Чек ара кризиси: Чечилбеген бажы көйгөйлөрү

ЕАЭБге чейин Кыргызстанда бажы саясаты ДСУ жоболоруна негизделчү Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption ЕАЭБге чейин Кыргызстанда бажы саясаты ДСУ жоболоруна негизделчү

Кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттериндеги абал жанданганы менен маселе толугу менен чечиле элек. Бейшембиде президент Алмазбек Атамбаев Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкө алакасы, анын ичинде, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгы жөнүндө да пикир алышты.

Кремлден чабарман келди

Телефон аркылуу сүйлөшүүгө улай эле Кыргызстанга Путиндин кеңешчиси Сергея Глазьев келип, Атамбаевдин кабылдоосунда болду. Глазьев Бишкекке "ЕАЭБ шарттарында ишкердикти өнүктүрүүнүн экономикалык-экономикалык маселелери" эл аралык илимий конференцияга келди делгени менен, ал Кремлден ЕАЭБге мүчө араздашкан эки өлкө мамилесин жөндөгөнү жиберилгени каңкууланып жатат.

Коңшу өлкөлөр бирин-бирине ЕАЭБ эрежелерин бузууда деген кайчы айыптоолор менен чыгууда.

Чек-арадагы көзөмөл айынан чыңалган кыргыз-казак мамилеси Кыргызстандын өзүндөгү айрым жарааттардын оозун ачкандай болду.

"Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле"

Казакстандын бажы органдары кыргызстандык импортчу соодагерлердин Кытайдан Казакстан аркылуу транзит менен алып өтүүчү товарлары туура эмес декларацияланганын аныкташкан. Казак тарап өлкө экономикасы мындан улам тикелей чыгымдарга учурап жатканын айтып, Кыргызстан ЕАЭБ эрежелерин бузуп жатат деп күнөөлөдө.

Кыргызстан-Кытай ортосундагы товар алмашуудагы декларациялык келишпестиктер боюнча буга чейин деле сындар айтылып келген. Ал тургай жергиликтүү айрым журналисттер Улуттук статистикалык комитет жана Дүйнөлүк банктын маалыматтарынын негизинде эки өлкөнүн товар алмашуудагы расмий сандык берүүлөрүн салыштырып, оркойгон айырмачылыктарды тапкан эле.

Товар алмашуу көлөмү боюнча эки өлкөнүн бажычылары берген сандык берүүлөрдөгү айырма төрт эсеге тетелейт.

Маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн.

"Эмне үчүн Кытай тарап берген декларация менен биз берген сандар айырмаланат деп биз бул маселени парламентте да көтөргөнбүз. Бирок бизге ал жакта товар тоннасына эсептелинет, ал эми бизде ар бир товардын даанасы (ред.штучно) боюнча бажы төлөмү эсептелинет деп түшүндүрүшкөн. Ушул нерселерди бирдей деле кылып койсо болот эле. Транзиттик өлкө болуп туруп, ошондой нерселер менен башка мамлекеттерге чыгарып атканыбызды башка мамлекеттер деле түшүнөт да"- деди Би-Би-Сиге парламенттеги "Республика" фракциясынан Максат Сабиров.

Депутат мамлекетке түшчү акчалар жеке чөнтөккө кетпеш үчүн бажы тармагын жана саясатын дагы бир жолу карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Бажы саясатында ДСУдан ЕАЭБ шарттарына өтүүдө эмне өзгөрдү?

Кыргызстан ЕАЭБге мүчөлүккө кирерге чейин бажы процедуралары Дүйнөлүк соода уюмунун жоболоруна ылайык жүрүп, сырттан товар ташып келүүдөгү бажы төлөмү товардын дүңүнөн салмагына $0,35 көбөйтүү менен бычылчу.

Мисалга, буга чейин кийим-кечектерди түрүнө карабай "керектөө товарлары" категориясына киргизип, көйнөкпү же шымды айырмасыз, салмагын дүңүнөн бир эсептеп төлөмүн чыгарышчу.

ЕАЭБге киргени "Жүк ташуу бажы декларациясы" иштеп, төлөм мурункудай товардын салмагынан дүңүнөн чыгарылбай, ар бир товарга өзүнчө төлөм киргизилди. Башкача айтканда товар катары көйнөк, шымдын баасы ар бириники өзүнчө эсептелинип, бажы төлөм чекене бычылып, анан барып жалпы бажы төлөмү чыгарылып калды.

Белгилей кетүүчү нерсе, биримдиктин талабы боюнча ар бир өлкө ар бир товарга карата бажы баа саясатын жашыруун сакташы керек. Бул ачык-айкынсыздык өз кезегинде көз боемочулукка жол ачканы айтылып жүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы кызматы 2017-жыл үчүн отчету чыга элек. Кызматтан Би-Би-Сиге билдиришкендей азырынча бажы жаатында катталган кылмыштар барбы, бар болсо статистикасы кандай жыйынтыгын чыгарыша элек.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Чороев: Экономикалык категория менен алганда Кыргызстан ЕАЭБ аймагына кирет

Ошентсе да экономист Кубан Чороев бажы тармагында товар ташууда жылчык схемалардын бар экенин четке какпайт.

"Кыргызстандын бажы кызматында кемчиликтер болуп келген, товарларды арзан киргизип. Экономикалык категория менен алганда Кыргызстан ЕАЭБдин территориясы деп эсептелет. Бирок ал жерде кандайдыр бир жылчыкчалар болуп атат да, ошол жылчыктарды казак тарап чын эле жүйөөлүү айтып берип атат. ЕАЭБге Кытайдан товарлар Казакстан эмес Россияга чейин кетип атат. Жылчык сехмаларга мурда алар көз жуумп келген болсо, эми ачыкка чыгарып Кыргызстандын бетине коюуда",- деди Чороев.

Экономисттин пикиринде бажы жаатында орун алган бул көрүнүш ЕАЭБ келишимин бузганга жатат.

Саясий негиздеги тирешүү

Ошентсе да Кубан Чороев ЕАЭБ алкагындагы азыркы Кыргызстан менен Казакстан ортосунда түзүлгөн келишпестиктердин себебинин экономикалык эмес, саясий негиздери болду деген ойдо.

Атамбаев казак өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановду кабыл алганы үчүн 7-октябрда өткөн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде казак бийлигинин дарегин катуу сындар айткан.

Андан көп өтпөй эле, 10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандан кирген автоунааларды текшерүүнү күчөтүп, анын ичинде жүк ташуучу унаалардын айрымдарын "ЕАЭБдин талаптарына жооп бербейт" деген негиз менен артка кайтара баштады.

Кыргыз өкмөтү Казакстандын бул аракети "ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн негизги макулдашуусун бузуп жатканын" билдирип, ЕАЭБ жана Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылган эле.

Бирок 18-октябрда Астанада эки өкмөт башчылары жолугуп, абалды жайгаруу боюнча Жол картасы үстүнөн иш жүрүүдө.

Ал арада Астана жетишилген келишим боюнча чек арадагы өткөрмө бекеттерде абал жакшырып калганы айтылууда.

Маалымдама:

Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүндө соңку бир жылдагы Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода алакаларындагы эң көп үлүшү Россияга (60,2%), андан кийин эле Казакстанга (38,1%) туура келди.

Кыргызстан Казакстанга мөмө-жемиш, сүт азыктарын, электрдик машина жабдууларын, айнек жана трикотаждык кийимдерди экспорттойт. Ал эми ошол эле Казакстан аркылуу Россияга текстиль товарларын, кургатылган жашылча-жемиш, машина шаймандарын экспорттойт.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар