Байгесиз калбаган “Манастын” тасмалары

“Түрк дүйнөсү” даректүү фильмдер фестивалынын байгелерин тапшыруу учуру.
Image caption “Түрк дүйнөсү” даректүү фильмдер фестивалынын байгелерин тапшыруу учуру.

Кыргызстандык үч кино режиссердун тасмасы “Түрк дүйнөсү” даректүү фильмдер фестивалында байгелүү орунга жетти. Сыйлык жеңген режиссерлордун үчөө тең Кыргыз-түрк "Манас" университетинин мугалим, студенттери.

Аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү тарткан тасмалар буга чейин да эл аралык киносынактарда ондогон сыйлыктарга татыган.

Соңку ийгиликтер

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти Касиет Кубанычбек кызы өзүнүн “Оймок” тасмасы менен “Түрк дүйнөсү” даректүү фильмдер фестивалында биринчи орунга татыды. Ал тасманы дипломдук иши үчүн тарткандыктан мындай жеңиш күтүүсүз болгон.

“Бул менин дебюттук ишим. Фильмди өткөн жылы кыш мезгилинде Нарында тартканбыз. Тартуу процесси бир жумадай болгону менен монтаждоо дээрлик алты-жети айга созулду. Тасмада табият менен адамдын ортосундагы жылуу мамилени, атап айтканда, бүркүт менен адамдын достугу, бири-бирине таарынычы, кызганычы сыяктуу маселелерди көтөргөм. Башкы каарманым Аман Исмаилов, ал бала кезинен бери мүнүшкөрлүк кесипти аркалап келет”.

Image caption Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти Касиет Кубанычбек кызы.

Соңку кездери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери тарабынан тартылган бул сыяктуу даректүү тасмалар чоң ийгиликтерди жаратууда. Атап айтканда, буга чейин Стамбулда өткөн фестивалдын алкагында "Түрк дүйнөсүнүн өзгөчө сыйлыгы" жаш режиссер Адилет Каржоевдин "Сары ой" тасмасына ыйгарылган. Андан кийин ушул эле шаарда өткөн кыска метраждуу тасмалардын фестивалында Касиет Жолдошбекованын "Жалгыздык” тасмасы 1-орунду алган. Ал эми Иранда өткөн кино мелдеште манастык студенттин “Үй” аттуу тасмасы алдыңкы байгеге жеткен.

“Бул сыяктуу байгелерди санай берсе четтен чыгат. Алыс барбай акыркы сыйлыктар тууралуу сөз кыла турган болсок, онго жакын өлкөнүн жаш режиссерлору мелдешкен “Түрк дүйнөсү” даректүү фильмдер фестивалында биздин университеттин студенттери тарабынан тартылган “Оймок” жана “Капас” тасмалары биринчи, экинчи орунду ээледи. Бул өздөрү үчүн дагы, окуу жай үчүн дагы сыймык”, - дейт Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мугалими Стамбулбек Мамбеталиев.

"Манас" тасмаларынын ийгилик сыры

“Түрк дүйнөсү” даректүү фильмдер фестивалы экинчи ирет өтүп жатат. Бул жылы түрк тилдүү өлкөлөрдүн 85 даректүү тасмасы катышып, профессионалдар жана студенттер арасында эки багыттуу жыйынтык чыгарылган. Профессионалдар арасында экинчи орунду ээлеген “Бабалардан калган сөз” тасмасынын режиссеру Молдосейит Мамбетакуновдун айтымында, “Манас” университетинин студенттери тарабынан тартылган тасмаларды такшалган, адискөй мугалимдер тыкыр көзөмөлдөп турганы, көпчүлүк маани бербеген темалардын тандалышы, алардын жеңиши болуп саналат:

Image caption "Түрк дүйнөсү” даректүү фильмдер фестивалынын жеңүүчүлөрү.

“Биздин окуу жайда оператор, режиссерлорду даярдоо, даректүү фильмдерди мыкты тарткан адистерди даярдоо чындыгында жакшы деп айта алам. Бул кайсы бир деңгээлде тарбия берген мугалимдерден да көз каранды. Маселен, демократиянын алгачкы башталышында жакшы фильмдерди тарткан режиссер, Кыргыз эл артисти Манасбек Мусаев, Артык Суйундуков, Бекболот Абдраимов, Каныбек Өмүрбеков сыяктуу режиссер, операторлор сабак беришет. Студенттер дагы тырышчаак, окуйм, үйрөнөм деп турат”.

Студенттердин айтымында, даректүү тасма темаларын студент өзү таап, мугалимге сунуш кылат. Техникалык жагын университет толук каржылап берет, ал эми финансы маселесин ар ким өзү чечет. Талапка ылайык, документалдык фильмдер жогорку сапатта, 20 мүнөттөн ашпагандай тартылышы керек.