ЖК Маданият министри кызматына Султан Жумагуловдун талапкерлигин колдоду

Султан Жумагулов Сүрөттүн автордук укугу facebook

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына белгилүү журналист Султан Жумагуловдун талапкерлигин колдоду.

Анын талапкерлигин парламент жыйынына катышкан 84 депутаттын баары бир добуштан колдоду.

Султан Жумагуловду бул кызматка өкмөт башчы Сапар Исаков сунуштаган.

Октябрь соңунда министрликти жетектеп келе жаткан Түгөлбай Казаков өз ыктыяры менен кызматынан кеткен эле. Мунун алдында орто кылымдарга таандык аялдын мумиясын жерге берилгенине байланыштуу ызы-чуу чыгып, министрдин дарегине сын-пикирлер айтылган.

Жаңы министрди маданият тармагында эски көйгөйлөр күтүп турат.

Эксперттер эгемендик алган жылдардан кийин өйдөлөнбөй, оор кризиске батып калган тармактардын бири - маданият тармагы деп белгилеп жүрүшөт.

Парламентарийлер жаңы шайланган министр бул тармакта жаңы өзгөрүүлөрдү жасайт деген чоң ишенимин билдиришти.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Султан Жумагулов: "Кыргыз кызык эл экенбиз"

58 жаштагы Султан Жумагулов буга чейин кыргыз коомчулугуна курч калемдүү журналист жана сатирик жазуучу, медиа эксперт катары белгилүү. "Журналистикага жол", "Кыргызча жашоо бормулалары" деген китептердин автору.

Кыргызстандагы бир катар басылмаларда эмгектенген.

1997-жылдан 2007-жылга чейин Би-Би-Си кыргыз кызматында иштеген. Андан кийин «Азаттык» радиосунда, КТРК жана ЭлТР телеканалдарында жетекчилик кызматты аркалады.

Сонку учурларда президенттик аппаратта кеңешчи болуп иштеп турган. (AbA)

Тектеш темалар