Экстремисттер торуна караңгы мигранттар чалынат

Манхэттенде 31-октябрда болгон кандуу окуянын күнөөкөрү өзбек тектүү жаран болгону Борбор азиялык мигранттардын арасындагы радикалдашуу маселесин кайрадан талкууга койду.
Image caption Манхэттенде 31-октябрда болгон кандуу окуянын күнөөкөрү өзбек тектүү жаран болгону Борбор азиялык мигранттардын арасындагы радикалдашуу маселесин кайрадан талкууга койду.

Манхэттендеги терактка шектелип кармалган теги өзбекстандык жаран АКШга баргандан кийин радикалдашып кеткени айтылууда. Борбор Азиядан, анын ичинде Кыргызстандан мигрант болуп барган жарандардын бул жакта радикалдашып кетишине себеп болгон экстремисттик кандай азгырыктар бар?

Америкада алты жылдан бери окуп жана иштеп келаткан Айсулуу Манхэттенде сегиз кишинин өмүрүн алган каргашалуу окуяны тынчсыздануу менен кабыл алды. Ал терактка шектелип жаткан теги өзбекстандык жаранды айыптап, ал сыяктуу мигранттардын АКШга барып радикалдашуу коркунучун ал жактагы эркиндик менен байланыштырууда:

“Бизде көп нерсе ачык эмес. Мисалы, бир жыныстуу адамдардын мамиле куруусу адаттан тыш көрүнүш. Ал эми бул жакта ээн-эркин. Борбор Азиядан келген айрым жарандар бул жактагы ачыктыкты көрүп таң калышат. Мындай окуяларды көп күбө болуп отуруп динге ашыкча берилип кетишет”.

Image caption УКМКнын расмий маалыматына ылайык, ар кандай диний радикалдашкан топторго кошулуп, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын саны 600дөн ашат.

Манхэттенде 31-октябрда болгон кандуу окуянын күнөөкөрү өзбек тектүү жаран болгону Борбор азиялык мигранттардын арасындагы радикалдашуу маселесин кайрадан талкууга койду. Эксперттер Манхэттендеги чабуулду уюштурду деген шек менен кармалган Саипов башында анчейин динчил болбой, соңку жылдары гана АКШда жашап жүрүп радикалдашып кеткен деп жатышат. Буга анын Америкадагы дин тутуу эркиндигине ички дүйнөсүнүн даяр эместиги себеп болушу ыктымал.

“Ал жактагы байлык, эркиндик, мүмкүнчүлүктөр айрым мигранттарга терс таасир берет. Анткени жөнөкөй адам андай ийгиликтерге жете албайм деп ойлоп, айла кеткенде динге багыт алып кетет. Менин жакын эле таанышым бар болчу, башында биз сыяктуу эле динге сый мамиле кылчу. Америкада жүрүп такыр динге берилип, түшүнүктөрү башкача болуп калган. Өзүбүз таң калдык. Ал жакта динге берилген кыргыз балдар көбөйүп кетиптир, алардын дагы бири-бирине таасири чоң”, - дейт бир нече жыл АКШда жашап келген мурдагы депутат Равшан Жээнбеков.

Расмий маалыматтарга ылайык, АКШдагы кыргызстандыктардын саны беш миңдей. Ал эми бейрасмий алганда 20 миңден ашары айтылып келет. Алардын көпчүлүгү жогорку жана орто билимдүү болгону менен арасында мамлекеттик кызматтан тарта, кара жумушка чейин иштегендери бар. Ал жакка акча табууну, жакшы жашоону эңсеп барган мигранттарды тооруган негизги коркунуч катары түркүн диний топтордун азгырыктары айтылып келет. Билими жетпегендер оңой акча табуунун жолун издеп, ар кандай радикалдык уюмдарга кошулуп кетиши толук мүмкүн дейт УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары Артур Медетбеков:

“Чет өлкөгө барганда адам бир нерсени жакындары менен ой бөлүшүп, пикир алышып чечкенге мүмкүнчүлүгү болбойт. Ата-эне, бир тууган же достору көзөмөлдөбөйт. Дагы бир себеп, ал жакта ар бир кыймыл акча турат, жумушунан кыйналат. Ошентип отуруп жеңил жолго өтөт. Радикалдык топтор дагы дароо чакырбайт, акырындан байкап, акча сунуштап, ишке чакырып отуруп катарына кошуп алышат”.

Өткөн жылы Орусиядагы Санкт-Петербург метросундагы жардырууга шектелип, теги кыргызстандык Акрам жана Аброр Азимов аттуу бир туугандар кармалган. Акрам Азимов “эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн Орусияга кирүүсү үчүн жасалма документ жасоо менен алектенген" деп айыпталган.

УКМКнын расмий маалыматына ылайык, ар кандай диний радикалдашкан топторго кошулуп, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын саны 600дөн ашат. Алардын басымдуусу Сирияда болуп, соңку эсеп боюнча жетимиштейи жанкечтилик кылып окко учкан.

Террористтин улуту, чеги болбойт деген негизде учурда бардык өлкөлөр ар кандай жолдор аркылуу коопсуздугун сактоого аракет кылууда. Маселен, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү виза берүү жагын татаалдаштырып, катуу көзөмөл уюштурууда.

Соңку окуядан кийин АКШ президенти Дональд Трамп дагы мигранттарды текшерүү чараларын күчөтүүнү буюруп, кошмо штаттарда жашап жана эмгектенүүгө укук берген грин-карт лотереясын жокко чыгаруу керек деп чакырык таштады. Ал президент болгонго чейин эле мигранттардын бул өлкөгө киришин катуу тескерин айтып келген. Бул АКШда жашап жаткан жана ал жакка кетүүнү максат кылган кыргызстандыктар үчүн кедергесин тийгизери бышык.