Сиворд: милиция жөндөмдүү, система чабал

Коопсуздук боюнча адис Робин Сиворд
Image caption Коопсуздук боюнча адис Робин Сиворд

Кыргызстанда милициянын түптөлгөнүн 93 жылдыгы белгиленип жатат. Бул күнгө байланыштуу жер-жерлерде салтанаттуу иш чаралар өттү. Президент Алмазбек Атамбаев күч органдарында иштегендерге 32 көп кабаттуу үй курулуп жатканын билдирди.

Кыргызтанда милиция тармагындагы реформа 1990-жылдардан бери жүрүп келет. Би-Би-Си коопсуздук боюнча адис Робин Сивордду кепке тартып, эмнеге өзгөрүүлөр байкалбай келет деп сурады.

Робин Сиворд: Ооба, Кыргызстанда бир нече өкмөт милицияны реформалоого аракеттенген. Бирок алардын көбү орчундуу өзгөрүүлөрдү алып келген жок.

Милиция бийликтин "аспабы" болуп келет, коррупция дале өсүп жатат жана жергиликтүү калктын милицияга ишеничи төмөн бойдон калууда.

2010-жылы болгон окуялардан кийин да коопсуздук кызматкерлердин кемчиликтери байкалганы менен, эч өзгөрүүлөр болгон жок.

Менимче жогорку даражадагы айрым кызматкерлер - айтылган өзгөрүүлөрдү каалашпайт. Ал себептен реформалар ишке ашпай келет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Милиция бийликтин "аспабы" болуп келет", -дейт Робин Сиворд

Бир гана жарандык коом тарабынан болгон кысымдан улам, реформаларга түрткү болууда. Мисалы 2014-жылдан кийин "Реформа жана жыйынтык үчүн коомдук бирикме" сыяктуу уюмдардын пикирине маани бериле баштады.

Бирок реформаларга каражат керек жана туура усулду тандоо өтө оор экенин баса белгилегим келет.

Ошондой эле каражат берип жаткан донор да өзү каалаган усулун сунуштайт. Ал айрым учурда дал келбей калышы мүмкүн.

Жогоруда айтканымдай, реформаны ишке ашырыш үчүн саясий эрк жана каражат керек. Кызык жери реформа саясий туруктуулукту алып келиши ыктымал, бирок, натыйжалуу реформа жүргүзүш үчүн саясий туруктуулуктун кереги жок.

Би-Би-Си: Анда саясий эрк жок болгондуктан реформалар ишке ашпай жатабы?

Робин Сиворд: Ооба, негизинен реформаларды ишке ашырууга саясий эрк жок болду. Менимче Кыргызстанда "колунда бар" жана "колунда жоктордун" ортосунда чоң ажырым бар. Тактап айтсам бийликте отургандар, ордун кармап калыш үчүн өзгөрүүлөрдү каалашпайт.

Ошондой эле финансалык мүмкүнчүлүктөрдү да эске алышыбыз керек. Анын так ролун айтуу кыйын.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Робин Сиворд: Эл менен иштеген милиция кызматкери эң төмөнкү даражадагы ишкер катары каралат

Бирок Грузия сыяктуу өлкөлөрдөгү реформалар чет өлкөлүк мамлекеттердин жардамы менен ишке ашкан. Албетте Грузияда саясий эрк да болду.

Би-Би-Си: Грузиянын моделин алсак, Кыргызстанда айрым адистер милициянын кызматкерлерин толугу менен алмаштырганда гана реформалар ишке ашат деген пикирде. Грузиянын усулун Кыргызстанда ишке ашырса болобу?

Робин Сиворд: Ооба, көп мамлекеттерде Грузияны мисал келтиришип, радикалдуу реформаларды айтып калышат. Бирок мен аларга кошулбайм. Ал усул Грузияда дагы натыйжалуу болду деп айта албайм.

Анын негизги көйгөйү иштен алынган коопсуздук кызматкерлердин көбү коррупцияга аралашкан эмес жана тажрыйбалуу кызматкерлер болчу.

Алар жан багууга аргасыздан башка жолдорду карап калышты. Бул өкмөттүн чыгымдарын көбөйтөт жана жөн жерден иштен алынган тажрыйбалуу кызматкерлер мыкты кылмышкерге айланышы ыктымал.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Робин Сиворд: Көп мамлекеттерде Грузияны мисал келтиришип, радикалдуу реформаларды айтып калышат. Бирок мен аларга кошулбайм

Ал эми жаңы ишке алынган кызматкерлер тез арада үйрөнүш керек болду. Алардын машыгуусу өтө кыска болгон. Алар машыгып жатканда коопсуздук үчүн ким жооп берет? Бул өтө чоң көйгөй жана Грузия ал маселени дале чече элек.

Албетте милицияны толугу менен реформалоо керек. Биринчиден машыгуу жана милиция кызматкерлерин башкаруу процессине көңүл буруу зарыл.

Эл менен иштеген милиция кызматкери эң төмөнкү даражадагы ишкер катары каралат. Анын айлыгы аз болгондуктан гана аны иштен кетирсе болбойт. Ал аргасыздан жан багуунун башка жолун карап жатпайбы.

Кызматкерлерди ишке алганда - ал ачык болушу абзел. Кызматкерге келишим сунушталып жана ал аркылуу ар бир кызматкер окшош машыгуудан өтүп, аларга болгон талапты так билиши керек. Эң негизгиси карьералык өсүш боюнча тепкичтер так көрсөтүлүшү кажет.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Робин Сиворд: Кызматкерге келишим сунушталып жана ал аркылуу ар бир кызматкер окшош машыгуудан өтүп, аларга болгон талапты так билиши керек

Негизинен Кыргызстанда мыкты милиция кызматкерлерине жолуктум, бирок, системадагы мүчүлүштүктөрдөн улам бул кызматкерлер өсө албай келет.

Ал себептен машыгуулардын стандарттары бир болушу керек.

Мисалы Ош же Жалал-Абад шаарындагы милиция кызматкерине сүйлөшүп, андан кийин баш калаадагы кызматкер менен баарлашсаңыз, айырмасы абдан чоң экенин байкайсыз.

Өзгөрүүлөр менимче ошондон башталышы керек, бир улуттук машыгуу стандарды болуп, ар бир кызматкерге бир талап коюлушу абзел.

Би-Би-Си: Сиз бир система тууралуу сөз кылдыңыз, Кыргызстандагы милиция академиясынын ролу кандай болушу керек?

Робин Сиворд: Ооба, албетте академиянын ролу чоң. Улуттук стандар болушу керек. Жогоруда айткандай коопсуздук кызматына жаңы келгендер бир стандарттагы машыгуулардан өтүшү зарыл.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Робин Сиворд: Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин баары келишимдин негизинде ишке алынышы зарыл

Себеби бул мурдагы Совет системасындагы "офицер" жана "башкалар" деген системанын жаңылануусуна түртку болот. "Офицерлердин" жогорку билими бар, ал эми "башкалар" керектүү машыгуудан өтпөйт.

Андан тышкары азырынча Кыргызстанда "күч түзүм" бар - ал "кызматка" башкача айтканда коомго кызмат кылган структурага айланышы керек. Ал үчүн ар бир коопсуздук кызматкери окшош стандарттагы машыгуудан өтүшү керек.

Көп учурда милиция кызматкери коом андан эмнени күтүп жатканын түшүнбөйт. Ал коомго кандай кызмат кылышы керек экенин, коомчулук менен кантип иш жүргүзүшү керек экенин дагы түшүнбөйт. Ал себептен ажырым өсө берет.

Би-Би-Си: Ал эми милициянын ишине ким баа бериши керек?

Робин Сиворд: Бул өтө кызыктуу, Кыргызстан үчүн орчундуу суроо.

Учурда кызматкерлер келишимдин негизинде ишке алынат деп айтылууда. Бирок ал келишимде милиция кызматкеринин иши так жазылбаса, бул система иштебейт.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Робин Сиворд: Орусия мыкты реформаларды жүргүздү. Бирок реформалар Орусиянын айрым гана аймактарында ишке ашты

Келишимде машыгуу тууралуу, карьералык өсүш жана талаптары жазылышы зарыл. Себеби так жазылбаса, кызматкердин ишине баа бере албай калышат.

Андан тышкары министрликтеги кызматкерлердин баары келишимдин негизинде ишке алынышы керек.

Кызматкердин ишине баа берилип жатканда коомдук пикир да эске алынышы керек. Бул Кыргызстан үчүн чоң секирик болмок.

Кыргызстан бир этника жана эркектер үстөмдүк кылган "күч түзүмдөн" - көп этникалуу, аял кызматкерлери көп болгон коопсуздук "кызматына" айланышы керек.

Бул өтө чоң талап жана көп өнүккөн мамлекеттер да айтылган талапты аткара албай келет.

Бул кадамдан кийин мониторинг иштерине Ички иштер министрлиги, өкмөт структуралары жана коомдун өкүлдөрү катышып, милициянын ишине баа берсе жакшы.

Коомдук өкүлдөр, бул жергиликтүү бийлик, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, диний кызматкерлери - алардын баары коопсуздук абалына салым кошо алат жана милициянын ишине баа бере алат.

Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images

Би-Би-Си: Пост-советтик мамлекеттерди алсак, кайсы өлкө натыйжалуу реформаларды жүргүзө алды.

Робин Сиворд: Эң биринчи эле Европанын чыгышында жайгашкан чакан мамлекеттери эске келет. Чех Республикасы өтө мыкты реформаларды жүргүзгөн. Эстония, Латвия жана Словакия да кууп жетти.

Орусия да мыкты реформаларды жүргүздү. Бирок реформалар Орусиянын айрым гана аймактарында ишке ашты.

Мисалы Москва шаарындагы кызматкерлер мыкты машыгуудан өткөн, алар коомчулук мене жакшы иштеп келет. Ал эми борбордон алысыраак аймактарды алсак, ал стандарттар байкалбайт.

Мен Чехиянын реформаларына көңүл бурмакмын. Бул мамлекет өзгөрүүлөр керек деп туруп, пост-советтик өлкөлөрүндөгү кеңири тараган милиция боюнча мыйзамды өзгөрткөн.

Бир стандартты жалпы өлкөгө таратып, кызматкерлер кайрадан машыгуудан өтүп, аларга коюлган талаптарды так билип калышкан.

Бул өтө маанилүү себеби унаа алып туруп, дөңгөлөккө акчам жетпей калды деп койсо болбойт. Аны баары бир унаа деп атаса болбойт. Демек реформалардын эң негизги талаптары толугу менен ишке ашышы зарыл.

Албетте аларга финансалык жана башка жардам болду. Бирок ал жардам Кыргызстанга да сунушталып келет.

Негизги маселеси, донор тараптан жана ички, тышкы саясий жана финансалык кысымдар боло берет. Ал кысымдарга туруштук берип, реформаларды ишке ашыруу керек.