"Аял, Айыл, Арт, Активдүүлүк"

Көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдө элеттик аялдардын оор түйшүгү менен катар эле алар кабылган социалдык үй-бүлөлүк көйгөйлөр чагылдырылды.

Бишкекте "Аял, Айыл, Арт, Активдүүлүк" деген аталыштагы элеттик аялдардын сүрөт көргөзмөсү өттүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бул көргөзмө элеттик аялдардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу менен аялдарды шыктандырууга арналды.

Өткөн жылдагы маалыматтар боюнча үч миңден ашуун аял үй-бүлө зомбулугуна кабылган. Соңку беш жылда ажырашуулардын саны он миңден ашуун. Жалгыз бой аялдар саны көбөйүүдө.

Элеттик аялдардын башкалар үчүн көзгө көрүнбөгөн түмөн түйшүгүн сүрөтчүлөр өз эмгектери аркылуу бергиси келген.

Айылдагы күндөлүк турмуш, түгөнбөгөн түйшүк.

Статистикалык маалыматтар боюнча көп балалуу үй-бүлөлөрдүн көбү элет жеринде.

Аялдар элеттин оор түйшүгүнө кайыл болсо дагы, айрым учурларда күндөлүк турмуштагы басмырлоо, кодулоо көрүнүштөрү чегинен ашкан мамилеге кабыларын айтып беришет дейт укук коргоочулар.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Аялдар элеттин оор түйшүгүнө кайыл болсо дагы, айрым учурларда күндөлүк турмуштагы басмырлоо, кодулоо көрүнүштөрү чегинен ашкан мамилеге кабыларын айтып беришет дейт укук коргоочулар.

Айылдагы күндөлүк турмуш, түгөнбөгөн түйшүк.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Айылдагы күндөлүк турмуш, түгөнбөгөн түйшүк.

Бул сүрөттөрдө түн уйкусун кечип бешик тербеткен, чачын бубак басса дагы, оор жумуштан башы чыкпаган аял түйшүгү, эне түйшүгү даана көзгө тартылат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бул сүрөттөрдө түн уйкусун кечип бешик тербеткен, чачын бубак басса дагы, оор жумуштан башы чыкпаган аял түйшүгү, эне түйшүгү даана көзгө тартылат.

Аялдар менен иш алып барган уюмдардын айтымында, үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн көп учурда аялдар үй-бүлөдөгү зомбулуктарга карабастан ажырашпай жашап жүргөн учурлар көп.