Өрттөнгөн кафелердин конструкциясы жеңил болгон

"Бухара" кафеси
Image caption "Бухара" кафеси

“Бигмар” жоопкерчилиги чектелген уюмга тиешелүү жети кафе жана бир фитнес зал өрттөндү. Оор жаракат алган адамдар жок. Алар “Корчма”, “Марио”, “Ганбей”, “Кайзер”, “Бухара”, “Барклайс”, “Асанбай” жана “Дельта фитнес” залы. Зал менен беш кафе эң көп жабыркап, толугу менен күйүп кеткенин көрдүк.

Өрт жекшемби эртең менен, адам аз учурда башталгандыктан имарат ээлери кайсы жеринен чыкканын айтып бере алышкан жок.

Кожоюндун өкүлүмүн деген Элдияр Урдинов имарат быйыл гана бүтүп, колдонууга чекеден берилип жаткан деди Би-Би-Сиге:

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
“Бигмар” жоопкерчилиги чектелген уюмга тиешелүү жети кафе жана бир фитнес зал өрттөндү.

“Сентябрда бүтүп, октябрдын башында колдонууга бергенбиз. Кечээ эртең менен он жарымда мага чалышты, өзү өрт тогуз жарым, ондордо башталыптыр. Кафелердин баары ижарага алып иштетишчү, ижарага тапшырганбыз. Мен келгенде экинчи кафе, “Ганбей” өрттөнүп жатыптыр. Биринчисинин аты “Марио” болчу. Себеби тууралуу эч нерсе айта албайм”.

Себеби экспертизадан кийин гана белгилүү болот, бирок божомолдуу электр жабдыктарынан болушу мүмкүн деген версия бар. Атайын өрт коюу деген версия болушу мүмкүн эмес дешти өрт өчүргүчтөр.

Жалпысынан 3100 чарчы метр өрттөндү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Абдылда уулу Сталбектин айтымында, өрт аянты орточо болуп эсептелет:

Image caption Жекшемби эртең менен башталган өрт катардагы бардык кафени жалмаган

“Имараттын баары эле жеңил түзүлүштөн курулган. Бирок курулуштун сапаты боюнча азыр айта албайм, иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошонун ичинде туура курулганбы, кандай материал колдонулганы каралат. Алдын ала божомол боюнча электр жабдыктарын туура эмес колдонуудан чыгышы мүмкүн деген пикир бар, бирок маалымат тактала элек”.

Кафелердин бири, күлү гана калган “Бухаранын” ичинде электрик Владимир иштеп жатыптыр:

“Бул жердин электрдик зымдарын башынан мен жасагамын. Андан кийин улам чакыруу менен келип турдум. Электр тармагында эч кандай маселе болушу мүмкүн эмес”.

Ишкерлерди колдоо максатында мыйзамга кирген толуктоолорго ылайык, алгачкы үч жылда текшерүүгө болбойт. Мамлекттик экологиялык жана техникалык инспекциянын инспектору Болот Туячиев андыктан бул имараттардын курулушу же коопсуздук чаралары кандай экенин билчү эмеспиз деди.

“Мыйзам ушул жылдын май айында күчүнө кирген. Ага ылайык, жаңы ачылган ишкерлик субъекттерди үч жыл ичинде текшере албайбыз. Бул имараттардын курулушу эми бүт эле жеңил экен, жыгачтан. Курулуп жатканда талаптарды аткарышканбы, жокпу текшерүүнүн жүрүшүндө анык болот”, - деди Туячиев.

Ошондо ишкерлик үчүн жаңы имараттардын коопсуздук боюнча жоопкерчилиги имараттын курулушуна жооп берген тараптарда гана болуп калат.

Image caption ӨКМнүн бөлүм башчысы Абдылда уулу Сталбек имараттардын конструкциясы жеңил болгон дейт

Курулуш боюнча адис, “Үй куруучулар” партиясынын башчысы Бейшенбек Абдрасаков коомдук имараттар өрткө туруктуу бышык кыш, бетон менен салып, жыгачтары өрткө туруктуулук берген зат менен жалатылыш керек деди.

Абдрасаков бат жана арзан куруу максатында азыр жеңил материалдардан курулган үйлөр көбөйдү дейт. Айрыкча дубалдарды жылуулаганда, көп кабаттуу имараттардын чатырларын колдончу үйгө айландырганда оңой күйчү желим менен оролуп жаткан экен:

“Кыргызстанда курулушка, курулуш материалдарына стандарт киргизиш керек. Азыр темир же жыгач менен салып, пенапласт менен жылуулап эле элге берип жатышат. Мындай кырсык биринчи жолу катталган жок да. Былтыры Панфилов көчөсүндө бийик үйдүн бешинчи кабаты, 100 чарчы метр толугу менен өрттөндү. Кичи райондордо жаңы салынып жаткан үйлөр күйүп кетти. Ушунун баарынын негизги себеби пенапласт болуп жатат”.

Абдрасаков курулуштардын сапаты айрыкча жеке сектордо начар экенин белгиледи. Ал имарат курулуп жатканда ар түрдүү адистерден жана тармактардан турган комиссиядан өтүү начарлап, акча менен бир гана кишинин оозун басып коюу ушундай көп чыгымдарга, айрым учурда адам ден соолугу менен өмүрүнө коркунуч алып келип жатканына көңүл бурду.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн маалыматында, ушул жылдагы өрт кырсыктарын алганда эң биринчи себеби, дээрлик 51 пайызы оттон чыгат. Экинчи себеби, электр жабдыктарынан, 23 пайыз, балдардын от менен ойноосу 8 пайыздан ашык себеп болот.

Жалпы өрт кырсыктарынын 45 пайызы турак-үйлөргө туура келет.