Эксперттер: Экономикалык эрежелер - эрегиштин себеби эмес, шылтоосу

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалардын узундугу бир нече чакырымга созулат Сүрөттүн автордук укугу Akipress
Image caption Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалардын узундугу бир нече чакырымга созулат

Эксперттер кыргыз-казак чек арасындагы кризис Бишкекте чечилбейт жана ал чечилсе дагы экономикалык эмес, биринчи кезекте саясий-дипломатиялык чаралар менен чечилет деген пикирге көбүрөөк ыкташууда. Экинчи жагынан бул ЕАЭСтин ичиндеги карама-каршылыктарды чечип алууга аргасыз кылган ыңгайлуу кырдаал катары да каралууда.

"Чек арадагы оор абал"

Казакстан чек арада текшерүүлөрдү күчөтүп, товар-продукция алып өтүү кыйындаганына 21 күн кетти. Ошол күндөн бери чек арадагы кризис эң курч маселе болуп күн тартибинен түшпөй келатат. Кыргыз-казак чек арасындагыдай кыйын кырдаал эми кыргыз-кытай чек арасында дагы башталганын Би-Би-Сиге айтылуу экономист Жумакадыр Акенеев билдирди.

«Кыргыз-казак чек арасында биз тараптан эле 600 оор жүк ташыган автоунаа, ошондой эле казак тарапта да автоунаалар өтө албай турат. Бүгүн маалымат келди, кыргыз-кытай чек арасында дагы автоунаалар өтпөй, оор абал түзүлүп жатат. Буга чейин майда-чүйдө кемчиликтерди мамлекет уруксат берип өткөзүп жаткан. Биз ЕАЭБке кирип атканда президенттердин колу менен бизге 2020-жылга чейин жеңилдиктер берилген. Бүгүн ошонун баары туура эмес берилип калыптыр деген талап Казакстан жактан коюлуп жатат. Биз машиналарды токтотпой Евразия экономикалык биримдигинин жыйынына алып чыккыла деп жатабыз",-деди Ж. Акенеев.

Ошол эле учурда Кыргызстан өзү тарабынан дагы кемчиликтер бар экенин моюнга алууда. Атап айтканда, ветеринардык, фитосанитардык документтер туура эмес жазылган учурлар бар экен, аны кыргыз тарап жоюп жатканын айтууда.

Ѳтө албай жаткан автоунаалардын 20% эле Казакстанга бара турган жүк. 80% Казакстан аркылуу Россия, Беларус жана башка мамлекеттерге тийиштүү жүк. Аны токтотконго Казакстандын акысы жок эле деп жатышат.

"Чек арадагы кыйынчылыктан эки тарап тең зыян тартууда.-дейт Ж. Акенеев.-Биз сүтүбүздү, этибизди өткөзө албай, Казакстандын Алматы шаарында, Алматы облусунда, Тараз шаарында эт-сүт кымбаттап баштады. Кыргызстанга өз кезегинде ун, суу май жана башка азык-түлүктөр тийиштүү көлөмдө келбей калды. Мультипликативдик эффект деп коет. Кытай жактан келаткан жабдуулар жетпей, жүз/миң киши иштеген заводдор Россияда, Казакстандын өзүндө токтоп калып жатат. Биримдиктеги ишкерлердин баары жапа чегип жатат. Мындан ишкерлер да, карапайым жарандар да жапа чегип жатат. Буга чейинки келишимдер баары бузулуп жатат. Биздин отуз ишканабызга эт-сүттү алып өтө бергилеп деп уруксат беришкен. Аны өткөзбөй жатышат. Биздин жарандарга 90 күн каттоосу жок жүрүүгө уруксат берилген. Аны он күнгө чейин кыскартып коюшту".

Кыргызстан мындай шартта азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө маселени карашы керек деген үндөр чыга баштады.

Шылтоого шынаа саясат

Президент Атамбаевдин казак бийлигин шайлоого кийлигишип жатат деп айыптап сүйлөгөн сөзүнѳн кийин тоскоолдуктар башталган себептүү, эксперттер Казакстандын радикалдуу жүрүшүнө экономикалык эрежелер шылтоо гана болуп бергенин, а чыныгы себеби саясий ыргактын бузулганында экенин белгилешүүдө.

Регионалдык саясат боюнча эксперт Кубат Рахимовдун айтымында, бийлик башында тургандардын ортосунда туура байланыш эрежелери бузулганда эки өлкөнүн өз ара чечилбей келген көйгөйлөрү ушинтип чыга берет.

Эксперттер контрабанда, контрафакт, боз импорт сыяктуу маселелер Кыргызстандабы, Казакстандабы же башкадабы болуп келген, дагы деле боло берет дешет. Азыркы кризистин оң таасири, мунун баары кыргыз ишкерлери, өндүрүшчүлөрү үчүн да чоң сабак, чоң тажрыйба болуп калмакчы. ЕАЭСке кирип жатканда чала бүткөн маселелерди аягына чейин чыгарып иштеп коюу керек деп жатышат.

Кыргызстан Казакстан эркин соода эрежелерин бузуп жатат деп ДСУга, ЕАЭБке арызданган. ДСУ 10-ноябрда бул маселени караган жатат. ЕАЭБ качан карай турганы белгисиз.

Бирок эксперттер эки кошуна өлкөнүн ортосундагы курчуган кризис экономикалык жолдо эмес, биринчи кезекте саясий-дипломатиялык чаралар менен чечилет деген пикирге көбүрөөк ыкташууда. Анткени эки өлкөнүн саясый мамилеси жакшы болуп турганда ортодо экономикалык көп маселелер эрежеге сыйса, сыйбаса да, жеңил-желпи чечилип келген.

"Маселени чече билүү дипломаттардын, саясатчылардын жана чиновниктердин колундагы искусство",-дейт Кубат Рахимов.

Бишкекте муну деле жакшы түшүнүп турушат, бирок эмнегедир алардын саясый-дипломатиялык аракеттеринин таасири Ак Ордого жеткиликтүү болбой жаткансыйт.