Аялдар үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу жана коопсуз шаарлар

Москва Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Москва жыныстык зомбулук жагынан алганда Токиодон кийинки эле коопсуз шаар болуп тизмеге кирди.

Thomson Reuters Foundation кайрымдуулук уюму аялдар үчүн абдан кооптуу дүйнөлүк мегаполистердин тизмесин жарыялады. Тизмеде биринчи орунга Каир чыкты. Москва, Лондон, Париж жана Токио шаарлары аялдар үчүн дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлардан болуп таанылды.

Рейтинг эксперттердин ой-пикирине негизделген. Шаарлардын коопсуздугун иликтеп жатканда жыныстык зомбулук деңгээли, медициналык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгү, экономикалык мүмкүнчүлүктөр сыяктуу критерийлер каралды.

Ошондой эле дүйнөлүк мегаполистердеги айрым бир маданий салттардын өзгөчөлүгү, мисалы, эркине карабай күйөөгө берүү сыяктуу көрүнүштөр да эске алынды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Лондон жашоо деңгээли жана сапаты боюнча рейтингдерде биринчи орунга чыгып келатат.
Дүйнөдөгү эң кооптуу мегаполистер
1. Каир, Египет
2. Карачи, Пакистан
3. Киншаса, Конго Демократиялык республикасы
4. Дели, Индия
5. Лима, Перу
6. Мехико, Мексика
7. Дакка, Бангладеш
8. Лагос, Нигерия
9. Джакарта, Индонезия
10. Стамбул, Түркия
11. Сан-Паулу, Бразилия
12. Буэнос Айрес, Аргентина
13. Нью-Йорк, АКШ
14. Манила, Филиппиндер
15. Шанхай, Кытай
16. Москва, Россия
17. Париж, Франция
18. Токио, Япония
19. Лондон, Улуу Британия

19 млн калк жашаган Египеттин баш калаасы аялдарга жыныстык басмырлоо жана зомбулук көрсөтүү, эркине койбой күчкө салып күйөөгө берүү көрүнүштөрү көп болгон үчүн рейтингдин башына чыкты.

Тизмедеги биринчи бешилтикке Пакистандын баш калаасы Карачи, Конгонун борбору Киншаса, Индиянын борбору Дели жана Перунун борбору Лима кирди.

Аялдар үчүн эң коопсуз шаар болуп Лондон таанылды. Улуу Британиянын борбору төрт критерийдин экөө боюнча: медициналык тейлөөнүн сапаты жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр боюнча биринчи орунду ээледи.

Москва жыныстык зомбулук жагынан алганда Токиодон кийинки коопсуз шаар болуп чыкты. Ошону менен катар аялдардын саламаттыгына жана жашоосуна зыяндуу диний-маданий салттар боюнча алганда эң коопсуз шаар болуп каралууда.

Image caption Токионун калкы 38 млн адамга чамалады

Thomson Reuters Foundation 19 мегаполисте аялдардын проблемасын жана теманы жакшы билген 20 экспертке кайрылган.

Тектеш темалар