Кыргыз-казак чек арасында жылыш жок

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын узундугу дээрлик 13 чакырым. 03.11.2017
Image caption Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын узундугу дээрлик 13 чакырым. 03.11.2017

Кыргыз-казак чек арасындагы абал жеңилдеген жок. Ташкенттеги жолугушууда эки тараптын премьерлери бул маселе боюнча бири-бирин айыпташты. Ал тапта темир жолдо да көзөмөл күчөгөнү кабарланды.

КМШнын өкмөт башчыларынын Ташкенттеги саммитинде Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков чек арадагы абалдан кабар берди. Ал Казкстандын иш-аракети интеграциялашууга каршы келерин баса белгиледи.

“Кыргызстан менен Казакстандын жарандардын эркин өтүүсү боюнча келишимдерине, КМШда эркин товар жүгүртүү мейкиндиги боюнча, Евразия биримдиги тууралуу милдеттенмелерге, ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмунун тарифтер боюнча башкы келишимине карабай, казак тарап өзүнүн транзиттик артыкчылыгынан пайдаланып, 10-октябрдан бери Кыргызстандын жана чет жердин жүк ташуучу унааларына жасалма тоскоолдук жаратууда”.

Исаковдун айтымында, кезекте 500-600 жүк ташуучу унаа тизилип калууда. Ар бир машина чек арадан беш суткада өтүп жатат.

Ал Казакстан чек арадагы көзөмөлдү күчөткөн себебин ар кандай айтып, Кыргызстанды аткезчиликке чейин айыптоого жетти деди. Исаков жүктүн 20 пайызы Кыргызстанда өндүрүлгөн жашылча-жемиш, көпчүлүгү Орусияга транзит менен бараткан товар болсо, кайдан аткез товар болмок деди.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption КМШнын өкмөт башчыларынын Ташкенттеги саммитинде Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы маселе тууралуу айтты

Казак премьери Бакытжан Сагинтаев жооп берип, “билдирүүлөр туура эмес, позициябыз ЕАЭБдин нормаларына толугу менен дал келет” деди. Сагинтаев Кыргызстандын салык башкаруусун шайкеш келтириш керек экенине токтолуп, ветеринардык, фитосанитардык жана бажы көзөмөлү боюнча диалогго Казакстан даяр экенин айтты.

Ушул жыйында орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев маселе чечилет деп үмүттөнөм деген оюн кыстара кетти.

Ал тапта 24 күндөн бери өтүү оорлогон чек арада жүк ташуучу унаалар үчүн күтүүдөн башка чара табыла элек. Иван аттуу айдоочу абалга көнүп деле калгандай.

“Төрт суткадан бери турам. Бир суткада эки чакырым жылып атабыз. Кеминде дагы бир суткада өтөм. Бүгүн кезектеги жүк ташуучу машиналардын узундугу болжолдуу 13 чакырымга жетти. Ушул жерден тамактанып жатабыз, жакшы элебиз”, - деди “Кара-Суу” өткөрмө бекетинде турган айдоочу.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев Кыргызстандын айыптоолорун четке какты

Жүк ташуучу фирманын жетекчиси Бакыт кардарлар кымбат бааны сунуштаганына карабай бузула турган азыктарды ташыбай жатышканын айтты. Ал ошондой эле Казакстан менен Россиянын чек арасынан өтүү эки күндөн бери оор болуп, убара тартышканын баса белгиледи:

“Кыргыз-казак чек арасында биздин бир канча машинабыз турат. Бири бир суткадан бери, экинчиси 2-3 же төрт суткадан бери күтүүдө. Бузулчу товарларды такыр албай калдык. Азыр негизинен Кыргызстанда тигилген кийим-кече менен Европага кете турган “Кумтөрдүн” жүктөрү бар. Казакстан менен Россиянын чек арасында да өтүш оорлоду, себеби белгисиз. Эки күн мурда бир унаабыз Казакстан тараптан Кайрак деп айтылган жерден өтө албай, бир күн күтүп, аягында 400 чакырым айланып, Екатеринбургга башка жактан кетти”.

Сапар Исаков дагы үчүнчү өлкөнүн товарлары да өтө албай, керек болсо темир жолдо көзөмөл күчөгөнүн билдирди.

Казакстандык компания иштеткен Жалал-Абаддагы Бозумчак жез жана алтын кени жабылганы айтылууда, азырынча себеби белгисиз.

Ал арада бүгүн Казакстандын Бишкектеги элчилиги алдында митинг өтүп, уюштуруучусу укук коргоочу Турсунбек Акун ЕАЭБден чыгуу талабын айтууда. Элчиликтин өкүлдөрү митингдин катышуучуларына Казакстан эмне үчүн жүктү катуу көзөмөлдөп жатканын түшүндүргөн баракчаларды тараткан.

Өткөн аптада ушул жерде өткөн пикеттен кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандардын абал боюнча туура маалыматы жок экен деген.

Кыргыз-Казак чек арасынан өтүү 10-октябардан бери оорлоп, ушу тапта жөө жүргүнчүлөр менен жеңил машиналар өтүүдө. Жүк ташуучу унаалар жай коё берилип жатат.

Тектеш темалар