Кыргыз-казак өкмөт башчылары Ереванда жолугуша турган болду

Кыргыз премьер-министри Сапар Исаковдун Астанага биринчи сапары кыргыз-казак мамилеси курчуп турган учурга туш келди. Сүрөттүн автордук укугу official

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен Армениянын борбору Ереванда жолугуп, жол картасы боюнча сүйлөшүү өтөрөт.

Бул тууралуу казакстандык "Хабар" агенттиги Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип жазып чыкты.

«Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы жол картасын түзүү боюнча жумуштар улантылат. Бул документ өкмөт башчылардын Еравандагы жолугушуусу учурунда кабыл алынат деп күтүлүп жатат. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди. Анын айтымында сүйлөшүүлөр конструктивдүү өтөт",-деп жазды аталган агенттик.

Кыргыз расмийлери бул маалыматты ырастап, бүгүн түштөн кийин кыргызстандык делегация Ерванга жөнөп кетерин айтты.

Кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жолугушуусу ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынынын алкагында болот.

"Бүгүн Алматада Кыргызстандын мыйзамсыз ташылып келинген азык-түлүктөрдү жок кылышты. Текшерүүчүлөрдүн маалыматына караганда, жети жеке ишкер ветеринардык-санитардык талаптарды бузуу менен товарларды саткан",-деп маалымдайт казкстандык басылма. Казак тарап Кыргызстанды Евразиялык экономикалык биримдиктин нормаларын аткарбай жатат деп билдирүүдө.

18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагынтаев жолуккан эле. Жолугушууда чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы төлөмдөрүн жана салыктын алынышын ЕАЭС жана Дүйнөлүк соода уюмунун нормаларына шайкеш жүргүзүү маселелери каралганы белгилүү болгон.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында акыркы апталарда жаралган чек арадан өткөрүү тартибин жеңилдетүү боюнча макулдашуулар болгону айтылган.

Бирок чек арада абал өзгөрүүсүз кала берүүдө. Оор жүк тарткан унаалар Кыргызстандан Казакстан тарапка өтө албай чек арада сааттап кезек күтүп жатышат.

Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдында казак тарап чек арадан өтүү тартибин катаалдаштырып салган. Муну казак тарап Кыргызстандагы шайлоого байланыштырды. Бирок айрым талдоочулар бул жагдайды шайлоо алдындагы президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанды шайлоого кийгилишип жатат деп айыптаган билдирүүсүнө казак бийлигинин жообу катары мүнөздөгөн. (AbA)

Тектеш темалар