Бажы статистикасы боюнча Кыргызстан Казакстанды да айыптады

Кыргыз-казак чек арасынан өтүү 10-октябрда кыйындап, ушу тапта жүк ташуучу унаалар гана өтө албай жатат
Image caption Кыргыз-казак чек арасынан өтүү 10-октябрда кыйындап, ушу тапта жүк ташуучу унаалар гана өтө албай жатат

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз продукциясын экспорттоо үчүн Казакстандан башка базар издөөнү өкмөткө сунуштады. Ал эми экономика министри Артем Новиков чек ара маселесин чечүү үчүн тынымсыз аракет кылып жатышканын айтуу менен чектелди.

Ереванда айтылгандай, Казакстандын Кытайдан импорту азайып, Кыргызстандыкы өстү деген субъективдүү маалымат деди экономика министри Артем Новиков. Ал 2016-жылы үчүнчү өлкөлөр үчүн киргизилген бирдиктүү тарифтен кийин Кыргызстандын Кытайдан импорту өскөнү чын, бирок ал Казакстанда да ошондой экенин белгиледи.

Кыргызстан биримдикке киргенден бери Кытайдан импорту төмөндөгөнүн кошумчалашты бүгүн атайын Казакстанга жооп берүү үчүн маалымат жыйын уюштурган өкмөт өкүлдөрү. Мисалы, Кыргызстандын аталган өлкөдөн импорту 2015-жылы 2014-жылга салыштырмалуу 22 пайызга азайган.

Image caption Экономика министри Артём Новиков

“Кытайдан келген көмүскө импорттун көлөмү бизде Казакстан менен дээрлик бирдей. Мындай маселе Кыргызстанда гана бар жана андан бардык ЕАЭБ жабыр тартып жатат деген субъективдүү. 2015-жылы Казакстандын Кытайдан импорту 5 млрд доллардын тегереги болгон. Ал эми Кытай Казакстанга экспортун 8,5 млрд доллардай деп көрсөткөн. Айырма 3,6 млрд доллар. Казакстан 2016-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин бул айырма бир жарым млрд көбөйгөн”, - деди Новиков.

Министр кыргыз-казак чек арасындагы жүктөрдүн жай өтүшүн сооданы жашыруун чектөө деп бааласа болот дейт.

Ал эми Бажы кызматы казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин билдирүүсү өңдүү жооп кайтарды.

Бажы кызматынын төрага орун басары Замирбек Ниязалиевдин айтымында, казак премьеринин акыркы үч жылда ЕАЭБ Кыргызстан боюнча 828 млн доллар зыян тартты дегени негизсиз. Ал Кыргызстан биримдикке киргенине эки гана жыл болгонун белгиледи:

“Биз дагы ЕАЭБдин Казакстан боюнча жоготуусун ошондой эле ыкма менен эсептедик. Ал бир млрд доллардай чыкты. Жеке ар бир товар тууралуу айта турган болсок, Кытайдан Казакстанга кирип жаткан товарлардын бажы наркы аларда да кыйла төмөндөтүлгөн”.

Image caption Бажы кызматынын төрага орун басары Замирбек Ниязалиев

Мисалы, Казакстанга кирген каптардын, желим баштыктардын бажы наркы эки эсе, электроддордуку үч эсе төмөндөтүлгөн экен.

Казак премьер-министри кыргыз бажысында башкаруунун начардыгы деген. Кыргызстан Бажы кызматынын бөлүм башчысы Адилет Бердикеев башкаруу биримдиктин эрежелерине жараша жүрүп жатат деди:

“2014-жылы Кытайдан келген товарлардын баасын ала турган болсок, бир машинадан түшкөн бажы төлөмдөрү 500 миң сом болчу. Ал эми 2016-жылы бир машинадан 2,5 млн сом түшкөн. Бул тескерисинче бажы тармагында башкаруу жакшырып, биримдиктин эрежелерине жараша жүрүп жатканын көрсөтөт”.

Жакында Ереванда өткөн өкмөттөр аралык кеңешмеде казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргызстанды Кытайдан, ЕАЭБден тыш үчүнчү өлкөдөн контрабанда киргизүүдө айыптаган.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев бүгүн биримдиктен көп нерсе күтүүгө болбой калганын айтты. Ал өз алдынча аракет кылып, өкмөттү продукцияны Кытай менен Өзбекстанга киргизүү үчүн тезинен сүйлөшүү жүргүзүүнү тапшырды.

Экономика министринин айтымында, ушу тапта кыргыз-казак чек арасында 500гө чукул жүк ташуучу унаа турат. Кезек күткөндөр 5-6 күндө чектен өтүп жатат деди.

Чек арадагы оорлошуу 10-октябрда башталган. Казакстан аткезчиликти жана башка мыйзам бузууларды тескеп жатканын айтууда.