Жарандык коом бажыдагы коррупцияны ооздуктоо аракетинде

Кыргыз-казак чек арасындагы абал
Image caption Кыргыз-казак чек арасындагы абал

Жарандык активисттер коом коррупция тамырын терең түптөгөн бажы тармагын кантип көзөмөлдөйт деген суроону талкуулашты. Жыйынтыгында Бажыдагы коррупцияга каршы топ түзүштү жана парламенттик комиссия түзүүнү сунуштамай болду.

Бажы кызматындагы коррупциялык схемалар казак премьеринин билдирүүсүнөн кийин кайра актуалдашты.

Ал Кыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүдөгү сандарында айырма чоң экенин айтып, Кыргызстанды бажы төлөмдөрүн азайтууда айыптаган.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов алар 2012-жылы жүргүзгөн изилдөө да ушундай чоң айырмаларды көрсөткөнүн белгилеп жатат.

“Биздин соода өнөктөштөрүбүздүн статистикасы менен биздин статистиканы салыштырганбыз. Кытайдын Кыргызстанга экспорту, Кыргызстандын импортун салыштырганда беш жылда 23 млрд доллар айырма чыккан. Демек калган көрсөтүлбөгөн сумма бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетет”, - деди Токтакунов.

Айырманы кыргыз өкмөтү Кытай менен Кыргызстандын саноо методологиясы башка экени менен түшүндүрүп келет. Жарандык коомдун өкүлдөрү ал ыкмалар бир стандартка дале түшүрүлбөй келгенин коррупцияны жабуу, ошого шылтоо жолу катары түшүнөт.

Депутат Өмүрбек Бабанов бажы тармагындагы коррупциядан бюджет жылына 350 миллион доллар же ички дүң продуктунун беш пайызын жоготуп жатканын айткан.

Өткөн жылы Жогорку Кеңеште Бажы жетекчилеринин коррупцияга аралашканы тууралуу маселе көтөрүлүмүш болуп, бирок эл өкүлдөрү Казакстандын билдирүүлөрүнөн кийин деле аракет көргөн жок.

Казак премьеринин маалыматында, Кыргызстандын Кытайдан импорту боюнча 2015-жылы 3,3 млрд доллар, 2016-жылы 4,1 млрд доллар айырма болсо, 2017-жылы 2,5 млрд долларга жетет.

Ал ошондой эле Казакстандын сырткы соода айлануусундагы статистиканын айырмасы 9,6 пайыз болсо, Кыргызстандыкы 30,5 пайыз деди. Башкача айтканда, Кыргызстандын сырткы соода айлануусу 13,5 млрд доллар, эсептелбегени 4,1 млрд доллар болууда.

Бул бажысындагы начар башкаруудан улам Кыргызстанга товарлар бажы жол-жоболорун өткөрүп кетүү үчүн кирип жатат дегенди билдирет.

Бирок Кыргызстан маалыматтарды четке кагып, айырма мынчалык эмес деди.

“2014-жылы Кытайдан Кыргызстанга 647 миң тонна товар кирсе, 2016-жылы 543 миң тонна болуп, азайып жатат. 2014-жылы бир машинадан түшкөн бажы төлөмдөрү 500 миң сомдун тегерегинде болсо, 2016-жылы 2,5 миллион сомго жетти. Бул бажыдагы башкаруунун жакшы жүрүп жатканын көрсөтөт”, - деди журналисттерге Бажы кызматынын бөлүм башчысы Адилет Бердибеков.

Ал эми чек арадан товар алып кирген ишкерлер бажыдагы коррупциянын башка түрлөрүн да атоодо.

Жашыруун маалымат берген ишкер Кытайдан кирген товарлардын божомолдуу сексен пайызы жогору жакта таянычы бар тараптардыкы дейт. Алар бажы төлөмдөрүн биринчи метод менен төлөшсө, калган катардагы 20 пайыз ишкерлер алтынчы ыкма менен төлөшөрүн айтууда. Алтынчы метод - бул тек-жайы аныкталбаган, шектүү, документи жок товарларга коюлчу жогорку баадагы төлөмдөр.

Атын жашырган маектешибиз майда жана орто ишкерлердин жүгүнөн сөзсүз бир кемчилик таба алышат дейт. Товардын баасынан ашып түшкөн бажы төлөмүн төлөбөш үчүн сол чөнтөккө акча берип өтүшөрүн айтууда:

“Ар бир контейнер үчүн баш-аягы эки миң доллар коротуп киргизесиң, товарга жараша, эгер бир контейнерде беш-алты түр товар болсо, чыгымы эки миң долларга жетет. Акча көбүнчө контрабанда бөлүмүнө кетет, алар кимге канча экенин өзү бөлүштүрөт. Бажычылар акчаны кимден алышты билет, мисалы, бир жолу, эки жолу товар алып чыккандардан албайт. Аларга расмий, алтынчы метод менен баланча сумма төлөйсүң деп коёт. Ал ишкердин чыгымын актабай, товардын баасынан ашып кеткендиктен, товарын өткөрө албай калып кетет. Анткени кымбат келсе, ким алат, сата албайт”.

Албетте мындай билдирүүлөргө Бажы кызматы мыйзамсыз товарларды алтынчы метод менен санабасак, бюджетке зыян келет деп түшүндүрүп келет.

Бажы тармагындагы коррупция менен коом күрөшүш керек деген пикирлер жаралып жаткан чакта Бажы кызматынын байкоочу кеңеши эмне иш жасады?

Анын төрагасы Алтынбек Биялиев ансыз да такай көтөргөн маселе ушул, бирок укуктары сунуш берүү менен чектелүү экенин айтты Би-Би-Сиге:

“Өкмөттүн коррупцияга каршы стратегиясы бар. Анда Бажыга тиешелүү 20 кадам коюлган. Биз ар бир жыйында ошонун кайсынысы аткарылып, эмнеге аткарылбай жатканын карайбыз. Биз эми коррупция менен ачык күрөшө албайбыз, укугубуз жок, колунан кармагыдай орган эмеспиз. Чечүү жолу кадр маселесинен көз каранды. Таза адам келсе, таза иштейт. Керек болсо ар бир кызматкерге полиграфты колдонуш керек”.

Алтынбек Биялиев Бажы кызматындагы ички коррупцияга каршы башкармалыкты көз карандысыз кылып бөлүш керек деген сунуш берүүдө. Антпесе байкоочу кеңештин чара көрүү укугу жок, ал эми тартип коргоо органдары өздөрү аралашкан деген маалымат бар деди ал.

Анткен менен жылдар бою чиновниктердин капчыгы болуп келген Бажы кызматындагы коррупциянын жоюлушуна ишенбеген пикирлер басымдуулук кылат. Жеке саясатчылар да өзүнүн кызыкчылыгы болгон учурда гана бул маселени көтөрө калат дешет байкоочулар.

Тектеш темалар