иштейт. Бизде совет учурунда тарыхый-археологиялык эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик эмес Кондучалова эже (мурдакы маданият министри) башкарган коом болгон. Ал союз жоюлгандан кийин тарап кетип, Кыргызстан дүйнөдө археологиялык эстеликтерди коргогон коому жок мамлекет болуп калды.

Мурастарды сактоо жана коргоо боюнча Маданият министрлигинде эки гана адис иштейт. Миңдеген эстеликтерди коргоо маселесин караганга эки адис жетишпейт. Алардын командировкага барганга да каражаты жок.

Тарыхый эстеликтерди коргоо маселесине кийинки жылдары эле көңүл бурула баштады. Эгемендиктин алгачкы жылдарында археологиялык эстеликтер бар жерлер жеке менчикке өтүп кетип, байыркы миңдеген мумиялар, мүрзөлөр трактир менен түздөлүп талкаланып кетти.

Мына кечээ жакында атайын чечим менен кайсы жер өздөштүрүлө турган болсо, ошол жерге биринчи археологиялык көзөмөл жүргүзүлө турган болуп калды. Бул Маданият министрлиги тарабынан аткарылып жаткан жакшы иш.

Атайын юридикалык укугу бар, бир канча штаттан турган, Кыргызстандагы бардык археологиялык эстеликтердин эсеп-чотун алуу, алардын баарын коргоо боюнча иш жүргүзүү эң биринчи кезектеги маселе.

Би-Би-Си: Кыргызстанда Будданын эстелиги казылып алынды эле. Кочкор районунда бир топ археологиялык казуулар жасалып, бир топ баалуу экспонаттар алынды эле. Ошол экспонаттардын тийиштүү тартипте сакталып турганынан Сиздин кабарыңыз барбы?

К. Таабалдыев: Экөөнөн тең кабарым бар. Чүйдөгү Невакент шаарчасынан табылган Будданын скульптурасы азыр Санкт-Петербургдан келген консервацияланып, музейге коюлуу алдында турат.

Ал эми Кочкордогу биз изилдеген жер алдындагы күмбөз ачылып, анын үстүнө атайын темирден бастырма курулду. Бул жакта кийинки жылдары изилдөө иштери уланат. Наркы жылдары кыргыз-түрк "Манас" университетинин жана ТИКАнын каржылык колдоосу менен музей комплексине айландыруу иштери болгон жатат.

Тектеш темалар