Таласта президенттен кечирим суроону талап кылган митинг өттү

Таластагы митинг. Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Активисттер Талас облусундагы нааразылык акциясына 500гө чукул киши катышты деп айтууда.

Активисттер Талас облусундагы нааразылык акциясына 500гө чукул киши катышты деп айтууда.

Анда президент Атамбаевдин президенттик шайлоодон кийин Таластагы акцияга чыккандар тууралуу айткан сөзү үчүн кечирим суроону жана кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды тез арада чечүү талаптары болду деди акцияга катышкан активисттердин бири Айбек Мырза.

"Биздин эң негизги талап, президент буга чейин таластыктар тууралуу айткан сөзү үчүн кечирим сурашы керек. Өлкө башчыга бир жума убакыт берилген болчу, ошол убакыт бүгүн бүттү. Мындан сырткары, бийлик казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды тез аранын ичинде чечүүсүн жана Бишкекте жалпы элдик курултай уюштуруп берүүсүн талап кылабыз. Жогору жактагылар көңүл бурмайын нааразылык акциясы улана берет", - дейт активист.

Президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов Таласта өткөн нааразылык акциясы тууралуу Би-Би-Сиге комментарий берип, өлкө башчы митингге чыккандардан кечирим сурабайт деди:

"Президент Таласта митингге чыккандардан кечирим сурабайт. Мурда дагы айткам, бул Өмүрбек Бабановдун жактоочуларынын митинги. Мурдагы Таластын губернатору Дастан Кенекеев эл менен жолукканда "Манас" эпосунан үзүндү окуп берейин дегенде, ышкырып окутпай коюшкан. Өлкө башчы ошолор тууралуу айткан. Бабановчулар сөз нугун башка жакка бурбай, элди козутпай, мындан туура жыйынтык чыгарышы керек".

Нааразылык акциясына чыккандар менен өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жолугуп, чек ара маселеси чечүүгө бийлик болгон аракетин көрүп жатканын айтып, элди тынч тарап кетүүгө чакырган.

Эске сала кетсек, 18-октябрда Алмазбек Атамбаев ЖОЖдордогу алдыңкы студенттер менен болгон жолугушуу учурунда, президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциясына чыккан Таластагы митингчилердин тууралуу сын-пикир айткан эле.

Көп өтпөй Таласта кайрадан митинг өтүп, президенттин айткандарына нааразы болушуп, кечирим суроону талап кылышты.

Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо алдында 8-октябрда мамлекеттик сыйлык тапшырып жатып, казак бийлигине сын айткан эле. Кийин казак тарап чек арасындагы текшерүүлөрдү күчөтүп, кыргыз тараптан барган оор жүк тарткан унаалардын өтүшү кыйындады. Казак тарап бул аракетин чек арадан мыйзамсыз өткөн аткезчиликти жана башка мыйзам бузууларды ооздуктоо экенин жүйө келтирип жатат.

Тектеш темалар