ЕАЭБ эрежелерин ким бузуп жатат?

Кыргыз премьер-министри Сапар Исаковдун Астанага биринчи сапары кыргыз-казак мамилеси курчуп турган учурга туш келди. Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыргыз премьер-министри Сапар Исаковдун Астанага биринчи сапары кыргыз-казак мамилеси курчуп турган учурга туш келди.

Кыргызстандын премьер-министри сапар Исаков Астанадан Казакстандын өкмөт башчысы менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, чек арадан артыкчылыктуу өткөрүү тартибин макулдашып кайтты. Казакстандын премьер-министри Б. Сагынтаев Евразиялык экономикалык биримдиктин нормаларын аткарбай жатат деп Кыргызстандын өзүнө доомат койду.

18-октябрда кыргыз премьер-министр Сапар Исаков менен Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагынтаев өз алдынча жана чоң форматта отуруп сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Казакстан Республикасынын премьер-министринин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы төлөмдөрүн жана салыктын алынышын ЕАЭС жана Дүйнөлүк соода уюмунун нормаларына шайкеш жүргүзүү маселелери каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 19-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасынан өткөрүүнүн артыкчылыктуу тартиби ишке кирмей болду. Биринчи кезекте тийиштүү тартипте жүгү бар жүргүнчүлөр, регулярдуу каттамдардын, жеңил автоунаанын жүргүнчүлөрү, жүк ташыган транспорттук каражаттар өтмөкчү.

Сүрөттүн автордук укугу AKIpress
Image caption Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын колоннасы жети километрге созулуп кетти.

Андан сырткары, эки өлкөнүн премьер-министрлеринин биринчи орун басарларынын төрагалыгы алдында эки тараптуу экономикалык маселелердин актуалдуу маселелери боюнча «Жол картасын» даярдап чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Актуалдуу маселе демекчи, Казакстандын премьер-министри Б. Сагынтаев Кыргызстанды Евразиялык экономикалык биримдиктин нормаларын аткарбай жатканын билдирген. Атап айтканда, кыргызстандык соодагерлердин Кытайдан Казакстан аркылуу транзит менен алып өтүүчү товарлары туура эмес декларацияланганын, бул кемчиликти кыргыз премьер-министри Сапар Исаков да моюнга алганын айтты.

Кыргызстан буга чейин Казакстандын өзүн ЕАЭБдин жана Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин бузуп жатат деп айыптап келгени белгилүү. Эми Казакстан тараптын дооматына байланыштуу кыргыз өкмөтү кандай түшүндүрмө берет деп ММКлар жапырт күтүп калды.

Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо болордун алдында президент Атамбаевдин Казакстанды шайлоого кийлигишип жатат деп айыптаган билдирүүсүнөн кийин кыргыз-казак чек арасында өтүш көп кыйынчылыктарга тушукту. Чек ара бекеттеринде узун-узун кезектер пайда болду. Кыргыз тарапта эле чек арадан өтө албай 600 дөн ашуун жүк ташыган унаалар кезек күтүп зарыгып турат. Чек арадагы кыйынчылыктардан улам кыргызстандык ишкерлер абдан көп зыянга учурап жатышканын айтууда.

Тема боюнча башка макалалар