Канатбек Исаев боюнча парламенттик комиссия түзүү сунушталды

"Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаев шайлоодо Өмүрбек Бабановду сүрөп жаткан
Image caption "Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаев шайлоодо Өмүрбек Бабановду сүрөп жаткан

Парламенттин жалпы жыйынында вице-спикер, “Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова депутат Канатбек Исаев боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Исаев мүчө болгон, мурда жетектеген “Кыргызстан” фракциясы бул боюнча үн каткан жок.

Алтынай Өмүрбекова биринчиден, тилектештик үчүн комиссия түзүш керек, экинчиден, оор кылмыштарга шектелип жаткандыктан териштирчү жагдайлары көп деди Би-Би-Сиге.

“Депутаттарга иш козголгондо дайыма парламент өз алдынча иликтеп келген. Исаевдин ишин өзгөчө жакшы иликтеш керек деп ойлойм. Анткени оор кылмыштар боюнча айыпталып жатат. Аны такташ керек. Исаев камакка алынганда бир нече депутат УКМКга маалымат алуу үчүн барганда кире алган эмеспиз, анткени жашыруун грифин коюп коюптур. Ал эми ар бир депутаттын жашыруун материалдар менен таанышууга укугу бар. Демек биз муну карай алабыз”, - деди Алтынай Өмүрбекова.

Өмүрбекова аталган кылмыш иши эмнеге жашыруун экенин да такташ керектигин кошумчалады. Ал комиссия түзүү үчүн адегенде фракция чечими болуш керек деп, аны Жогорку Кеңештеги кесиптештери колдоп колдобосун азыр билбей турганын айтты.

Канатбек Исаевдин үстүнөн азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Райондук сот тергөө учурунда эки айга камакта калтырууну чечкен. Шаардык сот аны күчүндө калтырды.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Вице-спикер Алтынай Өмүрбекова Канатбек Исаевдин иши өзгөчө объективдүү териштирилиш керек дейт

Исаев мүчө парламенттеги “Кыргызстан” фракциясы комиссия түзүү же башка чараларды көрүү боюнча үн каткан жок. Буга чейин адилет териштирүүнү суранган.

Ал тапта Исаевдин кызыкчылыгын жаңы адвокат коргой баштады. Өмүрбек Текебаевди коргоп жаткан Чынара Жакупбекова Исаевди эки иште тең жактайт.

Исаевке козголгон мурдагы кылмыш иши боюнча соттук териштирүү райондук сотто жүрүп жатат. Анда азыр күбөлөр суралууда. 19-октябрда Биринчи май райондук сотунда соттук жыйын өтмөк, күбөлөр келбегенине байланыштуу жылдырылды. Жакупбекова ишти жаңы баштагандыктан таанышууга бир ай сураган, бирок сот канааттандырган жок. Бул тууралуу Чынара Жакупбекова билдирди.

“Мурдагы иши боюнча бүгүн биринч жолу соттук жыйынга келдим. Иш менен таанышып чыга элекмин. Ал эми экинчи иш боюнча эч нерсе айта албайм, анткени жашыруун грифи коюлган, мындан кийин деле маалымат берилбейт. Исаевдин абалы жакшы, көрүшүп жатам”, - деди Би-Би-Сиге Жакупбекова.

Исаевди коргоо комитети түзүлүп, ага УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, парламенттин мурдагы спикери Зайнидин Курманов жана башка белгилүү ишмерлер кирген. Анын мүчөсү, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Мамбетжунус Абылов бийлик атайын чагым кылып жатат, анткени далил катары колдонулган бийликти басып алуу боюнча аудиотасмада Исаев сүйлөшүп жаткан жок деди:

“Исаевге үч берене боюнча кылмыш иши козголду. Биринчиси башаламандык уюштуруу, экинчиси бийликти күч менен басып алуу, үчүнчүсү кылмышка даярдануу. Бирок бул кылмыштар болгон жок да. Башаламандык болгон жок, бийликти басып алган жок. Ошону жасамак деп камап жатат. Аны далилдеш үчүн такыр башка эки кишинин сүйлөшүүсүн колдонуп жатат. Алар ким? Балким атайын буйрук менен сүйлөшкөндүр. Ушу кантип чындыкка жатсын? Кармаш үчүн үчүнчү үн болуп Канат Исаев сүйлөш керек же видеосу болуш керек”.

Image caption Адвокат Чынара Жакупбекова Канатбек Исаевди эки иште тең коргойт

Исаевдин тарапташтары ал эми видеодо Канат Исаев акчаны шайлоого байланыштуу тараткан деп айтышууда.

Ал эми Улуттук коопсуздукту коргоо комитети бул атайын чагым деген билдирүүлөргө жооп кылып Канат Исаевдин кылган кылмыштары далилденип жатат деген билдирүү тараткан.

“Иштин материалдарында соттун уруксаты менен тартылган видео жана аудио материалдар менен тастыкталган күбөлөрдүн түз көрсөтмөлөрү бар. Алар Исаев жана анын тарапташтары бийликке мыйзамсыз, күч менен келүү максатында шайлоо учурунда жана андан кийин добуш берүү жасалмаланды деген шылтоо менен өлкөнү, аймактарды туруксуздаштыруу планын иштеп жатканын көрсөттү”, - деп маалымдаган УКМК.

Исаев менен кармалган үч киши да эки айга , 30-ноябрга чейин камакта калтырылды.

Канатбек Исаев 30-сентябрда мамлекеттик кылмышка даярдык көрүүгө, бийликти күч менен басып алууга жана башаламандык уюштурууга шектелип кармалган.

Андан мурда интернетке Канатбек Исаев делген адамдын башка кишилерге акча берип жатканы тууралуу тасма тараган. Кийин дагы аудиотасмалар чыгып, анда эки жаран башаламандык уюштуруу үчүн көп суммадагы акчаны алганын жана башка учурларды сүйлөшөт. Бийлик жана УКМК шайлоодо башаламандык чыгуу коркунучу бар деп келди.

Исаевге мурда козголгон кылмыш иши Токмок шаарында мэр болуп тургандагы жер маселесине байланыштуу.