Кышка отун-суу даярбы?

Бишкекте өткөн маалымат жыйыны
Image caption Бишкекте өткөн маалымат жыйыны

Өкмөт быйылкы жылы кышка даярдык дурус экенин айтып, көмүр таңкыстыгы болбойт деген маалымат таратты. Быйыл көмүр кымбат болот деген дүрбөлөң казак-кыргыз чек арасында көйгөй чыккандан бери бир нече ирет көтөрүлдү.

Демейде кургакчылыктан улам суу сактагычтарда жетиштүү суу топтолбой, кышка жакын калганда энергетикалык каатчылык жаралып келсе, бул жылы суу сактагычтардагы норма ашыгы менен топтолуп, кышкы коркунуч башка тараптан торучудай.

Атап айтканда, Астананын көмүрдү экспорттого чектөө киргизүү сунушу кыргыз тарапты бир топ сестентти. Анткени Кыргызстан кышы бою колдончу көмүрдүн сексен пайыздайын Казакстандан импорттойт.

Анткен менен расмийлер бүгүн Кыргызстан кышка даяр экенин айтып, быйыл көмүр таңкыстыгы болбой деп маалымат таратты.

"Жарандар пайдаланчу көмүр боюнча учурда Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Көмүр кымбаттайт деп айтууга эч кандай негиз жок. Көмүрду кымбат саткандардын ишин иликтөө үчүн өкмөттөн атайын топ түзүлгөн, иликтеп жатышат. Сиздер дагы кайрылсаңыздар болот. Баалары былтыркыдай эле болот, региондорго жараша өзгөрүшү мүмкүн", - деди Би-Би-Сиге Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчи орун басары Кубан Мырзаканов.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, кышка даярдык күз киргенден бери жүрүп, тоолуу аймактардагы мектеп-ооруканалар көмүр менен камсыздалып бүттү. Бишкекте болсо ушу тапта жылуулук борборунун кампасында 109 миң тоннага жакын көмүр бар.

Өкмөт тарабынан быйыл кышкы сезонго 2,5млрд. сомдой акча каралып, электр энергиясын күчтөндүрүү, жылытуу системасын көмүргө өткөрүү талаптары жай бою эле айтылып келди. Бирок Отун энергетика маселелери боюнча көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиевдин баамында быйылкы кышкы даярдыктарды начар болуп жатат:

"Кышка даярдык толугу менен жок деп айтсак болот. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көп деп таянып жатышат, чынында аны электр энергиясы катары жарандарга жеткирүү маселеси турат. Азыр байкасак, чоң-чоң эле көчө-айылдарда жарык өчүп атат. Көмүр тууралуу айта кетсем, Кыргызстандагы көмүр чыгарчу жайларды жакшы иштетсе, пландаса өзүн-өзү камсыздай алат. Бизде жумуш начар болуп жатпайбы.

Image caption Кыргызстан жылына 2 миллион тоннадай көмүр керектейт.

Кыргызстан жылына 2 миллион тоннадай көмүр керектейт. Өзүн-өзү толук камсыздай албагандыктан, коңшу Казакстандан да сатып алат.

Расмийлер кышында көмүр жетиштүү болуп, жарык убагында берилет дегени менен жыл сайын чилде кышта нааразылыктар жер-жерлерде өтүп, кээлери көмүр таңкыстыгын жүйө кылса, дагы башалкары электр жарыгысыз калганын айтып даттанат. Өзгөчө Бишкек шаарынын айланасында жайгашкан жаңы конуштарда да кыштоо өтө татаал. Электр жарыктары ал жактарда ылдам-ылдам өчүп турат. Бул энергетика жабдууларынын абдан эле жешилгени жана кубаттуулуктардын жетишпеситиги менен түшүндүрүлүп келатат.