Атамбаевдин кезектеги күтүлбөгөн билдирүүсү

Алмазбек Атамбаев шайлоо алдында Казакстан жана анын башчысына катуу сын айткан Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Алмазбек Атамбаев шайлоо алдында Казакстан жана анын башчысына катуу сын айткан

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тууралуу “эмоция менен сүйлөп, туура эмес кылдым окшойт” деди. Бирок анын сөздөрү өкүнгөнүн же абалды жумшарткысы келгенин түшүндүрөбү?

Президент Алмазбек Атамбаев 18-октябрда резиденцияда студенттерге стипендия тапшырып жатып, он бир күн мурда айткан сөздөрүнө комментарий берди.

“Мен Назарбаев тууралуу эмоцианалдуу сүйлөп туура эмес кылдым окшойт. Ал дагы мендей ишенчээк адам болсо керек. Маселеси да көбүрөөк чыгаар. Казакстандын олигархтык бийлиги бул такыр башка. Мен бул тууралуу ушул күндөрү ойлондум”, - деген президент Назарбаевдин чөйрөсү олигархтар экенин айтууда.

Атамбаев Казакстан Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү аракетин жасаганын дагы деле кайталап, Орусиядан алыстап, АКШга жакындап баратат деди да, АКШга сын айтты.

Президенттин Назарбаевдин дарегине айткан катуу сөздөрүнө өкүнүп жатканы белгисиз. Коңшулук жакшы мамилени сакташыбыз керек деген менен бирге продукциябызды чыгарууга Кытай, Өзбекстан, Тажикстан өңдүү башка кошуналарыбыз да бар деп кошумчалады.

Ал шайлоо алдында мамлекеттик сыйлык тапшырып жаткан жерде Казакстанды, анын башчысы Назарбаевди Кыргызстандын президенттик шайлоосуна кийлигишип жатат деп айыптаган:

"Назарбаев Бабанов менен жолугушуусунда Кыргызстанга жаш президент келсе жакшы болот деди. Бирок бизде бүгүн президенттикке талапкерлердин эң улуусу Назарбаевден 20 жаш кичүү. А мен он алты жаштан ашыгыраакка кичүүмүн. Жаш президент кимге зарыл, бизгеби же Казакстангабы?!”.

Байкоочулар Казакстандын Атамбаевге жообу чек арадагы текшерүүнү катаалдатуусу болду дешти. Азырынча Назарбаев үн каткан жок.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Президент 18-октябрда студенттер менен жолугушууда он бир күн мурда айткан сөздөрүнө комментарий берип, дагы Казакстанга токтолду

Булар кызуу талкуу жараткан Атамбаевдин кезектеги билдирүүлөрү болуп калды. Ал февралда эле Казакстанга сын айтып, 2010-жылы чек арасын жаап алып, адамдардын өлүмүнө жол берген деген. Ага Назарбаев жай гана жооп кайтарган.

“Өлкө башчысы, саясатчы болуш үчүн пилдей калың терилүү болушуң керек. Мындай нерселердин ар бирине көңүл бурууга болбойт. Сөз айтылат, кетет. Албетте өлкө башчысы болгондон кийин ойлонуп, абайлап сүйлөш керек. Биздин мамилебиз мындан бузулуп калат деп ойлобойм”, - деген эле Назарбаев 2017-жылдын март айында.

Саясатчылар болсо Атамбаевдин катуу, өзгөчө билдирүүлөрүнө алты жылда көнүп деле калдык дешет. Ушул жылы жайында Астанага барганда Казакстан уюштурган ЭКСПОго суктанганын айтуу менен мынчалык чыгымы чоң иш чара өткөрсөм “мени өрттөп жиберишмек” дегени да талкуу жараткан.

2016-жылдын этегиндеги сөзүндө Американын аскердик базасын чыгардык, Орусия да аскердик базасын алып чыгып кетиш керек болот, деп күтүлбөгөн билдирүү жасаган.

Өткөн жылы эгемендик күнүндө эл алдында суйлөп жатып, койлор текени ээрчийт деген аңгемеси сатириктерге тема болду.

Өткөн жылы укук короочуларды “грантын актап жүргөн грант жегичтер” деп эл алдында атаган. Ал боюнча укук коргоочулар сотко кайрылган.

Image caption КР мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов президент чынында эмоцияга алдырып сүйлөйт, атайын даярдалган технология эмес дейт

Мындай билдирүүлөрдү санай берсе алты жылдыкы абдан көп. Айрымдары президент кебинде жаргондорду, орой сыпаттоолорду колдонорун белгилеп келишет.

2007-жылы парламенттик шайлоо алдында анын партиясы үчүн иштеген пиар адис Азим Азимов жакында жарыялаган блогунда Атамбаевдин эл алдында сүйлөөчү сөзүн адистер эмес, өзү гана жазарын ошондо байкагам деп белгилейт.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов президенттин сөзү тууралуу буларды байкаган:

“Ал 70-80 пайыз сөзүн даярдайт. Мисалы, жакында БУУда сүйлөгөн сөзүндө глобалдык, регионалдык маселелерге келгенде алдын ала даярдалганы көрүнүп турат. Ал эми шайлоого байланыштуу кыргыз элине БУУнун трибунасынан кайрылганы өзүнүн кошкону. Президенттер же премьер министрлер БУУнун трибунасында туруп өз элине кайрылганын уккан эмесмин. Ага мамлекетинде көп мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин президент эми ушундай өзгөчө”, - деди Жекшенкулов.

Ал эми дагы бир дипломат, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талантбек Кушчубеков мамлекеттин башындагы кишилер үчүн өтө зарыл болгон сапат сабырдуулук дейт. Ал сабырдуулук тыш менен мамиле курууга да керектигин, саясатчы кубангандагы эмоцияны да башкаруусу маанилүү экенин айтты.

“Мындай күтүлбөгөн сөздөрдү мурда иштебей жүрүп эле келип калган кишилерден көбүрөөк угууга болот. Өзүнчө бош иштеген, айталы, чыгармачыл чөйрөдөн келгендер оюн айта берет. Анткени анын ички дүйнөсү ошондой. Ал эми өкмөттүн кызматында өзүнүн чектери бар. Өзгөчө эл аралык мамилелерде абайлаш керек. Бекеринен дипломатия деп айтылбайт. Аны үйрөнүш убакытты, тажрыйбаны талап кылат”, – деди Кушчубеков.

Атамбаевдин Назарбаевге айткан сөзүн жактагандар да чыкты. Саясат таануучу Айнура Арзыматова Атамбаев туура кылганын мындай негиздейт:

“Ага чейин Темир Сариев казакстандык Утемуратов менен сүйлөшкөнү чыкты. Темир Жумакадыров каза болгону баарын нес кылып турган учур эле. Ошондуктан Атамбаев эмоция менен билдирүү жасады. Бирок ал туура кылды. Казак элитасы, биздин шайлоого кийлигишкенди токтоткула деш керек эле”.

КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат Карамат Орозова болсо өлкө башчысы татаал учурларда элге багыт бериш керек дейт:

“Шайлоо алдында ар кандай каралоолор, кара пиар көп болуп жаткандыктан президент элге туура маалымат берип, кырдаалды түшүндүрүп берди деп түшүндүм мен”.

Бирок Жекшенкулов президент мырзанын мүнөзүн жана казак-кыргыздын бөлүнбөс калктар экенин эске алганда Атамбаев ачууга алдырып гана сүйлөгөн деп ишенет.

Кушчубеков дагы Атамбаев чыны менен эмоцияга алдыргандыктан катуу айыптады дейт.