Чек ара кырдаалы азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратпайбы?

  • Азиза Марат кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Чек ара кырдаалы азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратпайбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Казакстандан кирген азык-түлүк баасы көтөрүлдү. Эки мамлекеттин экономикалык мамилеси жөнгө салынбаса, азык түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралбайбы? Өкмөт азырынча бардык азыктар жетиштүү дейт. Ал эми айрым саясатчылар азыктардын коруна карабай, келечек үчүн чараларды көрүш керек деген сунуш айтууда.

Кыргызстан Казакстандан импорттогон товарлар кыргыз базарында азайды. Көмүрдү алып келүүдө кыйынчылык болуп жатканын эксономика министри Артем Новиков билдирди. Бирок ал себеби азырынча белгисиз деди.

Кыргызстан Казакстандан мындан сырткары эң көп курулуш материалдарын, самын-сумун, азыктардан буудай, ун, май, маргарин, кондитердик азыктар жана шекер ташыйт.

Аты аталган азык-түлүктөрдүн азыр эле бир кыйла баасы өстү. Бирок өкмөт таңкыстык болбойт деп ишендирүүдө.

Кыргызстан Казакстандан же ал аркылуу кирчү товарларга чек койгон жок. Бирок Ишкерлер клубунун жыйынында белгисиз себептер менен ал тараптан кирген товарларды Кыргызстанга жеткирүү оор болуп жатканы айтылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Экономика боюнча эксперт Искендер Шаршеев эгер Кыргызстан Казакстанга барабар жооп кылам десе, алдыда жогоруда айтылган азыктар таңкыс болуп калышы мүмкүн деди.

“Азыр кыргыз тарап тең салмактуу жооп кылыш үчүн Казакстандын экспедитордук компанияларына бөгөт койгонун уга элекмин, бирок ага да барышы мүмкүн. Бул барабар жооп кайтаруу максатында”.

Ушул жылдын сегиз айында Кыргызстанга Казакстандан дээрлик 25 миллион долларлык буудай, үч миллион доллардан ашык суммага ун, алты миллион долларга маргарин, беш миллион долларга жакын суммага күнкарама майы келген. Үч миллион доллардан ашык акчага шоколад, үч миллионго жетпеген суммага нан азыктары кирген, дагы эки миллионго ар кандай кондитердик азыктар алынган. Бул маалыматтар Евразия экономикалык комиссиясынын эсептөөсүнө ылайык.

Азык-түлүк коопсуздугу сакталыш үчүн нан, сүт, шекер, май, картошка баш болгон тогуз азык белен болуш керек.

Кыргызстан бир жылда болжолдуу бир миллион тонна буудай керектесе, анын алтымыш пайызын өзү камсыздап, калганын Казакстан менен Орусиядан алып келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ал эми шекердин бир бөлүгүн да Казакстан менен Беларустан алып келсек, быйыл биринчи жолу Кыргызстан өзүн толук камсыздайт деп күтүлүп жатат.

“Кошой кант заводу кошумча иштей баштады. Быйыл кант кызылчасынын түшүмү да жакшы. Андан сырткары биз жумуртка, өсүмдүк майы жана буудайды импорттойбуз. Кыргызстан быйыл 660 миң тонна буудай алды. Ал эми январь-августтун эсеби боюнча Казакстан менен Орусиядан 230 миң тонна буудай келген. Буудай боюнча азык-түлүк коопсуздугуна эч кандай коркунуч болбойт”, - деди Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиева Би-Би-Сиге.

Азырынча Казакстандан же ал аркылуу кирген азыктар боюнча тартыштык сезиле элек. Ага карабай, мындай абалды алдын алыш үчүн Кыргызстан чараларды көрүш керек деген сунушун айтууда саясатчы, Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов. Ал анткени Евразия экономикалык биримдигинин эрежелеринен сырткары Кыргызстан өзүнүн кепилдиги үчүн бир нормалар зарыл экенин көрдүк дейт.

“Бүгүн же эртең болбосо дагы жарым жылдан кийинби, үч айдан кийинби биздин азык-түлүк коопсуздугубузга түздөн түз таасир этиши мүмкүн. Анткени чек арадан биздин айыл чарба продукцияларыбыз ары өтпөсө, биз ал жактан эгин алалбасак... Ошондуктан алдын алып, беш-алты айдан кийин ар кайсы ойду айтып, чарасын издеп отурбай азыр даярданышыбыз керек”.

Бирок өкмөт Кыргызстанды камсыз кылуу маселесине караганда ушу тапта кыргыз ишкерлеринин товарын экспорттоо, башка аларман өлкөнү табуу аракети менен убара. Анткени алар милиарддаган зыянга учурап жатат. Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев бүгүнкү Ишкерлер клубунун жыйынында мамлекеттин Евразия сотуна кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок ага чейин Евразия экономикалык комиссиясында суроо каралышы зарылдыгын айтты.

Кыргыз-казак чек арасында 10-октябрдан бери товарлардын өтүүсү оорлогон. Казакстан муну мыйзамсыздыкты тескөө деп билдирген.