Астанадагы сүйлөшүүлөр: Талкууланчу маселелер дагы көп

Кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен

Премьер-министрлер деңгээлиндеги Астанадагы кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүү эмне менен бүткөнү бүдөмүк. Эки өлкөнүн өкмөт аралык жолугушуу жыйынтыгы боюнча казак премьери Бакытжан Сагинтаев Кыргызстан ЕАЭБ биримдиктин талаптарын аткарбай жатат деген кайчы айыптоо менен чыгып, ал тургай кыргыз тарап бул айыптоолорго моюндаганын билдирди.

Кытайдан Россияга товар ташууда кыргызстандык ишкерлер товарларды туура эмес декларациялап, андан Казакстандын экономикасы чыгым тартып жатканы жүйөө келтирилүүдө.

"Мисалы, биздин бажы органдары кыргызстандык импортчу соодагерлердин Кытайдан Казакстан аркылуу (ред. Россияга) транзит менен алып өтүүчү товарлары туура эмес декларацияланганын аныкташууда. Мындан Казакстандын экономикасы түздөн түз чыгымга учурап жатат. Бул маселени кыргыз тарап да моюнуна алды жана премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандын ЕАЭБ алдындагы милдеттенмелерин так аткарууга жана биримдиктин экономикалык кызыкчылыктарын сактоого байланышкан бул маселени чечүүгө кепилдик берди"- деди Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча.

Кыргыз тарап Астанадагы сүйлөшүүлөр жыйынтыгы боюнча ашыкча комментарий бере элек.

Казакстан коюп жаткан ЕАЭБ алкагындагы айыптоолор боюнча да үн каткан жок.

Өкмөттүк делегациянын көбү Астанада калды

Өкмөттүн басма сөз кызматы сүйлөшүүлөр жыйынтыгы тууралуу расмий сайтында катардагы кыска билдирүү жасап, сүйлөшүүлөр жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министрдин видеосун таратты.

"Дагы талкуулоо муктаждыгы бар бир катар маселелер калды. Бул себептүү кыргыз делегациясынын бир бөлүгү Казакстанда калган. Мен эртең аларга барып кошулам. Беш күн ичинде чек арадагы кырдаалды жакшыртуу боюнча эки тараптын аракеттери боюнча протокол иштелип чыгып, макулдашылышы керек"- дейт ал видеодо Толкунбек Абдыгулов.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Би-Би-Сиге билдиргендей, Астанага кеткен 30 адамдан турган делегациянын дээрлик көпчүлүгү Казакстанда калып, Кыргызстанга өкмөт башчы Сапар Исаков, биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгулов, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Каржы полициясынын жетекчиси Замирбек Осмонов кайтып келишти.

Абал салыштырмалуу жакшырды

18-октябрда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бүгүнтөн тарта кыргыз-казак чек арасынан өткөрүүнүн артыкчылыктуу тартиби ишке кирди. Ага ылайык биринчи кезекте тийиштүү тартипте жүгү бар жүргүнчүлөр, регулярдуу каттамдардын, жеңил автоунаанын жүргүнчүлөрү өткөрүлүшү керек эле.

Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде жүргөн журналисттер, ушу тапта өткөрмө бекеттерде узун кезектер суюлуп, абал жанданып калганын айтып жатышат.

Ал эми «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттеринде оор жүк ташуучу унаалар кое бериле баштады.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Боромбаева: Бизнес бирикмелери ЕАЭКтин Ишкер кеңешине расмий кайрылды

"Мен азыр "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде турам. Эртеден бери жылыш бар. Э ки-үч чакырым тизилип турган фуралар кирип кетти. Бирок кезегин күткөн фуралар дагы деле 4-5 чакырымга созулуп атат. Бул жакта жалгыз гана кыргызстандык ишкерлер эмес, россиялык, казакстандык да машиналар күтүп атат. Экспортко, импортко кетип аткан товарларга абдан залакасы тийип атат",- деди Би-Би-Сиге Бизнес ассоциацияларынын улуттук альянсынын жетекчиси Эльвира Боромбаева.

Анын айтымында чек арада түзүлгөн кырдаалга камтама болгон бизнес бирикмелери ЕАЭКтин Ишкер кеңешине расмий кайрылды. Кайрылуу катындан ЕАЭБ аймагындагы түзүлгөн бул жагдайдан ишкерлер олуттуу чыгымдар тартып жатканы алардын өтөөсүн ким чыгарат деген маселе коюлду.

Ал арада кийинки айда ЕАЭБдин Ишкер жыйыны Бишкекте кеңешке чогулары күтүлүүдө. Жергиликтүү бизнес ассоциациялар иш-чарада сөзсүз чек арадагы кошумча көзөмөл киргизүү маселесин көтөргөнү жатышат.

Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо болордун алдында президент Атамбаевдин Казакстанды шайлоого кийлигишип жатат деп айыптаган билдирүүсүнөн кийин кыргыз-казак чек арасында өтүш көп кыйынчылыктарга тушукту.

Тектеш темалар