Кыргызстанда кыйноолор азайды

Акыйкатчы институту: Былтыр кыйноо фактысы боюнча 60 арыз түшкөн болсо, быйыл 25 арыз түштү.
Image caption Акыйкатчы институту: Былтыр кыйноо фактысы боюнча 60 арыз түшкөн болсо, быйыл 25 арыз түштү.

Кыргызстанда кыйноолор жыл сайын азаюуда. Бул тууралуу Акыйкатчы институту бир жылдык отчётун берүү алдында кабарлады. Деген менен укук коргоочулар өлкөдө абакта же убактылуу кармоочу жайларда кыйноого кабылгандар дале болсо көп экенин айтып, алар үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатат деп нааразы болууда.

Кыйноолор жана адам укуктарынын сакталышы боюнча Акыйкатчы институту ушул жылдын тогуз айлык отчётун чыгарып жатып, Кыргызстанда кыйноолордун саны бир топ азайганын тууралуу кабарлады.

“Былтыр кыйноо фактысы боюнча 60 арыз түшкөн болсо, быйыл 25 арыз түштү. Кыйноонун бетин жабуу үчүн из же так калтырбоо аракетин көрүшкөн учурлар бар. Аны далилдөөнүн өзү кыйын. Андыктан биз жабык жайларга, убактылуу кармоо жайларына күтүүсүз, түн ичинде барып текшерген учурлар көп. Жалпы тенденцияны айта кетчү болсок, кыйноолор азайып жатат”, - деди Акыйкатчы институнунун аппаратынын бөлүм башчысы Алберт Колопов.

Кыргызстанда кыйноолорго каршы Акыйкатчы институтунан сырткары мамлекеттик жана ар кандай коомдук уюмдар да иш алып барат. Алардын бири Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор. Аталган борборго 2014-жылы алтымыштан ашуун арыз келип түшсө, 2015-жылы 160 чамалуу арыз катталган. Өткөн жылы мындай арыздардын саны 209 га жеткен. Анын жарымына жакыны түздөн-түз кыйноо ишине байланышкан. Ал тургай соңку эки жылы дал ошол арыздардын негизинде жыйырмага жакын кылмыш иши козголгон болсо, ара жолдо калгандары көп. Андыктан аталган борбор бул жааттагы абал жакшы деп айтууга али эрте деп эсептейт.

“2014-2015-жылдарга салыштырмалуу 2016-жылы кыйноо фактылары көбөйгөн. Быйыл жыл башынан бери 165 арыз түштү. Бул сан жыл соңуна чейин дагы өзгөрөт. Негизи бизге кыйноого туш болгондордун баары кайрылбайт, эл ичинде жашырып, коркуп жүргөндөрү дагы көп. Андыктан кесе жыйынтык чыгаруу туура эмес”, -дейт Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов.

Сүрөттүн автордук укугу Getty images
Image caption Кыргызстан 1997-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясына кошулган.

Адистердин же мындай ишке аралашкан адамдардын айтымында кыйноо фактыларын далилдөө оңойго турбайт. Далил жетиштүү болгон айрым учурда дагы жаранга кыйноо жасап жаткан милиция жана жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлери мыйзам чегинде бир да жолу кыйратып жоопко тартылбай келатат дейт мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун:

“Кыйноолор салыштырмалуу азайды деп айта алам. Бирок аны жасаган адамдардын иши сотко өткөн учурда дагы алар тааныш, тууган таап, иш аягына чыкпай калып жатат. Же эң кыйын болсо эскертүү берилет же болбосо айып пул төлөп коюшат. Ошон үчүн жазалоонун жоктугу кылмышты туудуруп жатат”.

Кыргызстан 1997-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясына кошулган. Ал эми эки жыл мурда кыйноолордун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча атайын борбор ачылган. Бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен парламент депутаттары иштеп чыккан мыйзамда кыйноо фактысы катталган бардык жерлерге, анын ичинде жабык жайларга күтүүсүз жана ыкчам барып, мониторинг жүргүзүү укугу Улуттук борборго берилген.