Кыргызстан Казакстандын $100 млн жардамынан баш тартууну чечти

Кыргыз жана казак өкмөт башчыларынын 19-октябрда Астанадагы сүйлөшүүлөрү Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыргыз жана казак өкмөт башчыларынын 19-октябрда Астанадагы сүйлөшүүлөрү кризистик мамилелерди дароо оңдоп жибере албады.

Кыргызстан Казакстандын $100 млн жардамынан расмий түрдө баш тарткан жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түшүп, биринчи кезекте каралмакчы. Бул маалыматты Би-Би-Сиге Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан ырасташты.

Бишкек денонсация кыла турган макулдашууга 2016-жылы кол коюлган. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүү шартында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Казакстан 100 млн АКШ долларына барабар суммада жардам көрсөтүүгө милдеттенген.

Биринчи этапта Казакстан $41 млн котормок, бирок ал каражаттарды кыргыз тарап ала элек.

Бул иштер башталардын алдында президент Атамбаев Казакстан тараптын чек арадагы тоскоолдуктарына нааразы болуп, Астана убада кылган $100 млн жардамдын пайдасынан машакаты кѳп болуп жатканын айткан.

"Азыр бизге Казакстан 100 млн инвестиция берип жатканын кадыр колко кылып жатат. Биринчиден, бул мен 2007-жылы премьер-министр болуп турганда кол коюшкан 100 млн. Он жыл мурда кыргыз-казак фондун түзөбүз, Казакстан бизге 100 млн инвестиция берет деп макулдашууга кол коюшканбыз. 2014-жылы мен айттым, Нурсултан Абишевич, силер качандыр бир акча бере турган түрүңөр жок. Келгиле андан көрө силерге кереги жок темир-тезек, жабдуулар менен бүтүрөлү, биз ЕврАзЭске кирип атабыз деп айтып макулдаштык. Бул техникалык жардам деп аталат. Бул 2014-жылы болгон, мына алар үч жыл күтүштү биздин ЕАЭБке проблема менен келишибизди. Чынын айтканда, бизге бул жардамдын кереги жок. Санкт-Петербургда мен Нурсултан Назарбаевге айттым, силердин мындай жардамыңардын таптакыр кереги жок деп. Петербургда декабрда болгон жыйындын стенограммасын карап көрсө болот. Алар он жыл мурда убада кылган жардамын колко кылып жатат. Ал бизге алиге жете элек. Мындай жардамдан баш тартуу керек. Мындай темир-тезекти алда канча арзан сатып алса болот. Керек болсо, мен президент болсом да, болбосом да өзүм акча таап берем»,-деген эле Алмазбек Атамбаев.

Бишкектин бул жүрүшү кыргыз-казак мамилесиндеги кризисти ого бетер тереңдетиши мүмкүн. Муну менен кыргыз тарап кандай максатты көздөп жатканы азыр так белгилүү эмес.

Президент Атамбаевдин Казакстан президенти Назарбаевди эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатат деп айыптаган билдирүүлөрүнөн кийин казак тарап кыргыз-казак чек араларында текшерүүлөрдү күчөтүп баштаган. Чек ара бекеттеринде жүргүнчүлөрдүн жана жүк ташуучу унаалардын узун-узун колонналары пайда болду.

Сүрөттүн автордук укугу AKIPRESS
Image caption Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын колоннасы жети километрге созулуп кетти.

Кыргыз өкмөтү Казакстан биримдиктин эрежелерин бузуп жатат деп ЕАЭБке жана Дүйнөлүк соода уюмуна арыз жолдогон.

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков 19-октябрда Астанада казак кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенден кийин чек арада жүргүнчүлөрдү өткөрүү жеңилдеп калды. Бирок жүктөрдү өткөрүүдөгү тоскоолдуктар жоюла элек.

Астана Кытайдан келген товарларды туура эмес каттоого алып жатат деп кыргыз тараптын өзүнө доомат коюуда. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар