Э.Нурушев: "Эски империялык кер дымак"

Кыргызстан

Өткөн апта соңундагы Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 7-8-ноябрды "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" деп белгилөө жана деңиз деңгээлинен 7134 метр бийиктиктеги Чоң-Алай кырка тоосундагы Ленин чокусун Манас-Ата зоосу деп өзгөртүү тууралуу жарлыгына Орусияда ар кандай пикирлер айтылды.

Биз белгилүү журналист жана коомдук ишмер Эсенбай Нурушевге кайрылып, айрымдардын жарлыкты Орусияга каршы саясат катарында чечмелөөсүнө эмне себеп болду?,- деп сурадык.

Эсенбай Нурушев:Орусиялык басылмаларда эмне кеп болуп жатканын өзүм артынан түшүп окуган жокмун. Бирок интернет беттериндеги айрым нааразы пикирлерди көрдүм. Жарлыктын толук окуп чыктым. Бул жерде эми айрым орусиялык саясатчылар дагы деле "эски империялык дымагы" менен келе жаткандан улам жаралган маселе бар. Алар бизди өзүнүн калониясы катары карашат. Орустардын баары ушундай карайт деп айтууга да болбойт. Муну орус тарыхчыларынын өзү деле жазып, айтып жүрүшпөйбү. Ошол ызы-чууну чыгаргандар "эски империялык кер дымак" менен жашаган саясатчылар эле.

Би-Би-Си: Үркүн окуяларын, Февраль, Октябрь революцияларын жана репрессия курмандыктарын баарын кошуп, бир тарыхый дата катары белгилөө жөнүндө президенттин жарлыгы коомчулукта кандай кабыл алынып жатат?

Эсенбай Нурушев:Жеке көз карашымда, ушунун баары орустардын өздөрүн эле туурагандай болуп калды. Үркүндү эскеребиз десе былтыры эле августтун бир датасын белгилеп салса дурус болмок. Бир жыл кечигип, анан 7-8-ноябрды белгилеп жатканын бир аз кечигип калдыбы деп да ойлоп жатам. Октябрь төңкөрүшү кандай болгон күндө дагы биздей калктарга чоң жакшылык алып келди. Кыргыздын саны аз эле, 1917-жылдагы төңкөрүштөн кийин Кытайдан кайтарып алып келгенге мүмкүнчүлүк түзүп берди. Совет бийлигинин тушунда кыргыз үч эсе көбөйдү. Октябрь төңкөрүшүнүн алдында өткөрүлгөн эл каттоодо саныбыз миллионго жеткен эмес экен. Туташ сабатсыз элек, азыр жарма патриоттор айтып жатпайбы, "кыргыз сабаттуу эле" деп. Чынында сабаты жок болгон да, ошончо элди сабаттуу кылды. Азыр мындай сабаттуу эл дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө деле жок. Албетте, сапаты жөнүндө башка маселе, бирок иш жүзүндө баары кат жазып, окуп, маалыматы бар. Ушунун өзү чоң жетишкендик. Бул жагынан алып келгенде, 7-ноябрды ордуна эле коюп коюш керек болчу. Качан Октябрь революциясын унутуп койгон муун келгенге чейин, өзгөртпөй эле койсок туура болмок. Орусиянын өзүндө Октябрь революциясына кандай баа берет ал өздөрүнүн иши. Бирок бизде бул чоң тарыхый бурулуш алып келген окуялар болгон.

Би-Би-Си: Айрым экспертер белгилегендей, соңку 5-6 жыл ичинде Кыргызстандын тышкы саясаты орусиячыл болуп кетти, эгемендик чектелип жатат деп келишкен эле. Атамбевдин соңку жарлыгы, кадамдары биз андай эмес, мурункудай эле өз алдынчабыз дегенди түшүндүрүү аракетиби?

Эсенбай Нурушев:Менин пикиримде, соңку жылдары президент Атамбаев өз алдынчабыз деген сыяктуу маселелерди көп айтып жатат. Ошону көрсөтүүгө да аракет кылып жатат. Бирок бул реалдуу өз алдынчалык эмес. Ал үчүн биздин экономикабыз, рыногубуз мыкты болушу керек. Маданий, саясый деңгээлибиз башкача болушу керек. Биз кааласак, каалабасак дагы чоң мамлекеттердин ортосунда турабыз. Бул өлкөлөр менен колдон келишинче, баары менен тең жакшы болушубуз керек. Андай болбосо өнүгүү, сырткы рынокко чыгуу кыйын. Азыр айтылып жатпайбы, Иран, Перс булуңуна чейин чыгабыз деп. Мунун баары жөн гана кыял да. Ошого жеткенде, реалдуу ишке ашканда гана айтпасак, азырынча өз алдынчабыз деп айтуу кыйын. Бир да өлкө, ал тургай АКШдагы өз алдынча, толук кандуу саясат жүргүзө албайт. Анын да өнөктөштөрү, союздаштары бар дегендей.

ЛДПР депутатынын демилгеси

"Mk.ru" сайты дароо эле Мамлекеттик думанын вице-спикери, ЛДПР депутаты Игорь Лебедевдин пикирин жазып чыкты. Анда орусиялык депутат Кыргызстандын мындай чечиминен кийин, кыргызстандык жарандардын улуттук айдоочулук күбөлүгү менен Орусия аймагында иштөөгө уруксат берген чечимди катаалдаштырууну демилгелей турганын айтты. Июль айында Путиндин демилгеси менен кыргызстандык мигранттар улуттук айдоочулук күбөлүк менен Орусияда иштөөгө уруксат алышкан эле.

"Мындай чечим саясый жактары эске алынып эле кабыл алынган болчу. Анткени Кыргызстанда орус тили мамлекеттик экинчи тил эсептелет. Азыр эми кыргыздар Кыргызстандын Орусияга каршы көтөрүлүшүн улуттук майрам кылып салганын көрүп турабыз»,-деген МК сайтына Лебедев. Анын айтымында «бул достукка жатпаган кескин кадам», ошондуктан «саясый мотивдер унутулат».

"Эми кыргыздар экзамен тапшырып, орусиялык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алышсын»,-деп билдирди Лебедев деп жазат орусиялык басылма. Ушундай эле маанайдагы билдирүүлөрдү башка дагы бир катар орусиялык басылмалар жазышты. Кийин Кыргызстандын президентинин администрациясы буга расмий жооп менен чыкты.

"Орусия либерал-демократтар партиясынан Мамлекеттик Думанын вице-спикери И. Лебедевдин жана россиялык бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан билдирүүлөргө жооп кылып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү 26-октябрда жарыяланган Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин Жарлыгынын текстин кунт коюп окууга чакырат. Мамдуманын депутатынын "Кыргызстандын Россияга каршы көтөрүлүшү күнүн кыргыздар улуттук майрам кылышты" деген бүтүмү ал өзү түшүндүрмө бергиси келген окуялардын контекстин толук түшүнбөгөнүн далилдеп турат",-деп белгиленген кайрылууда.

"Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө" Жарлык Кыргызстанда ушул күнгө чейин улуттук майрам катары белгиленип келе жаткан 7-ноябрдын мазмунуна жаңыча маани берүүгө багытталган. Ал эми 1916-жылдагы окуялар биздин өлкөдө Октябрь революциясын позитивдүү кабылдоонун себепкери катары түшүнүү адилеттүү эле көрүнүш. Анткени ошол кездеги Россияда бийликтин алмашуусу кыргыздарга эле эмес, колониалдык эзүү алдында жашаган башка элдерге да сакталып калууга жана ХХ кылымда өз улуттук мамлекеттүүлүгүнө ээ болушуна мүмкүндүк берди. 1916-жылдын август жана күзгү айларына байланыштуу бардык нерселер бир дагы кыргызстандык үчүн эч качан майрам болгон эмес жана болбойт. Бул улуттук каргаша, анын курмандыктарын биз дайыма эстейбиз жана таазим этебиз. Жарлыктын преамбуласында бул жөнүндө так жазылган. И. Лебедев мырзанын чагылгандай тез реакциясы ал бул текстти кунт коюп окуганга жетишпесе керек деп божомолдоого мүмкүндүк берет. Эми болсо да окуп чыгууну ага кеңеш беребиз. Ага кошумча Россия Федералдык архив агентчилиги чыгарган «Россия и Киргизия. 1916-2016. Вехи совместной истории» деген архив документтеринин жыйнагы менен да таанышууну сунуш кылабыз. Ошондо ал бул темада кызыл кулактык кылуу, бул үчүн эмгек мигранттарын кектөө такыр эле адептүүлүккө жатпасын жана суверендүү мамлекетке карата мындай мамиле жасоого болбой турганын түшүнөт»,-деп айтылган.

Президенттин жарлыгы өткөн аптада жарыяланган эле. Анда 1916-жылдагы Үркүнгө, андан кийинки Октябрь ыңкылабына, 1937-38-жылдардагы саясий репрессияларга объективдүү тарыхый баа берүү жана тарыхый инсандарды эскерүү максатында кабыл алынганы айтылат.

Бул жарлыкты өлкөдөгү интеллигенция көптөн күтүп келген эле. Себеби Октябрь ыңкылабынын 100 жылдыгын белгилөөдө кандай саясат болот деген суроолор коюлуп жаткан. (AbA\AbK)

Тектеш темалар