КМШ жыйыны: кыргыз-казак премьерлери бир-бирине доомат койду

Исаков Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Ташкентте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы абалды сынга алды.

Исаковдун айтымында, Кыргызстан милдеттенмелерин аткарып жатканына карабастан, КМШ аймагында эркин соодага бут тосуулар болуп жатат.

Ал Казакстандын иш-аракети интеграциялашууга каршы келээрин баса белгиледи.

"Кыргызстан менен Казакстан жарандарынын эркин өтүүсү боюнча келишимдерине, КМШда эркин товар жүгүртүү мейкиндиги боюнча, Евразия биримдиги тууралуу милдеттенмелерге, ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмунун тарифтер боюнча башкы келишимдерине карабай, казак тарап өзүнүн транзиттик артыкчылыгынан пайдаланып, 10-октябрдан бери кыргызстандык жана чет жердик жүк ташуучу унааларга жасалма тоскоолдук жаратууда".

Исаков кыргыз-казак чек арасында кезекте 500-600 жүк ташуучу унаа тизилип турганын, ар бир унаа беш күн кармалып жатканын билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Кыргыз премьер-министри Сапар Исаков менен казак премьери Астанада 18-октябрда жолугушкан

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев болсо Кыргызстан салык боюнча мыйзамдарын так аткарбай жатканын билдирди.

"КРнын салык боюнча мыйзамдарын жөнгө салуу зарыл. Биз бир гана өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргоп жаткан жокпуз, биз ЕАЭБ кызыкчылыгын коргоп жатабыз. Биз ветеринардык, фитосанитардык жана бажы көзөмөл боюнча маселеде диалогго даярбыз, туруктуу, өнүккөн биримдик түзүүгө умтулабыз", -деди Бакытжан Сагинтаев.

Ереванда 25-октябрда өкмөттөр аралык кеңешменин алкагында эки өлкөнүн премьер-министрлери чек ара маселесин чечиши мүмкүн деп күтүлгөн. Бирок ал тескери таасир бергендей болду. Казакстан чек ара маселесин чечүү боюнча жол картасына кол койгон жок.

Аны эки өкмөт башчы Астанадагы жолугушууда иштеп чыгууну макулдашкан. Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жөө жүргүнчүлөр менен жеңил унаалардын өтүүсү мүмкүн болду.

Кыргыз-казак чек арасынан өтүү 10-октябрдан бери оорлоду. Казак тарап өзүнүн максаты катары аткезчиликти жана башка мыйзам бузууну ооздуктоо экенин айтып келет.