Чек ара маселесинен Казакстанда баалар көтөрүлдү

Алмата менен Жамбылда Кыргызстандын сүт азыктары тартыш болуп, жергиликтүү продукциялардын баасы жогорулаганы айтылууда Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Алмата менен Жамбылда Кыргызстандын сүт азыктары тартыш болуп, жергиликтүү продукциялардын баасы жогорулаганы айтылууда

Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалар дагы деле эки эсе аз өтүп жатканы айтылууда. Мындан кыргызстандык экспортчулар гана эмес, Казакстандын базары да жабыркоодо. Жамбыл, Алмата аймактарына көбүнесе Кыргызстандан жашылча-жемиш, сүт азыктары баргандыктан баалар кескин түрдө көтөрүлдү.

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттердин баарында товарлардын өтүшү оорлоду.

Кыргыз-казак чек арасында сегиз өткөрмө бекет бар. Төртөө эл аралык, калгандары эки тараптуу. Алардын жетиси унаа жол аркылуу өтөт. Бир аптадан бери чуу болуп жаткан "Ак-Жол" бекетинен күнүнө 600 чамалуу унаа өтөт. Ал эми “Чалдыбар”, “Чоң-Капка” жана “Ак-Тилек” бекеттеринен өткөн унаалардын саны үч жүздүн тегерегинде. Ушу тапта алардын дээрлик баарында өткөн унаалар эки эсе азайды.

Бул Кыргызстандан Казакстанга товар алып чыгып кетип жаткандарга, экпорттоочу ишкерлер менен компанияларга гана эмес казак базарына да таасир этүүдө.

Image caption Кыргызстандан Казакстанга негизинен айыл-чарба продукциялары кирет

Ушу тапта жашылча-жемиш, сүт жана эт азыктары кымбаттап жатат. Бул тууралуу Алмата шаарында жашаган Гүлзат Арстанбекова айтты.

“Өткөн аптада эле жүзүмдү 400 тенгеден алып жеп аткан болсок, азыр 800 тенгеге чыкты. Сүт азыктары менен кыйын болуп жатат, дүкөндөрдө Кыргызстандан келген азыктар жок. Казак досторубуз менен азыр ошону сүйлөшүп отурдук эле. Айрыкча пенсиядагы адамдарга кыйын болуп жатат. Кыргызстандан келген сүт азыктары нак деп эсептелет. Беловодскийдин майына талап чоң болчу, акчасы да жакшы, сапаты да сонун. Жоро-жолдошторум Кыргызстандын сүтүн алышат эле, анткени казактар чайга сүт кошуп ичет. Колбасалар жок болуп жатат. Мындай болсо кыйын эле болот”, - деди Би-Би-Сиге Гүлзат Арстанбекова.

Кыргызстандан Казакстанга эң зарыл продукциялардан картошка, сабиз, алма, кургатылган мөмө-жемиштер, бадыраң, помидор көп чыгат. Мындан башка товарлар, Кыргызстан аркылуу келген үчүнчү өлкөнүн товарлары да бар.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын экспорт комитетинин төрагасы Куштарбек Муктаров бирок чек арадагы маселеден баарыбир Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстан көп зыян тартууда деп эсептейт:

Image caption Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттерде товарлардын өтүүсү да жайлады

“Биздин комитетке мүчө ишкерлер негизинен Казакстанга, Орусияга айыл-чарба продукцияларын, кургатылган мөмө-жемиштерди экспорттошот. Бирок Казакстанда биздикинен башка продукция көп. ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнүн товарлары да бар. Биздин Казакстанга эле эмес, ал аркылуу башка өлкөлөргө өткөн ишкерлерибиз да жабыркап жатат азыр”.

Ири экспортчулардын бири “Аюу” холдингинин вице-президенти Балбак Түлөбаевдин маалыматында Казакстандын Кыргызстан менен товар алмашуусу болжолдуу жылына 500 млн доллар, ал эми Кыргызстандыкы 250 млн доллар. Ал эгер чек арадагы абал өзгөрбөсө, Казакстан 250-300 млн долларлык чыгымга учурайт деген ойдо:

“Жамбыл, Алмата облустары толугу менен Кыргызстандын жашылча-жемиш жана башка азыктары менен камсыз болот. Жакында баары кымбаттап кетет. Өздөрү деле анализдеп жатса керек, көп болсо бир аптада чек араны ачат деп ойлойм. Бул жерде башка таасир да бар – Казакстандагы кыргыз мигранттарын кыйнайбыз деп жатышат, бул жактан кирген товарларды да ошолор алып кирет базарларга, кыйнаса анда ким сатат?”.

Казакстандын маалымат министрлиги чек арадагы чектөөлөрдүн себебин кылмышкерлерди издеген демейдеги операция, шайлоого байланыштуу ызы-чуу коркунучунан коргонуу деп түшүндүргөн. Ал эми товарлар, жүк ташуучу унаалардын чектелишин көмүскө импортту чектөө аракети катары билдирген.

Тема боюнча башка макалалар