Жогорку Кеңеште төрага алмаштыруу планы бышып калды

Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңеш төрагасы болуп 2016-жылы апрелде шайланган. Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңеш төрагасы болуп 2016-жылы апрелде шайланган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кызматынан кетүүгө камынып калганын парламенттеги ишенимдүү булактар билдирип жатышат. Бул бир-эки күндүн ичинде боло турган иш экени айтылууда.

Жогорку Кеңеште төрага алмаштыруунун бир себеби катары бийлик бөлүштүрүүдө регионалдык кызыкчылыкты сактоо керектиги айтылып жатат. Сапар Исаков премьер-министр болгондон кийин өлкөдөгү жогорку жетекчи кызматтардын экөөндө нарындыктар болуп калган. Ошондуктан төраганын ордуна Чүйдөн же Таластан чыккан депутаттардан тандалышы мүмкүн болуп жатат. Биринчи кезекте СДПК фракциясынын лидери Иса Ѳмүркуловдун, "Кыргызстан" фракциясынан Дастан Жумабековдун жана "Бир бол" фракциясынан Аскарбек Шадиевдин талапкерлиги каралууда.

Ошол эле учурда Чыныбай Турсунбековдун кызматынан кетишине себептер эки жарым ай мурда эле пайда болгон деп жатышат. Президенттик шайлоо өнөктүгү башталар алдында СДПК Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары тандап алганда, Чыныбай Турсунбеков дагы талапкерлигин коюуга аракет кылганы белгилүү. Анда СДПКнын саясий жетекчилиги бул жүрүштү партиянын чечимине баш ийбегендик катары катуу айыптап чыгып, төрага так талашуу оюнан баш тарткан.

Президенттик шайлоонун жүрүшүндө төрага бейтарап позицияда болуп, СДПК талапкери Сооронбай Жээнбековду ачык сүрөөнгө алган жок.

Бүгүн СДПК фракциясынын лидери Иса Ѳмүркуловдо коалициялык башкарууга кирген фракция башчыларынын жыйыны өттү. Эртең башкаруучу коалиция кезектеги жыйынында төраганын кызматына талапкерди тандоо маселесин карашы мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption ЖКдагы башкаруучу коалицияга СДПК, "Кыргызстан", "Бир бол" фракциялары кирет.

Ал эми Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшыруу жөнүндө билдирүүсүн парламенттин жалпы жыйынында жарыя кылат деп жатышат. Жогорку Кеңештеги ишенимдүү булактын айтканына караганда, төраганы алмаштыруу "чыр-чатаксыз" чечилип жаткан маселе болуп саналат. Ч. Турсунбеков өз ыктыяры менен ушундай чечимге келүүдө.

Айрым талдоочулардын пикирине караганда, эгер төрага өзү кетпей турган болсо, аны баары бир кетиришмек окшойт. Бирок бул үчүн бир топ убакыт жана бир катар тийиштүү иштерди жүргүзүш керек болмок. Төраганы кызматтан кетирүү үчүн парламенттеги депутаттардын үчтөн экиси же 80ден кем эмес добуш керек болот. (KC)

Тема боюнча башка макалалар