Атамбаев Назарбаев боюнча айткан сөзүн “туура эмес кылдым окшойт” деди

Алмазбек Атамбаев Назарбаев тууралуу сөзүн туура эмес кылдым окшойт деди

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Алмазбек Атамбаев Назарбаев тууралуу сөзүн туура эмес кылдым окшойт деди

Президент Алмазбек Атамбаев президенттик стипендия берилип жаткан иш-чарада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тууралуу “эмоция менен сүйлөп, туура эмес кылдым окшойт” деди.

Ал Кыргызстандын башка дагы коңшулары бар экенин белгилеп, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан өңдүү мамлекеттерге да өз продукцияларын чыгара аларын айтты.

“Казакстандын президенти тууралуу эмоция менен сүйлөп туура эмес кылдым окшойт. Мен бул тууралуу ушул күндөрү ойлондум. Казакстандын президенти өзүнүн тегерегиндегилерге ишенет, ал эми анын чөйрөсүндөгүлөр олигархтар. Ал дагы мага окшош ишенчээк болсо керек”, - деген Атамбаев коңшулар менен жакшы мамиленин маанисин белгиледи.

Анткен менен президент Алмазбек Атамбаев бул президенттик шайлоодо Кыргызстанга сырттан президенти таңууланганын дагы айтып өттү. Бул мамлекеттин суверендүүлүгүнө шек келтирмек деди президент.

Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо алдында 9-октябрда мамлекеттык сыйлык тапшырып жатып, Казакстан менен анын президенти Назарбаевдин дарегине сын айткан.

“Назарбаев Бабанов менен жолугушуусунда Кыргызстанга жаш президент келсе жакшы болот деди. Бирок бизде бүгүн президенттикке талапкерлердин эң улуусу Назарбаевден 20 жаш кичүү. А мен он алты жаштан ашыгыраакка кичүүмүн. Жаш президент кимге зарыл, бизгеби же Казакстангабы?! ”, - деген эле Атамбаев.

Ал ошондой эле казак жетекчилеринин Кыргызстандын экономикасы тууралуу айткандарына жооп кылып, Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү төмөн болгон менен эли жакшы жашайт деген таризде, Казакстанда пенсия, айлыктар жогору эместигин белгилеген.